Мугалим сыры

12:06, 21 Августа 2014

Мугалим сыры

Бардыгы тез эле өтүп кетти: октябрят болгон бейкапар балалык, суктандырган пионердик күндөр, романтикалуу жаштык. Андан ары болсо...

Союздун урашы, кайра куруу, аткарылбаган милдеттемелер. Биздин тарбияга негизделген билим, аң-сезим жана дүйнө таануубуз жокко чыгарылды! Теңдик, тууганчылык баалуулуктарбыз жерде тебеленди. Лениндин: «Окуу, окуу жана окуу!» деген чакырыктары: «Акчаны акча жасайт!» дегенге алмаштырылды.

«Биз эң жакшы, эң эркин өлкөдө жашайбыз» деген ойго болгон ишеничибиз талкаланды!
Биз жалгыз туура багыт менен бара жатабыз, Улуу Мекенибиздин чек-аралары бекем коргологон жана алдыда бизди жарык, кең келечек күтүп турат деген оюбуз кыйрады!

Биздин ишеничибизди, үмүтүбүздү тартып алышып, ордуна эмне беришти?

Көз карандысыздык, эгемендүүлүк жарыяланды. Бирок, белчебизден карызга батып турсак кайдагы көз карандысыздык болушу мүмкүн? Биз барынан көз карандыбыз! Экономикабыз кыйрады, эки революцияны башыбыздан кечирдик... Тышкы карыздар...

Барынан коркунучтуусу – келечекте үмүттүн шооласы көрүнбөйт. Туңгуюк! Качып, кутулгуң келет!

Мен ал кезде Кыргыз Улуттук Консерваториясынын Биздин жакшынакай адистер, еврей, немис, орус мугалимдер кетип калышты. Өзүнүн тарыхий мекенине кайтышты. Искусство тармагындагылар гана эмес, алардын арасында башкалары да бар.

Ошентип биз базар менен гана калдык... Эптеп жашаш керек элек... Маңыроо кишидей араң-жан күн көрүүгө мажбур болдук...

«Эгер мен макул болуп, ал сөзгө жетеленсем ошондой эле кылмакмын. Бирок, жеке жашоомду чукул бурулушка кайрый албадым.Үчүнчү курстан ЖОЖду таштай албай, Консерваторияны акырына чейин окуп, аяктадым. Мага анын баасы канчалыкка турду Жеке мага жана өлкөнүн бары үчүн болгон ошол кыйын учур- менин жашоомдогу жакшы көз ирмемге, жалгыз кыздуу болгонума туш келди. Окуудан тыныгуу алып, туугандарымдын мойнуда отурганга мажбурмун. Дал ошол мезгилде жолдошума жана анын ата-энесине бир нече айлап маянасын бербей, дүкөндөрдүн текчелери бош болуп, «карта системасын» киргизишти... Анткен менен ошол заманда мен үчүн жашоонун маңызы да бар эле- мен кыздуу болгом! Демек, кичинекей чүрпөмдү чоңойтуп, татыктуу тарбия бериш үчүн бутуман туруш керек эле!

Натыйжада, Консерваторияны ийгиликтүү аяктап, фортепиано мугалими, концертмейстер, камералык ансамблдин артисти деген дипломду колума алдым.Азыркыга чейин залдагы роялга отуруп, мамэкзамендин программасын ойнош керек болуп, мен бир да нота эсимде жок болгон коркунучтуу түштөр кирет! «Эмнеге ошондо окуумду бүтүрүп алган жокмун, азыр эми эч нерсе ойной албайм»?! деген үрөйдү учурган, тиш оорудай кыйнаган ойлор пайда болгон. Муздак тер басып ойгонгондо ал болгону түш экенин түшүнөп калам...

Дипломду алаар замат, салтка бай, муундан-муунга берилип келе жаткан, кыйын деп саналган Петр Феодорович Шубин атындагы музыкалык балдар мектебине жумушка орноштум. Совет учурунда бул мектепте иштөө чоң сыймык болчу. Азыр да ал жерде белгилүү саясатчылардын, интеллигенциянын, мамлекеттик кызматкерлердин жана бизнесмендердин балдары окушат. Балким бирөө: «кара жумуш эмес турбайбы...» деп айтышы мүмкүн, бирок иш жүзүндө бары башкача.Негизги концертмейстер мугалим ишиме киришээрден мурда музыкалык класстардын бир кабатын жууп чыкканга туура келди. Тартип ошондой экен. Августтан сентябрга чейинки убакыт «кырып-жышмай», тазалап, сүртүү менен өттү. Мугалимдердин көпчүлүгү башында мени жыйнагыч деп да ойлоп жүрүштү.

Андан соң окуу жылы башталды. Психологияны терең билүүнү, жогорку чеберчиликти, чыгармачылыкты талап кылган татаал жумуш... Ал эми маяна болсо өтө төмөн... Акчаны оокатка жеткириш үчүн дагы эки жерге ишке орношууга туура келди...

Мен азыркы күнгө чейин 2-3 жерде иштейм. Жумуштан кийин музыкадан жеке сабак берем. Көтөрө алгыс жүктү мойнума илип алганым үчүн Эрежеге ылайык келбесе дагы мектепте мен дайыма 3 кишинин ордуна иштечүмүн. Жумасына 6 күн иштеп, экзамен маалында дем-алыш күндөрү да иштеп калгам. Мен иштеген класстын маңдайындагы үйдүн кирпич дубалы бар эле, кээде ошол муңдуу дубалды карап өзүмдү түрмөдөгү кишидей элестетип, жашоомдун жарыгы жоктой көрүнчү.

Бирок, кээде экзаменден же концерттен кийин кесиптештерим жакшы ойногондугу үчүн окуучуларымды мактап, тарбиялануучуларымдын ата-энелери ыраазычылык сөздөрүн айтып гүл берген учурлар да кездешчү. Көптөгөн гүлдөр... Анын бары кыйынчылыктарды, чарчаганымды бир заматта жууп салчу.

Эң негизгиси - балдардын ыраазычылыкка, сыймыкка жана кубанчыка бөлөнгөн көздөрү. Мен ойлойм, балдар менен байланышта болуу өзүнчө терапия, кайгы-муңдун, жана күнүмдүк кыйынчылыктардын табылгыс дарысы. Балдар сөзссүз кичине кездегидей бооруң эзилип күлгүдөй бир нерсени айта салышат. Алардын таасиринен өзүңдү сарт-санаасыз жана бактылуу адам сезесиң.

Балдар менен иштеш үчүн өз ишиңдин чебери болуу жетишсиз. Мугалим, анан дагы психолог болушуң керек. Мисалы, мен көп жылдык тажрыйбам менен ата-энесин көрбөй туруп эле бала кандай үй-бүлөдө тарбияланганын айтып бере алам. Атасы барбы же апасынын эле колунда өстүбү, эже-карындаш, ага-инилери барбы же жалгыз өстүбү дегендей. Ага керектүү көңүл бурулуп жатабы жокпу, мээрим жетиштүүбү же өзүн жалгыз сезеби, чоң жашоого кирүүгө даярбы, даяр эмес экенин аныктаганга мүмкүнчүлүгүм жетет.

Музыка мугалими- жөнөкөй мугалим болуудан да татаалыраак нерсе. Ал баланын жол көрсөтүүчүсү, улуу досу. Мугалимдин окуучусун концертке даярдап жатканына байкоо жүргүзүү абдан кызык. Бала эч нерсеге алагды болбос үчүн четке жетелеп барып ага айткан ар бир түшүндүрмөсү, берген билими аң сезимине жеткидей кылып күүгө келтирүүсү бир башкача. Айтмакчы, туура күүгө келтирүү- концертте ийгилик жаратуусуна чоң өбөлгө түзөт.

Менин бир окуучум, сахнага чыккандагы коркунучтан улам өзүн жоготуп, денеси титиреп кетээрин айтып берген. Ири залдын сахнасына чыгып мамлекеттик экзамен тапшыраар маалында мага чоң даярдоочу ишти аткарууга туура келди. Ошондо өзүмчө психотерапевт да болгом.

Биздин республикадагы музыкалык билим, дүйнө жүзүндөгү эң кыйын деп саналган советтик музыка билимине негизделген. Анын башаты М.И Глинка, бир туугандар Рубинштейн, Гнесиндер жана башка музыканттар негидеген орус музыкалык билими.

Совет учурундагы музыкалык мектептердин бүтүрүүчүлөрү окууларын музыкалык орто окуу жайында, андан кийин Консерваторияда улантып, чебер музыкант, мугалим, концертмейстер, оркестрант болушкан.

Азыркы мезгилде, музыкалык мектепти аяктагандардын арасынан окуусун уланткандар өтө сейрек кездешет. Музыканттык кесип көп бааланбайт, ошол эле учурда музыкант болуш үчүн көп энергия жана убакыт талап кылынаарын айтып койгон оң. Ал үчүн музыкага жашооңду арнашың керек.

Тилекке каршы, «өзүң үчүн гана» музыка менен алектенүү жагы формалдуулуктун туу чокусуна жетти. Мисалы, мен фортепианодо ойноону компютердик программанын жардамы менен үйрөнүүнү такыр түшүнө албайм. Ноталарды билбестен, кантип кеңкелестенип клавиатураны баскылай берсе болот?! Менин түшүнүгүмдө Балдары чарчап-чалыканча аракет кылуусунан корккон ата-энелерге таң калам. Мен дайыма окуучуларымдын ата-энелерине дагы кыйынчылыктар болуш керектигин, ошол кыйынчылыктарды жеңгенде гана бала өз алдынча адам болооруна ишендирип келем.

Балага «колуңду тийгизгенге болбойт» деген америкалаштырылган билим берүү системасына каршымын. Биздин методика боюнча жаңыдан жууруп жасап жаткандай эле аспапка көндүрүүдө да баланын колун миң жолу тууралашың керек! Ар бир манжасын тууралап коюуу керек. Муундарын, акырегин, ийинин бошотосуң. Бүткөндөн кийин добуш чыгаруу үстүндө иштейсиң.

Анан гана эң кыйыны башталат. Музыкада иштөө- чыгарманын түзүлүшүндөгү композитор камтыган чыгармачыл образды түшүнүү. Бул түгөнгүс процесс!

Бирок, менин оюмча биздин жумушта башкысы окуучу менен байланыш түзүү. Анткени, биз, мугалимдер эң эле назик зат деп саналган баланын ички дүйнөсү менен иштейбиз. Андыктан, зергердей этияттык менен мамиле кылуу зарыл. Баланын ички дүйнөсүнө доо кетирүүгө болбойт, бирок ага жетеленме болуу да туура эмес. Ошондой эле барыбыз жалпы ишти кылып жатканыбызды туура түшүндүрүп, окуучунун ата-энесинин да колдоосуна ээ болуубуз керек.

Окуу системасынын татаалдыгына карабастан, музыка менен алектенүүнү каалагандардын саны төмөндөгөн жок. Жыл сайын биздин мектепке кабыл алуунун саны өсүүдө. Ар мезгилде ата-энелер балдарына арасында музыкалык бар болгон жакшы билим, берүүгө аракеттенип келген. Бул албетте кубанаарлык иш.

Совет учурунда биздин республикадагы музыкалык маданият татыктуу өнүгүүгө ээ болду. Максатбыз, ошол совет жылдары алган деңгээлди жоготпоо. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында музыкалык билим кымбат деп саналат. А бизде болсо ал бардык катмарга эшик ачык.

Биздин музыкалык мектептерде совет учурунда чыйралган, ишине чыныгы берилгендер иштейт. Азыркы жаштар тилекке каршы оор, чыдамкайлыкты талап кылган, аз акы төлөнүүчү мугалимдик кесипке көп умтулбайт. Бизге эч ким пара бербегендиктен жана биз көп акча менен шугулданбагандыктан бул кесип бааланбай турат. Көпчүлүк учурда музыка мугалимдеринин жеке жашоосу материалдык жагынан тийиштүү деңгээлге жетпейт. Кээде өззүбүзчө: «Мугалимдердин келбеттүү көрүнүшүнүн сыры – биздин айлыкка семире албагандыкта», деп тамашалашып калабыз. Айрымдар бизди алсыздар, жолу жоктор дешет.

Аларга каяша айтканда эмне? Менимче биз, мугалимдер адал, кудайга жаккан иш кылып жүрөбүз. Бала менен, анын ички дүйнөсү менен байланышуудан өткөн нерсе жок болсо керек. Аларды жакшылыкка үндөп, музыка дүйнөсүнө жол салып берүү керемет.

20 жылдык тажрыйбасы бар музыка мугалими Айша Маратовна 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине