Малика Арстанбекова, мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жубайы: «Матраимовду эми Антикоррупциялык кызматтын жетекчиси кылып дайындоо эле калды»

20:10, 3 Мая 2019

Адилеттүүлүктүн орношуна болгон үмүттү Раим Мартраимовдун Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымынын көбүнүн, төрага Дастан Жумабеков баштаган жана биринчи вице-премьер министр Боронов коштогондордун айланасында түшкөн кечээги сүрөтү жоготту.

Менин түшүнүгүмдө, жолдошум ЖЭБ үчүн эмес, президенттин «сүймөнчүгүнө» каршы чыгып, бажы кызматын Матраимовдон тазалагысы келгендиги үчүн соттолуп отурат. Сапар ага инаугурация күнү Сооронбай Шарипович бир нече жолу чалып, Матраимовго тийишпөөнү сурангандыгын кийин айтты. Сапар аны укпай, эми балдарын, апасын, туугандарын жана досторун көрө албай, төлөп жатат.Бир жылга жакын убакыт өттү. Тергөө анын күнөөсүн тастыктаган бир дагы далил көрсөтө алган жок, жада калса сотто. Тескеринче, биздин үй-бүлөбүздүн же акчасы, же көзгө басаарлык мүлкү жок экендигин көрүштү.

Ошондуктан менде үмүт бар болчу.

Ал эми кечээ болсо, мага күчтөр тең эмес деп эске салгандай болушту. Эгерде президент бул кадамды жактырбаарын билишсе, Матраимовдордун иш-чарасында бүтүндөй төрага, вице-премьер жана отуздай депуат катышпайт эле да. Катышмак эмес.

Бирок кечээ эл коррупция менен күрөшүп жаткандардын чыныгы жүздөрүн көрдү. Бир жылдан бери элдин башын айландырып коюп, андан да көп коррупцияга жол беришти. Сооронбай Шарипович Матраимовдордун хан сарайлары, ишканалары жана башка байлыктары кайдан келип чыккандыгын изилдөөгө сөз бергенине төрт ай болду, бирок эч кандай маалымат бериле элек. Аз келгенсип, кечээ бир таанышым «Жээнбеков эми Матраимовду Антикоррупциялык кызматтын жетекчиси кылып дайындашы эле калды»,- деп тамашалады.

Бирок мен күрөшкөндү токтотпойм. Жолдошум, балдарым, үй-бүлөбүздүн намысы үчүн.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине