Кыргызча исламдаштыруу: биз жана алар.

23:28, 12 Октября 2014

Кыргызстандагы коомду исламдаштыруу акыркы жылдарда өөрчүп бараткандай. Көчөлөрдө мусулман кийимчен адамдар улам көбөйүп, ар бир кварталда кезектеги мечит салынып жатат. Социалдык тармактарда  намаз окууга чакырган жана исламдын башка атрибуттары чагылдырылган контенттүү сүрөттөр популярдуу боло баштады. Айрымдарга бул көрүнүш  мамлекеттин келечеги үчүн коркунуч жаратууда, а башкалар бул процесстен ырахат алып, бүтүндөй бир клан болуп активдүү мусулмандарга айланууда. 

Мамлекеттеги дин секторунда эмне болуп жаткандыгын – эч ким так билбейт жана айта албайт. Болгону ар кайсы бурчтан  чочулап  шыбырашкан гана кептерди угасың:  «Пакистандан экстремисттикти өнүктүрүү үчүн миллиондогон долларларды которуп жатышыптыр», «Исламды окутуп жаткан мектептердин бардыгы, жихадчыларды даярдоо жана баңги заттарды өткөрүүнүн жашырын  пункттары экен», «ЖКнын бир динчил депутаты өлкөнү исламдаштырууга байланыштуу  укмуштуу идеяларды ишке ашыруу  үчүн  араб мамлекеттердин биринен ар дайым каржылоо алып турат экен».

Мага азыр мунун баарынан бир гане нерсе түшүнүктүү:  мамлекет калкты исламдаштыруунун башаламан  жагдайын кандайдыр бир белгисиз себептер менен өз алдынча таштап койду. Атайылаппы же өзүнөн өзүбү, бирок ал, «Калктын репродуктивдүү ден-соолугу туурасындагы мыйзамдарда «сексуалдуу» деген сөздү колдонуу туура болобу, бул Куран боюнча адепсиздик болуп калбайбы?» деген сыяктуу «глобалдуу»  маселелер чечиле турган  Акүйдүн тосмосунун ары жагында камалып калгандай.  Светтик өлкөдө (азыр, Конституцияга ылайык,  биз ушундай өлкө болуп саналабыз) шектүү мечиттердин саны жалпы билим берүүчү мектептердин санынан  көп болуп жаткан учурда жана республикада сабатсыз жарандар көбөйүп жатканда, биз кайсы багытта бара жатабыз, он жылдан кийин  жер жүзүндө кандай муун жашайт деген жүрөк өйүгөн күмөн саноолор кыйнап жатканы бекеринен эмес.

Кайсы гана соцтармактарга кирбе, сөзсүз түрдө виртулдауу псевдомолдолорго  туш болосуң, алар араб сөздөрүн кошуу менен  бардыгын үйрөткөндү жакшы көрүшөт. Кызык, качантан бери кыргыздар исламдан сабаттуу болуп кетишти эле? Аларга  боенгон кыргыз кызы жакпайт, жеңи чолок кийинген кыздар жакпайт, аларды хиджаб кийип, денесин жаппайт деп сындашат, күн сайын беш маал намаз окубайт деп нааразы. Сөзсүз түрдө комментарийлерде жалпы аялдарды «ыйманга чакырган бир колдонуучу табылат: «Биздин кыздарыбыз өзүнүн ачык кийингени менен кыргыз жигиттеринин намысына тийип, жалпы эле кыргыз элинин абийирин тебелеп жатышат, аларды туура жүрүм-турумга үйрөтүү керек!» (Анан калса, бул  акыл үйрөтүүлөрдүн бардыгы аял колдонуучуларга багытталган.) Менин оюмча, баарына Фейсбуктагы ушуга окшогон чакырыктар тааныш болсо керек. Көптөгөн динге ишенүүчүлөрдүн ою боюнча, ар бир кыргыз  мусулман болуп саналат, эгер сен бир эле каршы сөз айтууга аракет кылсаң, анда тиги дүйнөдө тозок отуна  күйөсүң деп коркутуп башташат. Буга окшогон комментарийлер алардын көз карашын бөлүшпөгөндөрдүн кыжырын келтирет. Эки тараптын ортосунда агрессия башталат, «светтик» колдонуучулар динчилдерди адептүүлүк сезимдерине чакырууга аракет кылышат, ар бир адамдын динге ишенүүдөгү жеке тандоосун сыйлоого чакырышат, ал эми өзүн молдо деп атап алгандар баштарын чайкашып, алар таптакыр туура эмес айтып жатышкандыктарын, бир күнү аларга да кудайым ыйман берсе, түшүнүү келээрин айтышат.

Айрым саясатчылар  бир аз убакыттан бери өздөрүнүн мусулмандык кызыкчылыгын коргоо максатында  «светтик экстремисттик» деген терминди көп колдонуп башташты – динге ишенбегендер ишенгендерди опузалашат, ал эми окуу жайларга кыздарды хиджаб кийгендерге тыюу салгандарды, түрмөгө отургузуу керек. Эгер алардын сөзүндө чындыктын учкуну болбогондо, бардыгы куру сөз болмок. Тилекке каршы,  «светтик» жарандар динге ишенгендерди ар тараптан сындап жана алардын жүрүш-турушунан исламдын канонуна туура келбеген жактарын  издөө менен, өздөрү да күнөөгө батып жатышат. «Ой, чулганган кыздар деле кылбаган ишти кылып жатышат, мына, никесиз боюна кылып, бойдон алдырганы кезекте турушат. Мен өз көзүм менен көрдүм, хиджаб кийген кыз бир жигит менен жетелешип кетип баратыптыр, эмне гана кылган жок!» - деп айтып жаткандарды көп угам. Мен ушул туурасында көп ойлоном – эгер өз каалооң менен болбосо, ата-энеңдин кыйноосу менен гана кийип жатсаң, хиджаб кийүүнүн мааниси барбы?  Андан кийин жигиттин алдында отурганыңды көчөдөн көрүшөт, мына ушундан улам түшүнбөстүк жаралат: мусулмандын жүрүш-турушу үчүн мисал ушулбу? Мүмкүн, «светтик» жарандар динге ишенгендердин жүрүш-турушунан атайын кемтик издеп жатышкандыр, алар ушуну менен өздөрүнүн күнөөсүн, өздөрүнүн жашоо образын актагысы келип жаткандыр? 

Мындай талкуулар исламдын маанисин билбегендиктен келип чыгып жатат болушу керек. Чынымды айтайын, бул динди кабыл алууда мен да чаташып калдым. кыргызча ислам – ал арабдардыкындай эмес, ал түрктөрдүкүндөй да эмес, жана ал Түштүк-Чыгыш Азиянын жашоочуларыныкындай да эмес. Биздин ислам кээде, башка өлкөлөрдө өлүм жазасына тарта турган, Куран мыйзамдары боюнча жазалануучу  көп күнөөлөргө көзүн жуумп коет. Анда «кыргыз исламы» кандай болушу керек? Динге ишенгендердин көпчүлүгү  кечээ эле аракты чакалап ичип, мал уурдап жүргөн молдо чалыштардан чындыктан алыс түшүнүк алгандыгын билип эле турам.  Сен жергиликтүү молдодон сертификат же аккредитация талап кылбайсың да!  Ал кайдан чыкты жана исламды кайдан окуп үйрөндү – жалгыз Аллах билет. Ошондой эле көптөгөн  «светтик» жарандар ислам туурасында түшүнүктөрү аз жана динге ишенген адамдар туурасында үстүртөн гана талкуулашат.

Мунун баарын карап  чыгып, менде, Кыргызстандын коомчулугу, чындыгында, дин маселесинде эки бөлүккө  бөлүнгөнбү деген ой келет – «бизге» жана «аларга».  Тараптардын бири дагы  ошол эле толеранттуулукту көргөзгүлөрү келишпейт, ар ким  өз чындыгын далилдегиси келет, жана экинчисине: «Сен жетишээрлик акылдуу эмессиң»  дегиси келет.  

Бул маселеде кимиси  «акылдуураак», талашуу пайдасыз. Болгону, исламдаштырууда биз өзүбүздүн туура жолубузду таба алабызбы, ошону түшүнгүн келет, анткени Ал кадандын убагынан  кийин, биздин мамлекетте да бул сөзсүз болоору далилденген.  Мындан ары да жаш, күчтүү жаштарыбыз  шектүү маалыматтарга толуп,  Сирияга жихадын уланта беришеби же биз, акыры көчөдөгү сакалчан адамдарга коркунуч менен карабай, мамлекетибизде  бул процесстин бардыгын көзөмөлдөй турган органдын бар экендигине ишенип жашайбызбы?  Булар албетте,  акылсыз жана өтө ишенчээк суроолор. Дагы эле, бул кыймылдардын,  биздин аймакта эркин куралданып жүргөн экстремисттик уюмдар туурасындагы имиштердин  жана эл алдындагы саясатчылардын сөзүнүн  көшөгөсүнүн артында эмне болуп жаткандыгын мен билбейм. Болгону, бир кезде светтик болгон, бирок азыр исламчылардын кыйноосунун алдында орто кылым түзүлүшүндөгү коомго айланып бара жаткандардын тагдырын кайталабайбыз деген ишенимдүүлүк жана корголгон сезимге ээ болгум келет. 

Алия Суранова, колумнист, атайын  "Жаңы жүздөр" үчүн 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине