Кыргыздар биз кимбиз, биз кимге сыйынабыз?

00:51, 13 Октября 2014

Биз кимбиз, кыргыздар – чыныгы мусулмандарбызбы же Көк Теңирге сыйынган эркин көчмөндөрбүзбү, дагы эле билбей келебиз?  Кезектеги Курман-айт намазы жамгыр жаагандыктан күн ачыктагыга караганда 2 эсе аз мусулмандар келип, элдин көзүнө көрүнүш үчүн гана уюшкандай таасир калтырды. Эмнеге? Чыныгы ишеним аба-ырайына көз каранды болушу мүмкүн беле?

Биз дагы эле кайсы жол менен кетээрибизди тандай албай келебиз- акыркы 100 жылдыктагыдай Орусия мененби же тандоо эркиндиги, интернети жана торчодон тигилген ич кийими бар Батышка ооп кетсекпи? Биз эмнени тандаарыбызды билбейбиз- жашоодон артта калгандай көрүнүп, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктардыбы же салттуу эместерге толеранттуу мамиле кылып, заманбап кишилердин өңүн алсакпы.

Биз келе жаткан кыштан кантип чыгаарбызды билбейбиз. Ошто газ жок, борборду электр жарыгы өчүрүүлөрү күтүлүүдө, бензиндин баасы күн санап өсүп барат. Эң кызыктуусу, Токтогулдагы суунун деэгээлин жана ЖЭБдеги көмүрдун өлчөмүн билебиз. Бирок, андан биздин жашообуз жеңилдеп кеткен жок.  Анткени, кантип жашаш керек жана кантип жан сактащ керек деген сурооолор ачык бойдон калууда.

Биздин саясий кызыкчылыктарда дагы бары чаржайыт, ай сайын окшош нерсени убада кылган, бийликке келээр замат ал куру убадаларын дароо унуткан жаңы биргиүүлөр жана партиялар пайда болууда.

Биз, чала сабат тарыхчылар жана журналисттер ойлоп тапкан өзүбүз жөнүндөгү ар түрдүү уламыштарга ишенип, реалдуулуктан алыстап келебиз.

Биз региондорго, уруу-уруу, тукум болуп, эне тилин билүү деңгээли боюнча, социалды статус жана керек болсо дин ишенимибиз боюнча бөлүнөбүз.

Бирөө жарым муну өсүш жана өзүн-өзү таанып билүү маселесине байланыштырып, туура деп айтышы мүмкүн. Бирок, биз ушул суроолорго жооп тапкыча дүйнө алдыга кетип, космосту багындырып, жерден тышкары цивилизациялар менен байланыш түзүп жаткан маалда биз болсо өзүбүздү иликтеп, саясий кызыкчылыктарбыз менен рефлекстүү улут бойдон калабыз деп ойлобойсуңарбы?

Балким, бизди бөлүп, алдыга карай жылууга тоскоолдук жараткан калдыктардан арылып, биригүүгө учур келгендир. Бири-бирибизге ичи-тардык кылып, кызуу кандуулук менен айтылган сөздөрдү кечирүүгө мезгил жетти. Өзүбүз кандай болсок, дал ошол бойдон кабыл алып, күнүмдүк эмгек менен жакшырууга убакыт келди.

Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине