Олег Панкратов: «Өкмөттүн бат-баттан алмашып туруусу Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугуна залакасын тийгизүүдө»

19:09, 26 Сентября 2018

Экономика министри Олег Панкратов менен интервьюнун уландысында чет элдик инвесторлордун бизге келбей жаткандыгы, Жогоркунарын ГЭСтер каскадын куруу иштерин жандандыруу мөөнөтү жана Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн артыкчылытары тууралуу сөз кылмакчыбыз.

- “Кумтөргө” дагы бир жолу кайрылсак. Экономикабыздын “Кумтөрдүн” көрсөткүчтөрүн кошуп жана кошпой эсептеп келебиз. Бир ишкананын өлкөнүн экономикасына таасири өтө эле чоң. Эмне үчүн эгемендүүлүк жылдарында бизде ушуга окшош ири ишканалар пайда болбоду?

- “Кумтөр” – бизде ага окшош башка ири өнөр жай компаниялары пайда болбой калганынын себептеринин бири. Анткени “Кумтөргө” инвестор мамлекет жетекчилигин кепилдигине ишенип келген болчу. Кошуна өлкөлөрдөгү бийликтин алмашпастыгы – инвесторлор үчүн инвестиция кылууга жакшы өбөлгө, анткени оюндун эрежелери заматта өзгөрүп кетет деп чочулашпайт. Бизде болсо эки ыңкылап болуп, парламенттик башкаруу формасына өттүк. Демек, саясий туруксуздуктун айынан өлкөнүн жетекчиси инвесторго гарант болуп бере албай калды. Башка жагынан алганда, биз бул кепилдикке башка альтернатива да түзө албадык. Мисалы, көз карандысыз соттук тутумду. Ушу нерсени канчалык бат түшүнө турган болсок, биз ошондой институтту ошончолук бат түзө алат элек. Мына ошондо ири долбоорлорду сунуштай алган донорлор бизге келе башташат.

- Эгер силер чет элдик инвестор болсоңор, өз акчаңарды Кыргызстанга салат белеңер?

- Бардык инвесторго маанилүү нерсе – ал келген рыноктогу эрежелер өзгөрүп кетпестигине ишеним болушу керек. Ошол эле өкмөттөрдүн бат-баттан алмашып туруусу Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугуна залакасын тийгизүүдө. Ар бир келген жаңы премьер-министрдин көп нерсеге өзүнүн башкача көз караштары болот. Оюн эрежелерин өзгөртө баштайт. Инвесторлор эмне болуп жатканын түшүнбөй баштары маң болот. Бирок бу да анчалык деле коркунучтуу эмес. Эң коркунучтуусу – инвесторлор биздеги мыйзамдар боюнча мындай кылыш керектигин, ал эми иш жүзүндө таптакыр башкача болуп жатканын көргөндүгүндө. Бул мыйзамсыз экенин эч далилдеп бере албайсын. Бул чет элдик инвестицияны тартуудагы эң башкы маселелердин бири болуп саналат.

- Чет элдик инвестициялардын учурдагы көлөмү канча болду экен?

- Инвестициялардын көлөмү бизде туруктуу: жылына 500 миллиондон 1 миллиард долларга чейин. Кыргыз-Орус фонду иштей баштаганда анын көлөмү 1,5 миллиард долларга чейин кескин өстү.

- Инвестиция негизинен кайсы тармактарга келип жатат?

- Негизинен тоо-кен тармагына, инфраструктуралык объектилерди – жолдорду, энергетикалык объектилерди курууга.

- Бир кезде Жогоркунарын ГЭСтер каскадын куруу жакшы инвестициялык долбоор катары кабыл алынды эле. Бирок ал орундалбай калды. Жаңы инвестор табылып, ГЭСтер курулаарына үмүт барбы?

- Азыркы кездеги тарифтер колдонулуп жатканда жана продукцияны сатуунун башка жолдору жок болуп турганда Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилерге чоң акчаларды салуу экономикалык жактан рентабелдүү эмес. Ал эми “Русгидронун” инвестициялары тууралуу сөз кылсак, ал экономикалык долбоорго караганда экономикалык жардамга көбүрөөк окшош болчу. Бирок болгону болду. Кезектеги экономикалык кризис орусиялык өнөгүбүздү алсыратып койду. Биз күткүбүз келбей, алардан моюнга алган милдеттерин аткаруусун талап кыла баштадык. Алар аткаралбады. Жыйынтыгында келишим жокко чыгарылды. Азыркы учурда, бул долбоорду дегеле ишке ашырса болобу деген суроо коюлуп жатат. Бир нече тобокелдик бар. Биринчиси – электрэнергиясын сатуу. Бизде электрэнергиясы жетишсиз, бирок ал Камбар-Ата ГЭСинин курулушун актай алгандай анчалык деле чоң эмес. Жаңы өндүрүлгөн электрэнергиянын үчтөн бир бөлүгүн биз ички рынокто колдоно алат элек. А бирок калганын эмне кылабыз? Экинчиден, аны кайсы баада элге сатабыз? Азыркы баалар инвесторлор үчүн кызыксыз. Үчүнчүдөн, эч ким чыр-талаштуу долбоорлорго акча салбайт. Өзбек өнөктөрүбүз Камбар-Атанын курулушуна башынан эле каршы чыгып келишкен.

- Бул күндөру эмне өзгөрдү?

- Биринчиден, Өзбекстандын көз карашы өзгөрдү. Бул күндөру биздин кошунабыз бул долбоорго түшүнүү менен карай баштады. Экинчиден, CASA-1000 долбоору ишке аша баштады, бул долбоор электэнергияны башка өлкөлөргө сатууга мүмкүнчүлүк берет. Келечекте ЕАЭБдин алкагында электроэнергиянын бирдиктүү рыногун түзүү маселеси көтөрүлүп калышы да ыктымал. Биз ашыкча өндүрүлгөн электрэнергияны биржада саткандай абалга жетишибиз керек. Хабаровск, Москва, Минск, Астана ж.б.д. жерлердеги каалаган колдонуучу бул энергияны сатып алалат. Электрэнергиянын сатуу баасын суроо-талап менен сунуш калыптандырат. Бирдиктүү рыноктун түзүлүшү гидроэнергетикалык объектилерибиздин айланасындагы абалды кескин өзгөртөт. Алар биздин ички рыноктогу баалардан бир топ жогору баалар менен иштеген чоң рыноктун бөлүгү болуп калат. Бул объектилердин рентабилдүүлүгү өсөт.

- Сиз ЕАЭБге чоң үмүт артат экенсиз. Азыркы учурда болуп жаткан санкциялык жана соода-сатык согуштардын шартында бул үмүтүңөр канчалык деңгээлде негиздүү?

- А эмне, бизде башка жол барбы? Ооба, бул биримдикке кирбеген кошуналарыбыз аман-эсен эле жашап жатышат. Бирок да биз азыр кайсы бир маселелердин айынан ЕАЭБден чыгып кете турган болсок, биз ушундан бир нерсе утабызбы? Эгерде тандоого мүмкүнчүлүк бар болсо: мисалы биз ЕАЭБден чыктык дейли, ал эми америкалыктар бизге өз рыногун ача турган болсо, анда кеп башка... Америка рыногу чоңураак да, туруктураак да. Бирок бул курулай гана кыялдануу. Биздин учурдагы бардык аракетибиз – соода-сатык жактан бир гана өнөккө көз карандылыгыбыздан кутулууга багытталышы зарыл. Биз учурда ушунун үстүндө иш алып барып жатабыз. Бирок азыркы кездеги дүйнөлүк экономикадагы маселелерди эске алсак жеңилдетилген түрдө соода-сатык кылууга мүмкүнчүлүк берген бул рыноктон баш тартканыбыз жарабайт. Бул рынокто 180 миллион адам жашайт, алардын бир нерсе жегиси келет, кийгиси келет дегендей. Балким мурдагыдай көлөмдө болбосо да биздин продукцияны сатып алып турушат.

- ЕАЭБге бизге көп жакшы туура келбеген шарттарда кирдик деген пикирлер айтылып калат. Сиз муну менен макулсузбу?

- Сынчылардан бизге туура келбеген кайсы шарттар тууралуу айтып жатасыңар, кайсы жактан биз даяр эмес элек, эмнени дардашыбыз зарыл эле деп сурасак алар эч нерсе дей албай жатышпайбы. ЕАЭБди негиздеген өлкөлөр өзүлөрү кандай шартта кирсе биз ЕАЭБге так ошондой эле шарттарда киргенбиз. Биздин укуктарыбыз жана милдеттерибиз, башкаруу органдарындагы добушубуздун саны башкалардыкындай эле. Ошол эле кезде ал жакка кирүү менен биз көп артыкчылыктарга ээ болдук. Мисалы, инфраструктурабызды даярдап алышыбыз үчүн бизге 200 миллион долларлык техникалык жардам көрсөтүлдү, а бул инфраструктураны биз ЕАЭБге кирген гана өлкөлөр менен гана эмес, башка экономикалык өнөктөр менен да соода-сатык кылууда колдоно алабыз. Анан да биздин экономикабызды өзгөртүүдөгү эң чоң маселелердин бири – өнөр жай продукциясын өндүрүүгө каражаттын жетишсиздиги экендиги белгилүү. ЕАЭБге кирүүнүн алдындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биз Кыргыз-Орус өнүгүү фонду түрүндө кубаттуу каржы институтун ээ болдук, учурда биз өлкөбүздө 1000ге жакын долбоорду ишке ашыра алдык. Бул долбоордун бардыгы өнөр жай жана айыл чарба ишканаларын түзүүгө, туризмди жана инфраструктуралык объектилерди курууга багытталган.

- ЕАЭБге кирип жатканыбызда биримдикке кирген өлкөлөрдө эмгектенген биздин эмгек мигранттарыбыздын иш шарттарынын жакшыртылышына катуу басым жасалды эле...

- Азыр бизде өтө жакшы демографиялык абал түзүлдү. Жыл сайын эмгек рыногуна көптөгөн жумушчулар келүүдө. Биздин экономика мынчалык сандагы адамдарды жумуш орундары менен камсыздаганга жетишпей жатат. Адамдар бул жерден иш таппагандыктан башка жактарга кетүүгө аргасыз. Көп өлкөлөр жумуш күчүнүн экспортеру болгон баскычтардан өтүшкөн. Бирок бизде жаман тенденция пайда болду - жарандарыбыз, мисалы, Орусияга кетип, ошол жактын жарандыгын ала башташты. Буга алар Орусия жараны болгусу келгендиктен эмес, мыйзамдуу түрдө эмгектенгенге мүмкүнчүлүк алыш үчүн барып жатышты. Өлкөбүздүн ЕАЭБге кирүүсү менен жарандык алуу жана мыйзамдуу түрдө иш алып баруу маселеси чечилди. Биз бирдиктүү эмгек рыногунун катышуучусу болуп калдык. Бул күндөрү мигранттардан келип түшкөн акчалар бул жерде жаңы жумуш орундарын ачууга салына баштады.

- ЕАЭБдин мүчөсү болгонубузга үч жылдын жүзү болуп калды. Артка кылчайып карап, биримдикке мүчөлүккө кирээрдин алдында бул нерсени башкача кылсак болмок экен деген ойлор сизде пайда болбойбу?

- ЕАЭБге кирип жатып биздин ветеринардык коопсуздук тутумубуз биримдиктин коомпсуздук тутумуна эквиваленттүү дегенибиз гана туура эмес болгон. Буга макул болбой койсок болмок экен. Бирок ал убакта биздин айыл чарба өндүрүүчүлөрүбүздү өз рынокторуна киргизбей коет деген кооптонуу жок болчу. Үч жылдан кийин биз кирип жатканыбызда койгон маселелерибизди кайрадан көтөрөлү деп жатабыз, анда биз ал маселелер боюнча бир чечимге келген эмес элек. Биз кирип жатканда Европадагы экономикалык кырдаалды теңдештирүү максатында Евробиримдиктин колдоо көрсөтүү боюнча жакшы тажрыйбасы бар деген элек. ЕАЭБдин жакынкы жыйынында бул сунушту кайрадан киргизмекчибиз. Экинчи жагдай, кирип жатканыбызда биз ала турган бөлүштүрүү пайызын аныктаганбыз...

- Бөлүштүрүү деген эмне?

- Биз бажы төлөмдөрүн биримдиктин жалпы казынасына чогултабыз. Кийин бизге бекитилген пайыз боюнча – 1,9% – биз аларды артка ала баштайбыз. Эгер статистикага кайрыла турган болсок, алгачкы эки жылда биз алганыбызга караганда азыраак чогултканбыз. Азыр болсо бул көрсөткүчтөр теңелип калды – канча чогултсак, ошончо эле алабыз. Бүгүн бул бөлүштүрүү пайыздарын өзгөртүү тууралуу сөздөр айтыла баштады. Жаңы коэффициенттерди аныктап жатканда биримдиктин мейкиндигиндеги экономикалык кырдаалды теңештирүү механизмин эске алууну сунуштап жатабыз. Адам башына ИДПнын көрсөткүчү жалпы биримдиктин орток көрсөткүчүнөн аз болгон өлкөлөр үчүн жогорулатуучу коэффициент колдонулушу зарыл. Ал бул өлкөгө келген акчанын көлөмүн көбөйтүп, өлкөнүн башкаларды кууп жете алгандай өнүгүү темпин камсыздоого өбөлгө түзүшү керек. Эгерде биздин бул эки сунушубуз тең өтө турган болсо, биздин ЕАЭБдеги мүчөлүгүбүз жаңы деңгээлге көтөрүлөт десек болот.

- Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдө ички жана сырткы инвестицияларды фонддук рынок аркылуу тартууга чоң көңүл бурулат. Бизде болсо ал өлкөбүздүн өнүгүүсүнө эч бир таасир этпейт. Бул багытта кандайдыр бир жылыштар күтүлөбү?

- Фонддук рынок аркылуу кайсы бир инструменттерди демилгелөө болуп жатат. Мамлекеттик каржы көзөмөлү креативдүү сунуштарды берип жатат. Мисалы, элдик IPO (акционердик коомдун акцияларын коомдук сатыкка чыгаруу), мамлекеттик ири компаниялар. Маселен, азыр MegaCom компаниясынын айланасында көп талаш-тартыштар болуп жатат – сатыш керекпи аны, же сатпаш керекпи. Бирөөлөрдүн пикиринде, мамлекет – кожоюн катары начар, ошондуктан атаандаштык чөйрөдө иш алып барган активдерден кутулушу керек. Алардын айткандары жүйөлүү, бирок жарым-жартылай гана. Менчиктештирүү жолуна түшпөгөн мамлекеттер корпоративдик башкарууну коолдонуу менен ага таандык активдерди рыноктук ыкмада башкарууга шарттарды түзүшкөн. Алар бул же тигил товарлардын, кызматтардын рыногунда башкалар менен тең эле иш алып барышат. Эгер биз ушул жолду тандай турган болсок, анда активдерден кутулуунун кереги жок. Эң башкысы, ошол эле MegaCom рынок мыйзамдары боюнча иш алып барышы керек болот. Ал жеке менчик ишкана өткөн текшерилүүлөрдөн гана өтүшү зарыл. Рынокто иш алып барган компаниялар төлөгөн нерселерден башка кошумча төлөмдөр ага жүктөлбөшү керек. Бирок ошол эле кезде MegaCom мамлекет тараптан эч бир жеңилдиктерди да албашы зарыл. Мамлекеттик компаниялардын бардыгы мобилдик байланыш кызматын мамлекеттик компаниядан сатып алып туруусу керек деген нерсе болбошу керек.

- Өкмөт элдик IPO идеясын колдойбу?

- Мамлекеттик каржы көзөмөлү MegaCom компаниясынын акцияларынын бир бөлүгүн элдик IPO аркылуу сатыкка чыгаруу сунушун киргизди. Биз аны караштырабыз. Не болгон күндө да бул фонддук рынокко чоң дем берет болчу. Анткени эл өз акчаларын убакыттын өтүшү менен арзандабаган, туруктуу киреше алып келе турган кызыктуу активдерге салаарын билет эле.

- Азыркы өкмөттүн иштей баштаганына 100 күн болуп калды. Ага карата көптөгөн сындар айтылды. Аларга эмне деп жооп берет элеңиз?

- Өкмөт – эл да, бизнес да эч качан жактырбаган структура болуп саналат. Анткени өкмөт кабыл алган чечимдер сөзсүз бирөөнө жакпайт. Убакыт өткөндөн кийин айрым жетекчилер өлкөнү кайра куруп чыга алган атактуу адамдарга айланат. Мисалга Сингапурду алалы. Ли Куан Ю азыркы замандын экономикалык укмуш кереметтерининин бирин кура алды. Бирок ал чындыгында өтө катуу диктатор болгон, катаал мыйзамдарды киргизген. Маселен, көчөдө түкүргөндүгүң үчүн 500 долларлык айып пул. Сагызды чайнаганың үчүн дагы 500 долларлык айып пул. Азыркы өкмөт ушундай нерселерди киргизе турган болсо, эмне болот эле? Бизде эртең эле президент да, өкмөт да жок болот болчу. Бирок кээде ушуга окшош чараларсыз айрым кырдаалды өзгөртүүгө, экономикалык жактан өнүккөн өлкөнү курууга мүмкүн эмес. Бул медалдын бир жагы. Экинчи жагы: PR үчүн иштеген өкмөттөр бар. Ошол эле кезде көп мактанбай өз милдеттерин аткарган өкмөттөр да бар. Биздин өкмөт кылган ишин элге жеткирүү, билдирүү жагынан чабалдык кылып койду. Ошол эле экономика багытында да. Мисалы, биз азыр текшерүү, лицензия берүү тутумдарын толугу менен өзгөртүүнүн үстүндө иштеп, келечектеги үч жылга жаңы фискалдык саясатты даярдап жатабыз. Третей сотторун колдонуу аркылуу соттук коргоонун альтернативдик институтун түзгөнгө аракет кылып, экономикалык омбудсмен институтун түзүп жатабыз. Алар азырынча жеткиликтүү иштелип чыга элек болгондуктан аларды биз талкууга кое элекпиз. Бул нерселер тууралуу билгендер аз, ошондуктан өкмөт эч нерсе кылбай эле деген пикирлер жаралууда.

- Валюталык рынокто туруксуздук байкалып турган учурда ушулардын бардыгын жасап бүтүргөнгө өкмөт жетишеби? Курмандыгы болуп калбайсыңарбы? Бирөө жооп бериши керек болот да?

- Чынында, мындан да орчундуу маселелер бар. Мени кубанткан нерсе – жол улоочулук механизмдери түзүлдү. Ооба, кадрдык мүмкүнчүлүктөр өтө чектелген. Анткени жетекчиликтин алмашуусу менен ортоңку баскычтагы менеджерлердин көбү, ал эмес катардагы аткаруучулар дагы алмашууда. Муну менен кошо институционалдык эс дагы жоголууда. Бирок буга карабай мындан 2-3 жыл мурда пландаштырылган нерселер иш жүзүнө ашырыла баштады. Өкмөт алмашкан күндө да концептуалдык маанилүү нерселер уланып кете тургандыгына ишеним бар.

Интервью алган Александр Кулинский

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине