Оппозиция, жаштарга жол бергиле!

15:42, 25 Февраля 2015

Жаз жакындаары менен кызуу ишмердүүлүгүн көрсөтүмүш болгон бекерпоз саясатчылар үймөлөктөшө башташты. Чогулуш, курултай, форумдарда дайыма баягы эле кишилер чогулуп, бир эле сөздү кайталай беришет:  «Бийлик начар, жашоо жаман, карапайым элди жокчулука алып келишти! Кетсин!» Чынын айтканда алардын сөздөрүн кайталоо деле күлкүлүү болуп калды. Бул ураандар ушунчалык эскирип, маанилүүлүгүн жоготуп, каңгыраган, бош чаканын добушундай эле болуп калды.

Эмне үчүн?  Анткени, Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү алардын берекелүү жашоосу биринчи кезекте алардан гана көз каранды экендигин түшүнүп, жаңыча жашоого бел байлашкан. Бул жакшыбы же жаманбы? Бул айтпаса да түшүнүктүү. Мамлекет же мамлекеттик кызматкер алардын тиричилиге тыйын-тыпыр ыргытып турат дегендер азайды. Акырындап ар бири өз эмгеги, күчү, интеллектине таянып, оокат кылып калышты. Ар кимдики ар башкача болуп жатат. Бирок бирөөгө таянып жашоо психологиясы акырындап артка калып кетүүдө. Жаңы жашоо башталып, Кыргызстандыктар өзүнүн бейкуттуулугунун жана жашоо деңгээлинин кожоюну экендигин сезишти.  

Азыркы жаштар негизинен улуу муунга караганда ийгиликтүү жана табышкер десек да болот. Себеби, башынан эле катаал рынок шартына аралашты. Бул катмар өзүнүн берекелүү турмушун мамлекеттик бийлик менен көп байланыштырбайт. Алар улам жаны бийиктиктерди ашып, заманбап техникалар менен бир катарда туруп, күнүмдүк нерселерге өзүнүн жаңыча көз карашын билдирууго ашыгышат. Жаштар бир нече чет тилдерин билишет, башка өлкөлөргө коп чыгып, бирин бири сындашпайт. Анткени алардын сынга жана нааразычылыка убактысы да жок. Аларга ушул жерде жана ушул заманда жашаш керек.

Ал эми чаканын каңгыраган, бош үнүн көбүнчө иши жок калган саясатчылар чыгарат. Коомчулуктун көңүлүн башкача жол менен бурууну, өңү өчүп бараткандар билбейт. Эмнегедир жаңы бийиктиктерге жетип, күнүмдүк маселелерди сүйлөшүү аркылуу чечип, топтогон тажрыйбасы аркылуу көз карашын билдире алышпайт. Кайрадан баарын талкалоону гана көздөшөт. Достор, бирок, бул жолду биз эки жолу басып өткөнбүз. Келгиле эскилиги жеткен «Кетсиндин» ордуна жаңы жолдорду, жаңы чечимдерди, жаңы ураандарды издейбиз. Жолду асылзат ойлору бар, аруулука жана калыстыка умтулуусу бар жаштарга бошотпойлубу. Айта кетсек, мамлекеттик бийлик өзүнүн катарын жаш кызматкерлер менен толуктап, аларга жогорку жана жооптуу кызматтарды ишеним менен артып жатышат. Оппозиция деле бир аз жол берсе болот. Антпесе өсүп-өнүгүү болбойт!

Лейла Саралаева

Фото В. Оселедко

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине