Сапар Исаков: “ЖЭБдеги кырсык үчүн бардыгы жооп бериши керек”

22:19, 11 Мая 2018

“Парламенттеги кечээки талкуу – бул айрым саясатчылардын элдин башын айландырып, ЖЭБдеги кырсыктын чыныгы күнөөкерлерин жоопкерчиликтен куткарып калуу амалы”, - деди мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ЖЭБдеги кырсык боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын кароо боюнча.

С.Исаков төмөнкүнү айтты: “Депутаттык комиссияны башынан эле чаташтырышып, башка багытка салышты. Бирок Жогорку Кеңештеги депутаттардын арасында тажрыйбалуу саясатчылар, татыктуу адамдар көп. Калыстык жана чындык жеңип чыгат деп үмүт кылам.

Мен жоопкерчиликтен эч качан качкан эмесмин, бирок маселени экиге бөлүп кароону сунуштайт элем.

Биринчиси: январдагы ЖЭБдеги кырсык жана бардык деңгээлдеги жетекчилердин жоопкерчилиги: 2017-2018-жылкы жылуулук сезонуна даярдыкка катышкан ЖЭБдин директорунан баштап премьер-министрге чейин. Башкача айтканда жөнөкөй мастерлер менен цехтердин жетекчилерин аралаштыруунун кереги жок. Нурлан Өмүркүл уулунан баштап Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковго чейинкилер жоопкерчиликке тартылышы зарыл.

Мен кышында, кырсык болгондо Сооронбай Шаритповичтин атын атайы атабай, жоопкерчиликтен алып калуу аракетин кылгам. Ал кезде көбү унчугушкан эмес. Бишкектиктер үйлөрүндө тоңуп отурушканда ЖЭБди кышка даярдагандар же унчукпай отурушту, же күнөөнү бир-бирине оодарып жатышты. Менин өкмөтүм күзүндө гана ишке киришти, бирок мен саясий жоопкерчиликти өзүмө алдым.

Эми түшүнүп жатам, көбү бул кадамымды алсыздыктын белгиси катары кабыл алышыптыр. Депутаттар, бул ишке киришкенден кийин бир нерсени такташса болмок, ага аларда толук мүмкүнчүлүк бар болчу, эмне үчүн Сооронбай Шарипович өкмөт башчы болуп турганда ЖЭБди оңдоого жумшалган жүз миллиондогон сомго акыры барып кырсыктын себепчиси болгон эски жабдыктар оңдолгон эмес? Эмне үчүн? Кечээ депутаттар анын себептерин элге так айтып бере албады.

ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулун Кожобек Рысбаев менен байланыштырып жатышат. Балким ушул үчүн экс-директорго ушундай сый-урмат көрсөтүлүп, ага борбордук трибуна берилип,ал жоопкерчиликке тартылып жаткан адам катары эмес, эксперт катары чакырылып жаткандыр? Жоопкерчиликтен качпаш керек? Жооп бере турган болсок, жооп берели.

Экинчиси: ЖЭБди 386 млн АКШ долларына реконструкция кылуу келишимине кол коюу себептери жана аны ишке ашыруудагы кемчиликтер. Буга кошумча бардык жетекчилердин жоопкерчилигин караштырыш керек: ошол кездеги ЖЭБдин директорунан, энергохолдингдин жана анын түзүмдөрүнүн жетекчилеринен тартып, министрлерге, премьер-министрге, ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасына жана парламенттик үч комитеттин жетекчилерине чейин. Башкача айтканда Андрей Воропаев менен Айбек Калиевден баштап Жанторо Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков жана экс-спикер Асылбек Жээнбековго чейин.

Ошондуктан, менин пикиримде, депутаттык комиссиянын тизмеги толук эмес. Эгер аягына чейин калыс бололу десек, келишимге байланыштуу документтерге кол койгондордун бардыгын суракка алыш керек. Дароо эле үч окууда бир кабыл алгандарды да унутпашыбыз зарыл. Ким тыкыр текшербестен, көзөмөл жүргүзбөстөн колдонууга кабыл алды эле. Бул жерде кечээкидей ылгамдуулук болбошу керек. Президент тууганыма да, досума да карабайм деп так айтпадыбы”.

КСДПнын басма сөз кызматы

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине