Коррупциянын карышкырлары тажатышты!

09:01, 18 Сентября 2014

Министр Абдылда Суранчиев жана Маданият министри Камила Талиеванын кызматтан кетиши эмнегедир анчалык кубаныч жана үмүт алып келген жок. Эмнеге? Анткени алардын ордуна ошондой эле маданияты төмөн, бюджеттин эсебинен байып кетүүнүн гана амалын издеп, сыйлуу орунда отурууну эңсеген коррупциянын карышкырлары келет.

Өлкөдө кадрдык жетишсиздик. Дымагы күчтүү бекерпоздор толтура. Бирок, патриоттор жетишпейт. «Мен чыныгы кыргызмын!» деп кыргыздын желегин көтөрүп алып төшүн какккандар эмес,  күн сайын өзүн жумушун аткарган мыкты иш билгилер жетишпейт. Чындыгында дагы ошолордун аркасынан өлкө урап калган жок жана мамлекеттик органдар иштеп турат. Алар өз жоопкерчилигин түшүнүшүп, көчөгө кыйкырып чыгышпайт. Кыйкыргандардын алдыңкы катарында көбүнэсе бекерпоздор жана ичи көңдөй атырылмалар.

Тешилгенче эскилиги жеткен кадрлар Акаев мезгилинен бери кызматтарга жармашып келет жана өлкөдө сапаттуу өзгүрүүлөр байкалбайт, ал өзгөрүүлөрдү демилгелш үчүн күч-кубаттары да жок. Анткени, адамдар 60тан ашкандан кийин келечек жөнүндө ойлонбойт, өткөн чак тууралуу ойлонуп, ошол мезгилге буту колу менен жармашат.

Эй, бийлик! Материалдык жыргалчылыгын ойлобогон, аты коррупциялык чыр-чатактарга аралашпаган чынчыл жаштарга жол берсеңер боло. Жаш бүркүттөргө көбүрөөк эркиндик жана бийлик бергилечи, иш кылышсын, жаңылса кулап, кайра туруп ишти улантып кетишсин. Бирок, алар  биздин, жөнөкөй кыргызстандыктардын бакубат турмушу үчүн өлкөнү эски карышкырлардан жана чөөлөрдөн тазалашсын!

Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине