Жерүйдүн алтынын күтүп

09:36, 27 Декабря 2018

Кыргызстандын аймагындагы чоңдугу боюнча экинчи орунда турган кең – Жерүйдүн ишке кирерине саналуу гана айлар калды. «Альянс Алтын» ишканасы аталган перспективдүү кендин жети объектисинде кандай иш-чаралар жүрүп жатканын журналисттерге көрсөттү. 2019-жылдын март айындв дээрлик миң кыргызстандык жарандар бул алтын кенинде жогорку төлөмдүү жумушка ээ болот.

Жолтонун алтыны

Жерүй алтын кени Талас облусунун тоолорунда деңиз деңгээлинен 3 750 метр бийиктикте жайгашкан. Адистердин айтымында, кендеги алтындын көлөмү 90 тоннаны түзөт. Эгемендүүлүк жылдары аталган жерди иштетүү үчүн 10 инвестор алмашкан. Бирок эмнегедир Кыргызстандын өкмөтү менен инвесторлордун ортосундагы макулдашуу ар кандай себептерден улам үзгүлтүккө учурап келген.

2015-жылдын май айында Жерүйдү иштетүү учун болгон сынакта «Русская Платина» компаниялар тобуна кирген «Восток-геолдобыча» компаниясы утуп алган. Жеңиш компания мыкты технико-экономикалык сунушту киргизип, лицензия үчүн 100 миллион доллар төлөп бергендигинин арты менен тийген. Андан сырткары, жаңы инвестор Кыргызстанды 580 миллион долларга төлөөгө милдеттендирген мурунку инвестордун карызын жаап берүү милдетин алган. «Восток-геолдобычанын» «кызы» «Альянс Алтын» өз жумушун ушундай шарттарда баштаган.

Бирок иш өз убагында башталган жок, кыйынчылыктар башталган. 2016-жылы Кыргызстанда кээ бир мыйзамдар өзгөргөн, анын айынан, «Алтын Альянстын» башкы жетекчиси Михаил Шубиндин айтымында, долбоордун реализиацияланышы созулган. Ошол эле жылдын апрелинде жер байлыктарын иштетүүнү лицензиялаган комисссия компанияга ал алтын чыгаруучу фабрика менен радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайды өз убагында куруп баштабагандыгы үчүн 100 миң доллар айып пул салган.

«Альянс Алтын» мамлекетке 600 миң доллар төлөп берип, кийин комиссиянын чечимин жокко чыгарткан. Компания кайра иштетүү комплексин өз убагында, 2017-жылдын ноябрында баштаганын далилдөөдө. Бирок ошол эле убакта, башкы жетекчинин айтымында, алтын чыгаруучу фабриканы өз убагында, 2019-жылдын мартында ишке киргизүү мүмкүн эмес экен. Андыктан фабриканы мөөнөтүнөн кеч иштеткени үчүн компания салык төлөөгө даяр.

Өзүңүздөр көрүп тургандай, башталыш абдан пессимисттүү жана ар бир инвесторду качырышы мүмкүн, бирок «Альянс Алтынды» эмес.

50 чакырым жол жана үзгүлтүксүз электрэнергия менен камсыздоо

Бишкектен Жерүй алтын кенине чейин беш сааттык гана жол. Суусамыр-Талас трассасынан түшөөрүң менен автоунаа жолу башталат, аны орус инвесторлору жаңыдан куруп чыкан.

Бардыгы 15 миллион долларга 50 чакырым жол оңдолуп түзөлгөн. Өзгөчө таасирди деңиз деңгээлинен 2-3,5 чакырымга көтөрүлгөн, карьерге алып баруучу эки баскычтуу  серпантин калтырды. Бул сырткы руда ташуучу технологиялык карьер жолдун узундугу 13 чакырымга созулат. Ал эми эң чокусунан тоолорду жана келечектеги алтын чыгаруучу жерди көрүүгө болот.

«Альянс Алтындын» башкы жетекчичси Михаил Шубин, журналисттерге өзү экскурсия өткөрүп жатып, «Бул жогорку кластердеги аянтчага бул жерден үч чакырым аралыкта жайгашкан карьерден руда алынып келип турат. Азыр ал жерде жардыруу иштери жүрүп, карьерге карай жол салынып жатат. Бул жерден руда жүктөлүп, алтын чыгаруучу фабрикага жеткирилет,» - деп түшүндүрдү ал.

Келечектеги алтын чыгаруучу фабрикага карай 33 чакырымдык руда ташылуучу жол курулду. Ал жол менен кетип баратып, биз 70-80 пайызга даяр, долбоордун башталышын күтүтп жаткан объекттерди көрдүк. Бул 600 тонна күйүүчү-сүйкөлчү материалдарга даярдалган кампа жана автоунаалардын май толтуруучу эки колонналык станциясы экен. Анда ошондой эле «Стройиндустриянын Базасы», жол оңдоп түзөөчү пункт, оңдоп түзөөчү механикалык цех, вахталык шарча, кампа чарбачы жана от бекети бар.

Өзгөчө таасирди курулуп бүтүп, жумуштун башталышын күтүп жаткан Борбордук подстанция калтырды. Бул подстанциядан чыккан электр энергиясы менен алтын чыгаруучу комбинаттын баары, рудниктен баштап алтын чыгаруучу заводко чейинки объекттер камсыз болот.  Буга чейин кубаттулуугу 10 мегавольт-амперди түзгөн эки трансформатор орнотулган, ал эми подстанцияга карай узундугу 2,2 километрди түзгөн 110 киловольт кубаттулугу бар жаңы линиялар курулуп, мамлекеттик тармактарга кошулган.

«Подстанциянын жана энергия менен камсыздоо сиситемамынын курулушуна жалпы жонуна 500 миллион сом сарпталды. Анын ичине подстанция, рудникке карай тартылган6 жана 35 киловольттук линиялар жана ар бир объекттеги трансформатордук блоктор кирет. Жер үстүнүн рельефин жана аралыкты эске алганда, комбинатты электр энергиясы менен камсыздоо- абдан татаал процесс. Бирок биз бүтүндөй электр системасын жыйынтыктадык. Бул  АЧФ ишке киргенине чейинки жасалганчоңдугу боюнча экинчи жумуш. Бул бизге АЧФ монтаждалганга чейин жабдууларды көчүрүүгө жол берет»,  - дейт Михаил Шубин.

Айта кетсек, баардык  жолдорду жана объекттерди курууда ишти 15 ата мекендик подряддчик ишканалар алып барууда, ал жерде 380ге жакын кыргызстандыктар иштейт.

Алтын фабрикасы

Журналисттерге курула баштаган алтын чыгаруучу фабриканы дагы көрсөтүштү, ал графиктен 6 айга артта калууда.

«Фабриканы 1 миллион 300 миң тонна рудага кубаттап салып жатабыз, ал кайра иштелип чыккандан кийн жылына 4-5 тонна алтын чыгарууну пландап жатабыз. Бүгүнкү күндө фабрикада руда кампасы даярдалган, ал ошол жерден иштетилип, калдыктар сакталуучу жайга чыгарылып турат. Кайра иштетүү методу – тикелей щелочь менен ээритүү аркылуу жүргүзүлөт, анткени аталган метод табийгый жактан таза болуп саналат. Жабдуулар Швециядан чыккан, ошондой эле немис жанчыгычтары, түштүк африкалык аралаштыргычтар менен ээритүүчү жабдуулар жана европалык насостор келет. Бир сөз менен айтканда, жабдыктар дүйнөнүн мыкты бренддеринин өндүрүшүнөн чыккандар. Фабриканы тесттик режимде 2019-жылдын октябрь-ноябрь айларында жүргүзүүнү пландап жатабыз», - дейт Михаил Шубин.

Радиоактивдүү калдыктар сакталуучу жайларды дагы куруу башталды, ал жерде немис өндүрүшүндөгү геомембрандык салгычы бар калдыктарды кургак кампалай турган эң кымбат заманбап технология колдонулат.

Калдыктар сакталуучу жай убакыт өткөн сайын коопсуз болуп, рекультивацияланат, анын ордуна кийин жер себип, өсүмдүк отургузууга болот. Дароо эске салайын, аталган калдыктар сакталуучу жай башкаларга окшоп куюлма болбойт, андыктан кайсы бир жеринен жарылып кетип уу агып кетет деп коркпой эле койсок болот. Ашыкча нымдуулук атайын чогулткучка жыйналып, кайра фабрикага жөнөтүлүп турат. Фабриканын 20-25 жылдык ишинде үч калдыктар сакталуучу жайды курууну пландап жатабыз, алардын ар бири беш жылда толот,»- деп түшүндүрдү жетекчи.

Фабрика ишке кирери менен 1000ге жакын кыргызстандыктар жумуш менен камсыз болот. «Альянс Алтын» ишканасы жумушчулардын 90% кыргызстандыктар, ал эми калган 10% гана чет элдик жарандардан болот деген милдетти алган. Бүгүнкү күндө бул милдеттер чектен ашты, анткени азыр бул жердеги жумушчулардын 93% жергиликтүү жашоочулар. Белгилей кетсек, кадимки жумушчунун айлык акысы 40 миң сомдон жогору. Бул дагы комбинат ишке кире электегиси.

«Бизде жумушчуларды үйрөтүү үчүн атайын программа бар, ал 2019-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштайт. Биздин кызматкерлер адистерди кесиби жана квалификациясы боюнча алып жатат.  Андан сырткары, объекттерди, анын ичинде байытуучу фабриканы  куруп жаткан подрядчиктер жабдууларды монтаждап ишке киргизүү үчүн жергиликтүү жашоочуларды жалдашууда. Кээ бир жумушчуларды подрядчиктерибиз стажировка иретинде Кахакстанга жана Россияга алып барышууда. Ушинтип, 2-3 айдын ичинде бизде жумушчулар окуудан өтүп, кийин алар бизге фабрикага жумушка келишет. Тагыраак айтканда, бизде ушундай узак мөөнөтүү окуу процесси бар,» -дейт Михаил Шубин.

Каржы жөнүндө

Талас алтын кен комбинатынын ишке киргенге чейинки бюджети 270 миллион долларды түзөт, алардын 180 миллиону насыя катары Россиянын эң чоң инвестициялык банкы – ВТБдан алынат.

«Бул Кыргызстан үчүн абдан жакшы саамалык, анткени мындай инвестициялары бар банктын келиши абдан белгилүү күн болот. Жыйынтыгында, долбоордун каржылануусу төмөнкүдөй бөлүндү 30% - акционерлер жана 70% ВТА банк. Насыянын күрөөсү – кендин лицензиясы,- деп жыйынтыктады Михаил Шубин. Баардыгы «Жерүй» долбоорунун өнүктүрүүгө 104,3 миллион доллар сарпталды. Ушул эле жылы курулуш иштерине 56 миллион доллар коротулду. 2019-жылы 122,8 миллион доллар сарптоо пландалууда, ал эми долбоордун 2020-жылы толугу менен ишке киришине чейин- 45,8 миллион доллар коройт.

Журналисттер күбө болгон «Алтын Альянстын» жасаган иши абдан чоң таасир калтырды. Ал эми долбоордун ишке киришинен күтүлгөн үмүттөр андан да чоң.

Жерүй алтын кени 25 жыл иштетилет, алдына ал эсептелген руданын көлөмү 21 миллион тоннаны түзөт, ал эми болжол менен далилденген алтындын запасы 2,68 унций.

Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине