Кыргыз аялдарынын колунан бары келет! Саткынчылыктан башкасы…

13:58, 29 Января 2015

Кыргыз аялдар – чыныгы феномен. Чыдамкай, чечкиндүү, эмгекчил. Абдан оор кырдаалда бардык жоопкерчиликти назик моюндарына артып, абалды жөндөп, туңгуюуктун артынан күн көрүнгөндө тизгинди эркектердин колдоруна тапшырышат. Биздин тарыхта андай окуялар көп жолу орун алган. Ар бирибиздин үй-бүлөбүздө да болгон. Мындай көрүнүш дагы да улана берээри талашсыз...

Кыргыз аялдар эрктүү. Кыйынчылыктардан, оор иштен коркушпайт, аркасынан айтылган ушактар да аларды кабатыр кыла албайт. Анткени, аялдар болбосо эч ким оор ишти өз ордунча кылбасын билишет.

Кыргыз аялдар мекенчилдер. Өлкөнүн келечегин ойлошот, анткени, турмушту өздөрүнүн балдары аркылуу таанышат. Алар Кыргызстанда келечекте ден соолугу чың жана билимдүү кишилер жашашы үчүн балдарды төрөп, тийиштүү деңгээлде аларга кам көрүшөт.

Кыргыз аялдарынын колунан бары келет. Алар мугалим, доктур, дипломат, журналист, министр, Башкы прокурор, керек болсо Президент да боло алышат. Күн сайын бийлик үчүн күрөшкө, убактылуу жыргалчылыкка же өз күчүн көрсөтүүгө алаксыбастан күнүгө өз ишин так аткарып келет.  Ишке абдан берилгендиктен, ушакка да убактылары жок. Ошондуктан бизде ушак менен негедир эркектер шугулданып калган. Балким, убактыларын кайда жумшашты билбей жатышкандыр?

Анда кыргыз аялдар эмнени кыла алышпайт? Алар саткынчылык эмне экенин билишпейт. Алар эч качан өлкөсүн, балдарын, күйөөлөрүн сатпайт... 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине