Олег Панкратов: «Кыргыз экономикасы сыркоолоп турат, айыгаары көп байкалбайт»

18:43, 15 Сентября 2018

Өкмөттүн экономикалык саясаты көп сынга алынууда. Аткаруучу бийликтин дээрлик бардык сунуштары ишкерлердин жана калктын нааразычылыгын жаратып жатат. Бул күндөрү экономиканын абалы кандай, өкмөттүн бул тармактагы кадамдарынын себеби эмнеде? Экономика министри Олег Панкратов менен маекти сунуштайбыз.

- Олег Михайлович, медициналык терминдерди колдонуп, биздин экономиканы мүнөздөй турган болсок, ал: өлүм алдындагы агониядабы, айыгаары байкалбайбы, же айыга баштадыбы? Кайсынысы туурараак?

- Менимче, экинчиси чындыкка көбүрөөк жакын.

- Анын айыгаарын сиз байкай албай жатасызбы?

- Мамлекеттик саясаттын өзгөрүшү бир аз үмүт берет. Эгерде бул өзгөрүүлөр мындан да ары ушундай таризде улана турган болсо, экономика акырындап айыга башташы мүмкүн. Экономиканы, негизинен, такыр талкалап, жок кылып салуу мүмкүн эмес. Ал кандай күн болгондо да бар болот.

- Экономиканын “таза” бөлүгү кандай болду экен?

- Тилекке каршы, экономикабыз анчалык деле чоң эмес. Албетте, башкы тармак – тоо кендерин казып чыгаруу. Биздин бир ишканага көз каранды экенибиз даана эле көрүнүп турат. Учурдагы экономикалык көрсөткүчтөрдү “Кумтөрдүн” биздин экономикага таасиринин көрсөткүчү дей туралы. Быйыл “Кумтөр” алтыны көп катмарды иштетип, көп алтын бергендиктен, биздин экономика 6-7%га чейин өсүп турган. Бул жылы болсо “Кумтөр” алтыны аз катмарды иштетип жатат. Буга жараша өндүрүлгөн алтындын да көлөмү аз. Эсептөө базасы өткөн жылы жогору болгондуктан, бул жылы “Кумтөрдүн” өлкөнүн ИДПсына салган салымы терс экенин байкайбыз. Быйылкы жети айдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөр минуска түшүп кетишти. Бул мурда эле болжолонгон нерсе болчу. Жылдын экинчи жарым жылдыгында абал калыбына келет. Жыйынтыгында 2,5-3%дык өсүшкө чыгабыз. Буга биз көп таасир кыла албайбыз. Мындай кырдаалда өкмөттүн жөнгө салуу механизмдери жок.

- Дагы кайсы тармактардын экономикабыздагы орду чоң?

- Электр энергиясын өндүрүү, тигилген буюдарды экспорттоо, айыл чарба тармактарынын үлүштөрү башкалага салыштырмалуу бир аз чоңураак. Ошол эле кезде бизде терс соода-сатык сальдосу байкалат – сатканыбызга караганда, көбүрөөк сатып алабыз. Биздин экономикабызды кармап турган нерсе – эмгек миранттарынын акча которуулары төлөм балансын теңдеп турганы.

Учурда геосаясий деңгээлдеги макроэкономикалык өз ара мамилелерде болуп жаткан нерселер бизди катуу чочулатып жатат. Бир жагынан АКШ, экинчи жагынан Евробиримдик, Кытай, Орусия, Түркия өлкөлөрүнүн ортосундагы санкциялык жана тарифтик тирешүүлөр, өнөктөрдүн валюталарынын курстарынын бат өзгөрүп турушу (биринчи кезекте Орус Федерациясы, Казакстан жана кандайдыр бир деңгээлде Түркия) дүйнөлүк экономикада чоң туруксуздукту жаратып жатат, ал биздин экономикага таасирин тийгизбей койбойт. Алар биздин негизги сатуу рынокторубуз болуп эсептелет.

- Бул туруксуздук бизге кандай таасир тийгизет?

- Биздин эмгек мигранттарыбыз эмгектенген өлкөлөрдүн экономикасынын туруксуздугу которулган акчанын көлөмүн азайтышы мүмкүн. Бул төлөм балансынын дефицитине алып келет. Айтылган нерсе бул жылдагы өлкөбүздүн экономикасына терс таасирин тийгизиши толук ыктымал. Биз ушундан катуу чочулап турабыз. Айтылган нерселердин кесепетин азайта турган иш-чаралардын планын иштеп чыкканбыз. Бирок да кайрадан эле булар биз таасир эте албаган сырткы факторлор.

- Кыргызстандын негизги экономиалык өнөгү болуп Орусия эсептелет. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, 7 айдын ичинде өз-ара сооданын көлөмү 66%дан ашкан. Экономикабыз бул өлкөнүн абалына өтө көз каранды экенин жакшы билебиз. Мисалы, рублдун курсунун түшүшү сомдун курсунун түшүшүнө алып келди. Учурдагы эл аралык саясий кырдаалды жана соода тирешүүлөрүнүн башталышын эске алсак, экономикабызды Орусия менен тыгыз байланыштыруу опурталдуу эпеспи?

- Албетте, бул жарабайт. Өлкөбүзгө келип түшкөн валютанын булактарын диверсификация кылуу аракеттери көрүлүп жатат. Ошондуктан биз башка рынокторго байкоо жүргүзүп жатабыз. Бирок тарыхый жана географиялык жактан алганда биздин продукцияны сатуунун жакшы мүмкүнчүлүктөрү КМШ чөлкөмүндө гана бар, а бул жакта эң чоң рынок – Орусия.

- Диверсификация кандай жүргүзүлөт?

- Бизде Евробиримдиктин рыногуна чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк болгон, биз ал жакта VSP+ деген статус алганбыз. Бул бизге 6 миңден ашык товарды ал жакка пошлинасыз жиберип турууга жол ачат. Бирок ошол эле учурда ал жакта пошлинадан сырткары дагы башка тосмо-талаптар бар экенин жакшы билебиз, мисалы продукциянын коопсуздугу боюнча. Еробиримидикке окшош өнүккөн рыногу бар өлкөлөрдө продуцияга өтө жогору талаптар коюлат, алар көптөн бери иштешип келген камсыздоочуларды, жабдып туруучуларды, биринчи кезекте, транс улуттук корпорацияларды коргойт. Мындайда, пошлинаны төлөбөгөн күндө да бул рынокко чыгуу өтө оор, дээрлик мүмкүн эмес десек болот. Ошондуктан биздин Евробиримдик менен соо-сатыгыбыздын көлөмү жылына араң гана 60 млн долларды түзөт. Бул өтө аз. Жакшы аракеттенсек биз бул санды эптеп 100 миллионго чыгара алабыз. Бул мыкты жакшы жетишкендик болот эле.

- Кайсы рынокторго чыга алабыз?

- Биринчи кезекте Кытай рыногуна. Бул өлкө мурда өзү экспортко басым кылган учурда, бизде мындай мүмкүнчүлүк жок болчу. Азыр Кытайдын саясаты өзгөрө баштады. Алар жашоо деңгээли жогору болгон өлкөнү куруп жатышат, элдин жашоосун жакшыртууга умтулушууда. Көп өлкөлөр менен соода-сатыгынын сальдосу оң болгондо (экспорттун көлөмү импорттон көп болгондо), кытайдын экономикалык саясатына көбү нааразы болушчу. Ошондуктан Си Цзиньпин сүйлөгөн сөздөрүндө Кытай экспорт менен импорт көлөмдөрүнүн ортосундагы чоң айырмачылыкты азайтууга аракет кылып жатканын көп жолу белгилеген эле. Башкача айтканда Кытай чет элдик товарларга өз рыногун ачып жатат. Мына так ушул жерден биз Кытайдын рыногунда өз ордубузду тапканга активдүү иш жүргүзүп жатабыз. Ал жакта зор мүмкүнчүлүктөрбар. Кытай Орусиянын рыногуна альтернатива болушу мүмкүн. Бирок бул келечекте боло турган нерсе. Азырынча бизде орус рыногунан башка мүмкүнчүлүктөр жок.

- Биз Кытайга эмне сунуштай алабыз?

- Кытай рыногу өтө сыйымдуу. Алты миллион калкы бар Кыргызстан үчүн ал түбү жок челектей, ал жакка каалаган нерсеңди сатсаң болот. Бул күндөрү эле ал жакка биздин айыл чарба продукциябыз жөнөтүлө баштады. Анан да алар, таңгалбаңыз, бизде тигилген кийимдерди сатып алууга даяр. Кытайда бул күндөрү өндүрүүнүн наркы бир топ өскөн. Ушуга байланыштуу биздин продукция “баасы-сапаты” боюнча аларга жагымдуу болууда.

- Качан кытай рыногун толук өздөштүрө баштайт элек?

- Президентибиз акыркы жолу Кытайга расмий сапар менен барганда Си Цзиньпин менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол койгон болчу. Бул документтен кийин, адатынча, кандайдыр бир экономикалык жеңилдиктер көрүлө баштайт. Биздин товарлар алардын рыногуна чыга башташы үчүн Кытай киргизген эрежелер өзгөртүлүшү керек. Бул сүйлөшүлгөн нерселер ишке ашырылат деп үмүт кылып турабыз. Биз жол картасын иштеп чыкканбыз, жакында аны иш жүзүнө ашыра байштайбыз.

- Биздин товарлар канчалык деңгээлде Евробиримдиктин, Кытайдын жана Орусиянын сапат боюнча талаптарына жооп берет?

- Биз Еразиялык экономикалык биримдигине мүчө болгонубузда Орусия рыногу бизге ачылды. Бул биримдикке кирүүнүн негизги максаты ушул болчу. Бирдиктүү бажы аймагына ээ болгондон кийин бизде коопсуздук боюнча дээрлик эч кандай чектөөлөр болбойт. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар бири коопсуздук маселесин өзү чечүүгө, кооптуу продукцияны сыртка чыгарбоого милдеттенме алышты. Ушуга байланыштуу алар менен соода-сатык кылууда бизде эч кандай чектөөлөр жок. Биздин продукция ал жакка тоскоолдуксуз жиберилүүдө. Айрым гана сегментти эске албаганда – ал ветеринарлык кызматтар көзөмөлдөгөн товарларга тийиштүү. Ал жакта биз каалаганыбызды жасай албайбыз. Өнөр жай жана өсүмдүк айыл-чарба продукциясы чектөөсүз сатылып жатат.

Продукциянын коопсуздугуна байланыштуу талаптар биз үчүн чоң тоскоол. Анткени дагы да продукциянын коопсуздугун тастыктоо процедуралары бар, аларды сөзсүз шартта аткарышыбыз керек. Мына так ушул процедуралар чоң маселелерди жаратууда. Алардан өтүү оор болгондуктан ал же бул рынокко чыгуу бизге азырынча кыйын болууда. Мындай нерсе, маселен, Евробиримдик боюнча байкалат. Ал жакта эки тоскоолдук бар. Биринчиси: биз чек арадан өткөндө, продукциябыздын коопсуздугун тастыктап беришибиз керек. Экинчи тоскоолдук: чекене соода кылуу рыногу ал жакта эчактан эле транс улуттук корпорациялар тараптан бөлүштүрүлүп алынган. Евробиримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн дүкөндөрүнөн продуктылардын дээрлик бирдей ассортиментин көрсө болот. Ошол дүкөндөрдүн текчелеринен, мисалы, “Кока-Коланы” сүрүп чыгаруу эч мүмкүн эмес. Тармактардын корпоративдик эрежелери бар, анда товардын коопсуздугу, сапаты, таңгакталгандыгы, маркировкасы боюнча талаптар каралган. Ушуга байланыштуу бул текчелерге продукциябыз менен чыгуу өтө оор.

Эмне үчүн биз Орусия рыногун жоготуп албашыбыз керек? Анткени ал жакта жаңы гана калыптануу жараяны жүрүп жатат. Ал жакта болуу менен биз өз товарларыбыздын үлүшүн сактап да, өстүрүп да жатабыз. Ал жактан кетсек эле биздин ордубузду башка товар өндүрүүчүлөр ээлеп алышат. Артка кайтып келүү кыйын болуп калат.

- Июлдун соңунда Focus Economics деген аналитикалык топ 127 өлкөнүн жакырлык рейтингин жарыялады, ага негиз катары 2018-жылдагы ИДПнын көрсөткүчтөрүн кабыл алышыптыр. Кыргызстан дүйнөдөгү эң жакыр он өлкөнүн катарына кириптир. Бизде адам башына туура келген ИДПнын көрсөткүчу 1222 доллар экен. Сиз бул менен макулсузбу?

- Жарым-жартылай. Бул баа берүү улуттук статистикалык органдар берген расмий булактарга таянып жасалган. Бирок бизде экономикабыздын чыныгы көлөмү андан кыйла чоң экенин белгилей кетишибиз керек. Бизде көмүскө экономиканын көлөмү өтө эле чоң. Ар түрдүү эсептөөлөр боюнча, анын деңгээли 35-70%ды түзөт. Демек, элдин расмий да, көмүскө да кирешеси бир топ айырмаланып турат. Ошондуктан көмүскө экономиканы эске ала турган болсок, Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү он жакыр өлкөнүн катарына кирет дегенибиз туура эмес болуп калат.

- Экономиканы көмүскөдөн алып чыгыш үчүн өкмөт эмне аракеттерди көргөнү жатат?

- “Таза” иштөө опурталдуу болгон жерде көмүскө экономиканын өсүшүнө шарт түзүлөт. Ошондуктан ар бир мамлекет ишкерликти алып баруу үчүн либералдуу мыйзамдарды кабыл алганга аракет кылып, лицензиялык-уруксат берүүчү процедураларды жөнөкөйлөтүп, салыктарды азайтат. Мунун баары теорияда ишкерлерге “таза” иштегенге түрткү болушу керек, бул аларга пайдалуу болушу керек. Бул мыйзамдар аткарылганда гана анын жемишин көрсө болот. Тилекке каршы, мыйзамдардын аткарылбашы, жемкорлуктун кенен жайылышы, аны менен күрөшө турган институттун жоктугу ишкерликке жакшы шарттарды түзүп берүү боюнча көп жылдык эмгегибиз текке кетирүүдө. Бүгүн ишкерлер негизсиз салыктар кошулганда жана башка маселелер жаралганда, кимге кайрылып, бузулган укуктарын кантип коргоп алаарын билишпейт. Бул күндөгү көмүскө экономиканын өсүшүнүн негизги себеби – мамлекеттик органдардын аракеттерин же аракеттенбегендерин сотто териштирүү боюнча механизмдердин жоктугунда деп айтышыбыз керек. Ишкерлер соттук иштер дээрлик бардык учурда мамлекеттин пайдасына чечилээрин ар түрдүү деңгээлде айтып келишет. Ушундан соң соттук системага, бийлик органдарына ишеним жок. Көмүскө экономиканын пайда болушунун себептеринин бири да ушунда.

- Негедир, өтө эле кайгылуу көрүнүш. Канча аракет кылынды, а жыйынтыгы эч жок...

- Чынында, жасала турган негизги реформа – бул сот системасындагы жана укук коргоо органдарындагы реформа. Биз бул тууралуу көп айтканыбыз менен ушу багытта чыныгы керектүү кадамдар жасала элек. Бул күндөрү президенттин айткандары үмүт берет. Бирок биз бардык процедуралардын бүтүшүн күтүп отура бербешибиз керек, анткени соттук реформа – бул өтө узакка созулган, көп каражатты талап кылган нерсе.

- Анда бул маселени кантип чечсе болот?

- Биз азыр экономикалык талаштарды сотко жеткирбей чечүү жолдорун сунуштаган мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Бизде азыр Соода-өнөр жай палатасынын алдында көз карандысыз третей соту иштеп жатат. Ал жерде экономикалык талаш-тартыштын ар бир тарабы өзүнүн третей сотун тандап алалат. Экөө үчүнчү арбитрди тандашат. Бул арбитрларды алып салууга, же бул кызматка дайындоого мүмкүн эмес. А демек ал телефон аркылуу берилген буйруктарга баш ийбейт. Мамлекет арбитрларга айлык бербейт. Бул жактан алганда алар мамлекетке материалдык жактан көз каранды эмес. Третей соты талаш-тартыш маселени калыс чечет деп ишенимдүү айтканымдын себеби эмнеде? Арбитр таба турган акчанын өлчөмү анын тандалып алышынын санына байланыштуу. Ар бир териштирүүгө катышкандыгы үчүн акчалай сыйлык алат. Эгер ал жок дегенде бир жолу туура эмес чечим чыгарып кое турган болсо, ал тууралуу бардыгы дароо билип, мынданы ары аны эч ким тандабай калышат. Бул күндөрү биз третей соту өзүн мыкты көрсөттү деп айта алабыз. Анын эл арасындагы жакшы кадыр-баркы бар. Биз эксперимент катары ишкерлер менен мамлекеттин ортосундагы талаш-тартыштуу маселелерди да сотко жеткирбей караштыруу системасын колдонуп көрүүнү сунуштап жатабыз. Эгер бул иш оңунан чыкса, мамлекеттик структуралар туура эмес кадам жасаган болсо ишкерлерде өз укуктарын коргоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул ишкерлердин “таза” иштөөсүнө чоң түрткү болмокчу.

- Мамлекет бул экспериментке барганга даярбы?

- Биздин бул демилгебиз канчалык деңгээлде колдоого алынаарын айта албайм. Бул демилге ишкерлер жана Экономика министрлиги биргеликте өткөргөн конференцияда айтылган болчу. Министрлик бул демилгени мыйзамдын долбоору катары гана иштеп чыкты. Кийин дагы коомдук талкуулар, макулдашуулар жүргүзүлүп, Жогорку Кеңеш аны кабыл алышы керек болот. Башка структуралар бул сунушка кандай мамиле кылаары азырынча белгисиз. Бирок каршылыктар болушу мүмкүн деп болжолдой берсек болот.

- Ишкерликти көмүскөдөн чыгаруу тууралуу сөз болуп жатканда сатык салыгын 5%га чейин көтөрүү тууралуу кечээки эле демилген эстебеске болбойт. Бул салык түрүнүн өлчөмүн көтөрүү ушунчалык эле зарылбы? Бардыгы эле билет да, бул рыноктук эмес салык, аны негизи жоюп коюш керек эле...

- Бул салыктын пайда болушун эскере кетейин. Кайсы бир жылдары өлкөбүздө Кошумча наркка салыктын өлчөмү (КНС) 20% болоор эле. Аны 12%га чейин азайтуу демилгеси талкуулана баштайт. Бюджетке түшкөн каражаттардын өлчөмү азайып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болду. Бул азаюуну кандайдыр бир деңгээлде толуктоо максатында убактылуу чара катары сатык салыгын киргизүү сунушталат. Ал бара-бара азайып отуруп, бир күнү таптакыр алынып салынышы керек болчу. Башында бардыгы план боюнча жүрүп жатты – КНС азайтылды, сатык салыгы киргизилди.

- Бирок сатык салыгы ошол бойдон калып калды...

- Бара-бара сатык салыгын жокко чыгарууну мамлекет унутуп калды. Өкмөттө болгонумда, мамлекет ишкерлерге берген убадасын эстеп, бул салыкты жокко чыгаруу ишин баштоо боюнча демилге көтөргөм. Башка механизм сунуштулаган эле: аны нөлгө чейин баскыч-баскычы менен улам азайтып отурбастан, ар түрдүү ишмердүүлүктөр үчүн бул салыктарды акырындан алуу керектиги айтылган.

- Башкача айтканда, бул салык толугу менен алынбайт?

- Ооба. Мисалы экономика үчүн экспорт кылуу пайдалуу, ал эми импорт кылуу пайдалуу эмес. Демек, экспорттогондорго салыктар жеңил болуп, импорттогондорго катаал болушу керек. Ошондуктан импортко бизде КНС, пошлиналар жана дагы башка салыктардын түрлөрү колдонулат. Ал эми экспорттогондорго сатык салыгын колдонуу – бул экономиканын логикасына такыр туура келбеген нерсе. Ошондуктан биздин биринчи сунушубуз – экспорттогондордон сатык салыгын алып салуу болду. Бул нерсе жасалды.

- Сатык салыгы тууралуу айткан сөздөрүңөргө ишенсек, анын көбөйүшүн накталай акчалар менен иштегендер гана сезиши керек. Эмне үчүн ушул категориядагылар тандалып алынды?

- Мындан бир аз мурдараак сатык салыгын накталай акчалардын жүгүртүмүнө салыкка айландыруу демилгеси көтөрүлгөн эле. Бул кадам дагы жасалды. Накталайсыз иштегендердин бардыгына салыктын өлчөмү 0. Башкача айтканда, сиз “таза” ишетесеңиз, эч нерсе жашырбасаңыз, бардык өнүккөн өлкөлөрдөй каражаттарды которуу аркылуу иштесеңиз, анда сиз бул салыкты төлөбөйсүңөр. Ал эми сиз накталай акчалар колдонулган, оборотту көрсөтпөгөнгө чоң азгырык бар тобокелдик зонада иштесеңиз, анда сиз сатык салыгын төлөшүңөр керек болот.

Бул фискалдык эмес чара. Салыктар бюджетти толуктаганга, же салыктык жүктү көбөйтүү аркылуу кайсы бир коомдук мамилелерди чектөө, азайтуу максатында колдонулган жөнгө салуучу механизм болушу мүмкүн. Мына ошол накталай акчалардын жүгүртүмүнө салыкты көбөйтүү ишкерлерге бул сектордон кетүүгө өбөлгө түзүшү керек.

- Башкача айтканда, бардыгы орундалса, кийин бул салыктан түшкөн каражаттардын көлөмү бара-бара нөлгө чейин азайышы керек?

- Бул эми идеал, ага толук жетүү мүмкүн эмес. Бирок биз “10% накталай – 90% накталай эмес төлөмдөр” деген деңгээлге жете алсак, бу да ишкерлерди көмүскөдөн чыгууга ишарат кылат эле. Сатык салыгын 5%га көбөйтүү демилгеси көтөрүлгөндө мына так ушул максат көздөлгөн болчу. Бул идея жөн жерден пайда боло калган жок. Биз талдап, эсептеп чыктык. Эгер сатык салыгын өзгөрткөнгө чейин накталай эмес акчалардын жүгүртүмү 32-33%ды түзсө, акыркы эки жылда анын үлүшү 44%га чейин өстү. “Таза” иштеген көп ишканалар ачык эле айтышты: “Накталай иштөө биз үчүн пайдалуу эмес экенин түшүндүк”, – деп. Башкача айтсам, жаап-жашыра турган нерсеси жоктор бул салыкты төлөбөй эле, эч кыйналбай эле иштеп жатышат.

- Бирок сиз да дүкөнгө барасыз, ал жакта болсо төлөмдүн басымдуу бөлүгү накталай жүргүзүлөөрүн билесиз да?

- Бул күндөрү бардык эле дүкөндөрдө төлөм картасын колдонгондор үчүн жеңилдиктер каралган эмес. Ушундай жеңилдиктерди киргизүүнү шарттай турган салыктын өлчөмүн чоңойтуу, эмнеге алып келет: сиз төлөм картасынын ээси катары, мисалы, ишкер дүкөндү ачып жаткандагы маркетингдик амалынын катышуучусу болуп каласыз. Дүкөндү ачып, 5 %дык жеңилдик каралган бонустук картаны сизге беришет. Ошондо сиз каалайсызбы, каалабайсызбы, бул дүкөнгө барасыз, анткени андагы товарлар бир аз арзаныраак экенин билесиз. Накталай эмес төлөмдөр үчүн карточкалар же башка механизмдер (Кытайда, мисалы, бардлык төлөмдөр телефонду колдонуу менен жүргүзүлөт) накталай эмес төлөм кылууга жана жеңилдик алууга мүмкүнчүлүк берген жерлерге барууну шарттаган ошондой механизмдерге айланышы керек.

Эгер ишкер көмүскө иштесе, салыктардын жогорулашы ага эч бир таасир этпейт. Ал баары бир салык төлөбөйт. А эгер ал бардыгы накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзгөн чөйрөгө түшүп калып, бардык кардарларын жоготуп, жалгыз кала турган болсо, анда мына ушул нерсе накталай төлөмдөрдү жүргүзүүдөн кетүүгө ага түрткү болот. Сатып алуучу накталай эмес төлөм жүргүзгөндүгү үчүн жеңилдикти талап кылуу менен ишкерлердин көмүскөдөн чыгуусун шарттайт эле.

- Ар түрдүү бизнес-ассоциациялар сатык салыгын жогорулатуу тууралуу демилгени катуу сынга алышты. Ишкерлердин айткандары сизге ынанымдуу болдубу?

- Ишкерлер: Мына, карыган апа карточка менен кантип төлөм жүргүзөт? деп айтышууда. Бирок бул аргумент эмес. Биз аларга: накталай эмес төлөмдөргө өткүлө да салыкты төлөбөй эле койгула деп жатабыз. Мындай кылганга аларга эч ким жолтоо кылбай эле да. Азырынча мен ишкерлер тараптан жүйөлүү аргументтерди көрө элекмин.

Бул чакан жана орто ишкерлердин ишин оорлотот деп жатышат. Чакан жана орто ишкерлер патент менен иштешет. Алар бирдиктүү салык төлөшөт, бул нерсе аларга таасир этпейт. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө терс залакасын тийгизет дешүүдө. Жок, андай эмес, айыл чарба продукциясын өндүрүүчү жер салыгын гана төлөйт. Бул чара негизинен Казакстандан контрабанда кылуу менен шугулданып, биздин чоң баш оорубуз болгон майда, орто жана ири дүң менен иштегендерге таасир этет. Же болбосо, Кытай менен чек арадан өткөндө эсепке алынбаган товарлардын ээлерине таасир этет.

- Накталай эмес төлөмдөргө өтүү инфраструктурага байланыштуу. Мына силер Кытайды мисал келтирдиңер, аякта бардык төлөмдөрдү телефонду колдонуп жасашат деп. Ушундай эле нерсе азыр Орусияда да колдонула баштады. Бирок биздин инфраструктурабыз буга даяр эмес да.

- Эмне гана ойлоп чыгарбагыла, кагазда эмне деп гана жазбагыла, бирок рынок баары бир өз мыйзамдарын таңуулайт. Эмне үчүн бүгүн биздин инфраструктурабыз даяр эмес? Анткени бизде суроо-талап жок. Суроо-талап боло турган болсо биздин банктар заматта керектүү инфраструктураны камдай койгонго даяр. Мен мында эч бир маселени көрбөй элем. Анан да, каалайбызбы, же жокпу, бул баары бир келет. Дүйнө жүзү ушул багытта кетип баратат. Биз алардын арасында ишкерликти эскиче алып барган арал катары кала албайбыз.

(Уландысы бар)

Интервью алган Александр Кулинский

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине