Азис Абакиров: «Мындан ары биз Президент Жээнбековго ишенбейбиз!»

01:55, 19 Апреля 2019

Кыргызстандын Президентине караштуу Санариптик Трансформация маселелери боюнча Эксперттик Кеңештин мүчөсү Азис Абакиров Кыргызстандын Президентине бидирүү жазды.

Текстти толугу менен жарыялайбыз.

«Урматтуу Президент, укук коргоо органдары тарабынан жоромолонгон коррупция фактыларына айыпталып,  Сиздин тынч макулдугуңуз  менен КР Президентине караштуу Эксперттик Кеңештин мүчөсү Талант Абдуллаевдин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин кармалышы мени бул билдирүүнү жасоого мажбурлайт:

1) Биз жарандардын укуктары орой бузулуп жаткандыгын көрүп жатабыз! Келишимге кол коюла электе сатып алуучу тарапка карата жасалган ар бир иш-аракет басым катары көрсөтүлөт деп белгиленген мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын ченемдери орой бузулду. Азыр биз укук коргоочу органдары жана жана соттук система тендердин бир катышуучунун кызыкчылыктарын колдоп жаткандыгын көрүп жатабыз! Сынак аяктаганга чейин эле жана келишим бекитилгенге чейин кылмыш ишинин козголушу тарыхта биринчи жолу болуп жатат!

2) УКМКнын акыркы пресс-релизинде эң заманбап жабдуулары менен өндүрүшү жана бай тарыхы бар эл аралык ишкананын тендрге катышууга арызы артка кайтайтарылгандыгы тууралуу айтылат. Бул эмне дегендик?! Бул УКМК ошол ишканага барып, анын жабдууларын жана өнүүгүү тарыхын көрүп келгендигин түшүндүрөбү? Качантан бери атайын кызматтар IT жана алардын тендерлерине кийлигишип калды эле?

3) Биздин мамлекеттин IT инфраструктурасын жасап, өнүгүшүнө зор салым кошкон жаш адистерибиз процессти такай көзөмөлдөп турган чоңдордун жеке паркорлук кызыкчылыктарынан жапа чегип келишет!

Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфакомдун» жетекчиси жана КР Президентине караштуу санариптик трансформациялоо маселелери боюнча  Эксперттик кеңештин мүчөсү маалыматтык технологияр тармагында кадыр барктуу кесипкөй адис.

Дал ушул адамдын жетекчилиги алдында өлкөдө биометрика, электрондук шайлоо, электрондук сатып алуу, онлайн казначылык, ачык бюджет, коопсуз шаар жана башкалар ишке кирген. Азыркы күндө баардыгы иштеп жатат жана өлкөдөгү IT тармагына байланышкан долбоорлор анын жана анын командасынын ишинин жыйынтыгы.

Тилекке каршы, Талант эми сиздердин катарыңызда эмес, урматтуу Президент. Жана, мен дагы бул башаламандыкка макул эместигимди билдирүү менен, КР Президентине караштуу санартиптик трансформация маселелери боюнча Эксперттик кеңештин курамынан чыгып жатам. Биз үчүн ар бир программист, ар бир IT адиси маанилүү!

Сизге, урматтуу Президент, Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртүү боюнча чоң жана тарыхый жоопкерчилик жүктөлгөн жана биз сизге жардам берүүгө даяр элек. Келечектеги жакшы өзгөрүүлөр тууралуу кыялданып коюп, агым менен агып кете берген болбойт. Өзгөрүүлөр ушул күнү жана ушул жерде болушу керек эле! Кыргызстандын санариптештирилиши чоң суроонун алдында калды! Биз сиз менен макул эмеспиз, урматтуу Президент! Мындан ары биз сизге ишенбейбиз!

Азис Абакиров 18.04.2018 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине