Кыргыздар орусияга каршы санкциялардан кантип жабыркашууда?

19:25, 4 Ноября 2014

Батыштын орусияга каршы санкцияларынан улам орустардын базарын кыргыз жашылча-жемиштер менен басып алууга болгон «күтүүсүз пландардын» эйффориясы улуттук валюта менен орус рублунун кезектеги арзандоосунан жана бензинге болгон баанын акырындап өсүп жаткандыгынан улам, «кезектеги көңүл калуу» кооптонуп күтүүгө алмашты.   

Эмнегедир мунайга болгон глобалдык баанын төмөндөшү бизде бензинге баанын кымбатташына алып келди, бүгүнкү күнү ал  америка долларынын кыргыз сомуна карата болгон кымбаттоосу менен атаандашып жаткандай. Өлкөнүн түштүгүндөгү бир катар райондордо  рыноктогу монополист болуп саналган, орусиялык «Газпром» АМКСтери (Авто Май Куйуучу Жайлар) жабылды.  Иштеп жаткан АМКСтерде бензин келээри менен узун кезек пайда болуп  калып жатат. 

Бензинге болгон баанын кымбатташы- өлкөнүн ичиндеги жүргүнчү жана жүк ташуунун бааларынын өсүшүнө алып келди. Айтмакчы, КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, автоунаага бардык ташуулардын 80% туура келет. Натыйжада рыноктордо чек аранын  айынан ташылып келип жаткан азык-түлүктөрдүн баасынын кымбаттагандыгы байкалды, о.э. жер үстүндөгү транспорт менен борбордон жер –жерлерге, жана тескерисинче ташылып жаткан азык-түлүктөр да кымбаттады.  Көптөгөн  алыскы райондор толугу менен алынып келинген азык-түлүктөрдөн көз каранды. Мисалы: нан, өсүмдүк майлары, дан-азыктары, кант жана кондитердик азыктар. 

Доллардык жана рублдук көз карандылык, Украина туурасында

Бүгүн америка долларынын курсу кыргыз сомуна карата тынбастан өсүп жатат, ал чек белгиден да ашып кетти.  Жылдын башынан бери америка валютасынын курсу  13.98 % өстү. КР Улуттук банкы болуп жаткандарды бир нече фактор менен түшүндүрүп жатат, анын ичинде Украинанын түштүк-чыгышында аскердик кагылышуулардын созулуп кеткенинен улам, Орусияга каршы экономикалык санкциялардын күчөшү, европадагы экономикалык кырдаал, бир убактагы казак теңгесинин расмий түшүшү менен мунайга болгон баанын баррелине 107 доллардан 86 долларга төмөндөшү (22-октябрга маалыматтар) жана Евразия  экономикалык биримдигине кирүү мүмкүндүгүнөн улам импорттун кескин көтөрүлүшү ж.б. бар.

Кыргызстандын Улуттук банкынын эксперттеринин пикири боюнча, орус рублунун курсунун кескин төмөндөшү орусия валюталык рыногунда америка долларынын керектөөгө болгон  жогорку талабынан улам болуп жатат жана муну менен орусиянын экономикасы доллар менен экспорттун тышкы туруксуздугунан көз каранды экендиги көз көрүнөө байкалып турат.  Ошондуктан, мунун баары Кыргызстандагы биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууга таасир эте тургандыгын жокко чыгарууга  болбойт. Алардын бир бөлүгү ишке ашпай калышы мүмкүн же кандайдыр бир мөөнөткө жылдырылат. Негизинен ири гидроэлектростанциялардын курулушунан улам.  

2014-жыл үчүн Бүткүл Дүйнөлүк банктын отчетунда «Көз карандысыз Мамлекеттердин шериктештигиндеги (КМШ) өлкөлөрдүн экономикасы Украинадагы кризис менен жана Орусиядагы экономикасынын стагнациясынын башталышы менен шартталган  жагымсыз факторлорго туш болду.  Бирок, азыркы учурга чейин бул жүрүмдөрдүн башка мамлекеттерге тийгизген таасири чектелген гана мүнөзгө ээ болчу. КМШ өлкөлөрүнүн энергоресурстардын экспортунан ашыкча көз карандылыгы сакталып жатат, ошол эле учурда курамдык реформаларды жүргүзүү ыргагы азайа түштү» деп айтылат.  

Ошондуктан, ал жактагы бардык өзгөрүүлөр  бизге да токтоосуз билиниши мүмкүн. Кыргызстан четте калбайт, биз ошондой эле америкалык доллардан да көз карандыбыз, анткени мамлекеттеги Германия жана Япониядан алынып келген колдонулган машиналардан баштап банк насыяларына чейинки бардык эсептер биздин сом менен эсептешип жатканыбызга карабай, америкалык валютага байланган.

Дагы, бул долларга болгон бул көз карандылык бүгүн өзү туурасында билдирип жатат. КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек  Жениш валюталык рыноктогу кырдаалга комментарий берип жатып, калк Бажы биримдигине кирүүнү күтүп жатып, америкалык долларды колдонуу менен машиналарды, кымбат тиричилик техникаларын жана офистик техникаларды Европа менен Азиядан жабдууларды ташып кирип жатышкандыгын жашырган жок.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев майда Кыргызстан Бажы жана Евразия биримдигине кирүүсүн расмий баштагандыгын билдирээри менен бир гана суроо, жарандардын басымдуу бөлүгүнүн  тынчын алды: баалар канчалык кымбаттайт? Өкмөт башчысы да, министрлер да бул Биримдикке кирүүнүн жакшы жактары туурасында айтып жатса да, жашоочуларда Бажы биримдиги азырынча баалардын өсүшү менен гана  ассоцияланып жатат.

Ошондуктан, бүгүн  КР Улуттук банкынын эксперттери туура тастыктап жаткандай, өлкөдө сатып алуу дүр этти, бизнесмендер бажы тарифтери киргенге чейин  эски баалар менен көбүрөөк товар алып кирүүгө далалат кылып жатышат.

Дагы бул дүрбөлөң жергилиткүү эксперттердин басма сөз жыйындары менен ырасталып жатат. Алар Бажы Биримдигине киргенден кийин дарыга, автоунааларга, компьютерге жана кыймылсыз мүлккө болгон баалардын өсө тургандыгы жөнүндө тынбай айтышууда. 

Эксперттик эсептөөлөргө ылайык, ички валюталык рыноктону сунуштардын негизги  көлөмү Орусиядагы эмгек мигранттарынын акча которууларынын эсебинин негизинде калыптанып жатат. 2014-жылы 9 айдын ичинде расмий түрдө ал 1 млрд. 415 млн. долларды түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу өсүү ыргагы азайды.

ТЕКСТКЕ КЫСТАРМА:  Башка маалыматтар боюнча, мигранттык акчалардын көлөмү 3 млрд.долларды түзөт. Көз карандысыз эксперттер бул жакка мигранттар өздөрү менен алып келген же өздөрүнүн курьердик жеке түйүнү аркылуу берип жиберген накталай суммаларды да кошуп жатышат. 

Бул учурда, миграциялык мыйзамды катуулатуу жана Орусиядагы экономикасынын өсүшүнүн төмөндөшү бул жылдагы которууларга таасир этти. Эмгек мигранттары туруктуу, жакшы төлөнгөн жумушту кыйындык менен таап калышты. Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча, мигранттардын акча которуулары өлкөнүн ИДПнын (Ички дүң  өнүмүнүн) 31% түзөт. 

Бирок, КРнын Улуттук банкы оптимисттигин жоготпойт. Каржы рыногунун сезондук өзгөчөлүгүнө шилтеме келтиришип, Кыргызстанда америка валютасынын жетишсиздиги жок деп ырасташууда.  Алардын берген маалыматы боюнча, жылдын башынан бери коммерциялык банктардагы доллардын күнүмдүк калдыгы   2.88% өстү, жана азыр ал жакта 231 млн. доллар бар экендигин, анын ичинде 70 млн. доллардан көбү накталай экенин айтууда.

Бирок, бул жолу бардыгын каржы рыногунун сезондук (мезгилдик) туруксуздугуна шылтап коюу  ордунан чыкпайт, анткени 1998-жылдагы кризистен айырмаланып, азыр биз дүйнөлүк экономикага көбүрөөк интеграцияланганбыз жана ар бир олку-солкулуктар бизге да билинет. Мындан сырткары,  Орусия менен ири биргелешкен долбоорлордун болочокто ишке ашырылышы тууралуу маселе турат, жана орусиялык тарап мындан ары да Кыргызстандын алдында, анын экономикасына тышкы  таасирдин күчөшүнөн улам алган милдеттенмелерин аткара алабы?

Тыюу салынган этти кантип киргизүү керек?

Кечээ эле Бишкекте, Батыштын орусияга каршы бойкотунда жакшы акча таап алууну ойлонушуп, өздөрүнүн айыл-чарба тармагына экинчи өмүр берүүгө ишенип турушкан эле. Анан Орусия менен товар алмашууну кескин көтөрүү ишке ашкан жок. Анткени, кийинчерээк буга окшогон ири мамлекетти камсыздай албай тургандыгыбыз айкын болду. Мисалы, картошканы, эгер жашылча-жемиштердин тиешелүү көлөмү табылган күнү да, бизде логистика өтө аксап турат.

Ал эми Кыргызстанга  Ленинград, Свердлов, Новосибирск, Пенза жана Орусиянын башка областтарынын өкүлдөрүнүн делегаттары өтө көп келе башташты. Алар кыргыз бийлигин, акыркы жылдары жергиликтүү картошка менен алма сатып алууну кыялданып жүргөндөрүн айтып, ишендирип жатышат

Буга байланыштуу 2007-жылы эле Казакстан менен Орусиянын бийлиги Кыргызстандан эт менен сүттү алып чыгууга тыюу салгандыгын эске сала кетели. Алар  татаал  эпизоотикалык кырдаалды шылтоо кылышкан жана бул тыюу салуу КР ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Самир Осмоналиевдин сөзү боюнча дагы эле алынып сала элек. 

КРнын Экономика министринин орун  басары Данил Ибраев, Бажы биримдигине арналган тегерек үстөлдө башка,  бул биримдикке киргенден кийин кыргыздын эт-сүт азыктарын өндүрүүчүлөр Орусия менен Казакстандагы баалардын айырмасынан утуп чыгышат деп айтылган  туруктуу уламышты жокко чыгарды. Анын сөзү боюнча, Москвада бир килограмм уй этинин баасы болгону 50-60 сомго айырмаланат.

ТЕКСТКЕ КЫСТАРМА: КР Экономика министрлигинин маалыматтары боюнча, бүгүн Орусия 2 млн. тонна өсүмдүк майына, 39 млрд. даана жумурткага,  30 млн. тонна картофелге, 35 млн. тонна сүткө жана 4.5 млн. тонна куштун этине муктаж. 

КР жеткирүүчүлөр Ассоциациянын президенти Гульмира Өскөнбаева, Батыш мамлекеттеринин тарабынан Орусияга каршы экономикалык санкциялардын натыйжасы, биздин мамлекеттин экономикасына билинээрлик зыян алып келбеши мүмкүн экендигин айтты. «Эгер биз кайсы бир товарлардан, азык-түлүктөрдөн  айрылып калсак да, бул негизинен ЕС дан келген «элиталык тизмеге» тиешелүү болот. Бул биздин экономикада көп деле мааниге ээ эмес», - деп белгилейт эксперт Өскөнбаева.

КР Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтарына ылайык, мурдагы совет  мейкиндигинин мамлекеттеринин арасынан баарынан көп товар алмашуу  Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жүрөт.  Андан кийин  Казакстан  менен Өзбекстан кетет. 2013-жылы Кыргызстан менен Орусиянын товар алмашуусу  26.8% өскөн, бул учурда РФдан КР на импорттун өсүшү экспорттон айырмаланып, 36.7% түзгөн. Биз Орусиядан негизги азык-түлүктөрдүн көп түрүн алып киребиз. Мисалы, өсүмдүк майлары. Буга байланыштуу батыш мамлекеттери тарабынан Орусияга каршы экономикалык санкциялардын өсүп жаткан саясатынын узарышынан улам, орус бийлиги өз продукциясынын экспортун кыскартуу боюнча чараларды көрүп койсо болот.  Муну менен өз рыногун жергиликтүү өндүрүштөгү жеткиликтүү товарлар менен толтуруп коет.

Айыл-чарбасынын күнүмдүк жагдайы талкууланган парламенттин отурумунда, депутат Мирлан Бакиров азык-түлүк коопсуздугу туурасында маселени көтөрүп чыкты. Ал коңшу Казакстандагы буудайдын кымбатташына басым жасады. Кыргызстан ал өлкөдөн 70% буудай менен унду ташып келет. Парламенттик оппозиция акыркы окуялардан улам азык- түлүктөрдүн баасынын кымбатташы боюнча өкмөттүн отчетун угууну сунуштап жатышат. 

Алмаз Исманов

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине