«Жерүйдүн» алгачкы алтыны алыс эмес

09:30, 8 Апреля 2019

«Жерүй» кенинде курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Талас алтын кен ишканасынын көптөгөн объекттери сентябрь айынын башына чейин даяр болот. Ал эми комплекстин чок ортосу- алтын чыгаруучу фабриканы үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.

«Жерүй» алтын кени алыскы 1969-жылы ачылган.  Анын деталдуу изилдөө иштери 15 жылдан кийин аяктаган. Изилдөөлөрдүн натыйжасында, «Жерүй» кени «тоо үстүндөгү кендер» түрүндөгү кубаттуулугу, алтындын көлөмү жана анын  чыгарылышы  боюнча Кыргызстандагы эң мыктылардын бири экендиги аныкталган. Геологдордун айтымында, бул жердеги рудадагы  баалуу металлдын курамы аз дегенде 105 тоннаны түзөт. Руданын ар бир тоннасында орточо эсеп менен 4,02 грамм алтын жана 1,11 грамм күмүш бар. Бул жагдай аталган кенди иштетүү жагынан өтө перспективдүү кылат.

Талас алтын кен ишканасынын учурдагы долбоору 25 жыл активдүү иш алып барууга эсептелген. Жаңы технологиялардын жардамы менен, рудадан алтынды 90 пайызга чейин алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө 79,4 тонна пайдалуу металл, тагыраак айтканда жылына 3,5-5,2 тоннадан алып туруу пландалууда. Алтынды өндүрүү ачык түрдө (карьерде) жана жер алдында жүргүзүлөт. «Жерүй» кенин иштетүү лицензиясын алган «Алтын Альянс» ишканасы дүйнөлүк жана ата-мекендик деңгээлдеги алтын иштетүүчү ишканалардын тажрыйбасын колдонуп, айлана-чөйрөгө тийчү зыяндын көлөмүн минималдуу деңгээлге чейин азайтууга аракет кылган. Мисалы, руданы иштетүүдөн кийин калган калдыктар INCO методикасы менен кайра иштетилет. Ал иштетилген рудадагы цианиддердин көлөмүн литринде 0,05 милиграммга чейин түшүрүүгө жардам берет. Бул көрсөткүчтөр Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Евро биримдигинин талаптарына туура келет. АЧФнын калдыктарын сактоо ага ылайыкташтырып, топурак алдындагы сууларды коргой турган экран менен жабдылган атайын аянтчада жүргүзүлөт. Фабрика туюк суу камсыздоо каналдары менен гана камсыздалат. Бул биринчиден, фабриканын жаңы техникалык сууну чыгымдаганын кыскартат. Демек, ал суу айланадагы дарыялардан алынбайт. Экинчиден, бул кир сууну сыртка төгүүнү токтотот. Жана, албетте, Талас алтын иштетүү ишканасынын баардык объекттеринде мониторинг жүргүзүлөт. Ал сырткы суулардын, абанын, (анын ичинде радиациянын), жан-жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн, муздардын сапатын көзөмөлдөөгө жардам берет.

Айлана-чөйрөнүн абалын көзөмөлдөө экологиялык эсептерди туура чыгарууга шарт түзөт. Алдына ала маалыматтарга карата, 25 жылдык ишмердүүлүгүнүн алкагында Талас алтын чыгаруучу ишканасы экология жана жер колдонуу үчүн 11,2 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат которуп берет. Андан 5 эсеге көп каражат, тагыраак айтканда 55,7 миллион доллар «Бакубат Талас» бакубаттулук фондуна которулат. Ал «Альянс Алтын» ишканасы тарабынан негизделип, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт. Айта кетсек, азыркы учурда фонддун эсебине 300 миллион сом которулду. Кийинки жылдары ишкана фондго жылына 150 миллион сомдон которуп турат. Фонддун бюджетинин 40 пайызы кайтарымсыз социалдык долбоорлорго сарпталса, калган 60 пайызы 8% үстөк менен облустагы кичи жана орто бизнести өгүктүрүүгө насыя катары берилет.

Ошондой эле, ишкана ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө Талас облусунун, Талас районунун жана Бекмолдо айылынын өнүктүрүү  фонддоруна 57,6 миллион доллар бөлүп берет.

Азыркы учурда кенде курулуш-монтаждык иштери кызуу жүрүп жатат. 15 ата-мекендик жана чет элдик ишкана АЧФны тургузуу, калдыктар сакталуучу жайынын, вахталык айылчанын,  жолдордун, электр өткөрүү линияларын жана карьердеги тоо-капиталдык иштерин жүргүзүп жатат. Бул иштерге тартылган жумушчулардын басымдуу бөлүгү, тагыраак айтканда 95 пайызы- кыргызстандыктар. Алардын дээрлик жарымы- Талас облусунун тургундары. Жумуштардын көпчүлүк бөлүгүн 2019-жылдын 30-августуна бүтүрүү пландалууда. Долбоордун жалпы бюджети, анын ичинде геологиялык чалгындоо иштерин кошкондо 272, 9 миллион долларды түзөт. 

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине