Аида Давлетова: Мектептин директору – бул, биринчи кезекте, жакшы менеджер

10:15, 11 Мая 2018

Бүгүн биздин редакция борбор калаадагы №63 мектеп-гимназиянын директору Аида Давлетованы таныштырмакчы. Кесиптештеринин пикиринде, Аида Абубакировна – Кудай даарыган директор. Ал эми макалабыздын каарманынын өз пикири боюнча, мектептин директору болуш үчүн мугалимдик дарамет аздык кылат. Аны үчүн универсалдуу адис, коммуникатор, ишкер, мугалим, психолог жана менеджер болуш керек. Балким, менеджерлик – эң биринчи талаптардан болоттур.

Бул мектепте маданий баалуулуктарды калыптандырганга өзгөчө көңүл бөлүшөт. Баштапкы кесиби боюнча Аида Давлетова – орус тил мугалими. Мектептин короосунда Чыңгыз Айтматовго арналган сейрек монумент орнотулган. Экинчи кабаттын холунан анын чоң портертин көрсө болот. Мектепте окуучулардын гана эмес, башка билим берүү мекемелеринде иштеген кесиптештеринин чоң кызыгуусун жараткан айтамтовтаануу бурчу иштеп келет. 63-мектептин бүтүрүүчүлөрү башка мектепти аяктагандарга караганда Айтматовдун чыгамарчылыгын эң жакшы билишет болушу керек. Ал эми ал аркылуу – өз жашоолорун да. Адабиятты мектепте окутуунун негизги максаты так ушул эмеспи.

Мектепте ызы-чуу, баштапкы жана андан жогорураак класстардын окуучулары бирдемелерди эле талкуулашып, каткырып ойноп жүрүшөт. Бардыгы адатынча. Бир гана экинчи кабатта портреттин жанынан өтүп бараткан балдар кадамдарын жайлатып, анчалык катуу сүйлөп, каткырбаганга аракет кылышат. Ошондуктан биз көп маселелердин катарында балдарда адеп-ахлактык баалуулуктарды кантип калыптандыруу керек экендигин талкууламакчыбыз.

- Балдар мектептен билимди гана албастан, кайсы бир адептик ориентирлерди да алышы үчүн эмне кылуу керек? Же аларды балага үйрөтүү – үй-бүлөнүн ишиби?

- Албетте, бул жерде алдыңкы орунда үй-бүлө болушу керек. Ата-энеси – эң башкы насаатчылар, өсүп, чоңоюп жаткан жаш баланын биринчи жардамчылары, кеңешчилери. Көбү баласына жарым саат убактысын арнагандан да качат. Аны угуп, түшүнүп, баласынын таянар тоосу бар экенин көргөзгүсү келишпейт. Ата-энесинен артык эч ким балага багыт берип, камкордукка бөлөп, сүйүүсүн бере албайт. Эгер ата-энелери жакшы китептерди окушпаса, маданият менен кызыгышпаса – балдарында бул нерселерге кызыгуу болобу? Билесиңерби, кээде ата-энеси менен баласын жакындатуу да мектептин максаты болуп калат...

- Ата-энелери менен да иштейсиңерби?

- Ооба. Биз өзүбүздө Мугалимдик илимдин университеттерин ачканбыз. Бул программа бизде көп жылдардан бери иштеп келет. Бул өзгөчө сабактар – ата-энелер үчүн. Бул сабактардан кийин балдардын энеси менен атасынан, чоң энеси менен чоң аталарынан чын жүрөктөн чыккан терең ыраазычылыктарды көп угам.

- Мектеп балдарды келечектеги чоңдордун жашоосуна кантип даярдайт болду экен?

- Мектептин сыртындагы жашоо ар-түрдүү коркунучтарга, терс нерселерге толтура. Ксенофобия, шовинизм, маданиятсыздык деген нерселер жаш баланын аң-сезимине терең сиңе элек кезинде эле аларды жок кылышыбыз керек. Мындай нерселер менен тыюу салуу аркылуу күрөшүү мүмкүн эмес. Үлгү көрсөтүү аркылуу, жылуу сөз айтуу менен гана бир нерсеге жетсе болот. Ошого байланыштуу көп этностордун өкүлдөрү окуган мектепте саясиймаданияттуулукка, сабырдуулукка тарбиялоо өзгөчө мааниге ээ. 26 жыл мурун Советтер Союзу урап калды, бирок интернационалдуулукка тарбиялоо салты биздин гимназияда ыйык сакталып келет. Биз орустардын кышты узатуу майрамы Масленица, чыгыш элдеринин жаңы жылын Ноорузду белгилеп, ар-кайсы элдин улуттук ашканасы менен тааныштырган “Түшүм майрамын” өткөрөбүз. Ал эми Жаңы жылдын алдында жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн саламы деген музыкалдык-чыгармачыл салтанат уюштурулат, жана да ушуга окшош дагы башка көптөгөн иш-чараларды өткөрүп турабыз. Бир карасаң, булардын бардыгы көңдүм эле иш-чаралар, бирок аларды өткөрүп жатканыбыздагы балдардын көздөрүн көрдүнөр беле, алар тим эле жанып турат. Балдарды насаатчы катары гана акыл айтпастан, аларга бир-бирине жакын болууга өз алдынча аракет кылганга мүмкүнчүлүк бериш керек.

Биз адабий чыгармаларды талкуулап, андагы жакшы нерселерди балдар өзүнө алуусуна аракет кылабыз. Балдардын айткандарына өзгөчө көңүл бурабыз. Карыларга жардам бергендерине көмөктөшөбүз, бул багыттагы иш-чараларды пландаштырып, өткөрүп турабыз. Үй-бүлөгө сый мамиленин зарылдыгын балдарга түшүндүргөнгө аракет кылабыз. Мунун бардыгы практика аркылуу гана үйрөтүлөт.

Сүрөттө: №63 мектепте Нооруз майрамы белгиленип жатат

- Бул күндөрү мектептин директору болуу оорбу?

- Аябай. Катуу кысым астында болосуң. Бизди ата-энелер көзөмөлдөп турушат, жогору турган органдар текшерип келишет, өз абийириң да тынчтык бербейт. Ал эми мектепти каржылоо маселеси кандай экенин билесиңер, мындайда “аман калуу” аракеттери тууралуу гана сөз болушу мүмкүн.

Энтузиаст мугалимдер, ата-энелердин жардамы жана да акыркы жылдары бизди бир аз түшүнө баштаган бийлик – бизди кармап турган нерселер ушулар. Болбосо, биз эчак эле мектебибизди жоготуп алмакпыз.

- Сиздин жамаатка жана өзүңүзгө талаптарыңыз катуубу?

- ССРС заманында төрөлүп-өскөн муун ошол кездеги билимдин бийик деңгээлин, ага карата эң чоң талаптарды жакшы билет. Ал Корчактын, Сухомлинскийдин, Макаренконун, Амонашвилинин ж.б. педагогикасына жана дидактикасына негизделген классикалык тутум эле. Ушул жактан алсак, ооба, мен эң катуу талаптарды коем. Ансыз мектепти кантип сактап калса болот?

- Учурда кайсы нерсе балдарга катуу таасир берүүдө?

- Биринчи кезекте, интернет. Бул башаламан маалымат айдыңынын балдардын жан дүйнөсүнө кандай терс таасир берип жатканын элестетүү кыйын! Көптөгөн жаман нерселерди балдар ошол жактан алышууда! Ал балдарды келечектеги коомдун мүчөсүн калыптандыра турган туугандарынан, досторунан, оюндардан, окуудан алаксытууда.

- Аны менен кантип күрөшсө болот?

- Менимче, бир гана жол бар – биз, чоңдор, балдарды интернеттен алаксытып, ал жакка жакшы нерселерди алыш үчүн гана кайрылышыбыз керек болот.

- Мектептин каржылоосу бүгүн жетиштүүбү?

- Эч нерсеге жетпейт. Мамлекеттен алган акча чакан айлыктарыбызга жана майда-барат керектүү нерселерибизге гана жетүүдө. Бирок заманбап жабдыксыз, технологиясыз учурда окутуу процессин уюштуруу мүмкүн эмес. А башка майда-барат керектүү нерселерчи? Ошол эле борду эч ким сага акысыз берип койбойт да. Бөлмөлөрдү оңдоп-түздөп туруу иштеричи? Мектепке жетпей турган нерселерди санай турган болсом бир күн дагы аздык кылат болушу керек.

- Эмне кылуу зарыл?

- Биринчиден, ата-энелердин жардамдашуусу. Ансыз учурда мектеп жашап кете албайт. Экинчиден, директор жакшы менеджер болушу керек. Ата-энелердин коому менен иштеген аздык кылат. Жардам бере алган донорлук уюмдар бар. Алар менен иштешүү керек. Мамлекеттик, муниципалдык программалар бар, аларга да катышуу керек. Бардыгы жайына келип, мамлекеттин бутуна турушун, а демек бюджеттик каржылоонун жакшырышын күтүп отура бере турган болсок, көптөгөн муундагы балдарды жоготуп алышыбыз мүмкүн.

- Башкача айтканда, мектеп такай бирөөнөн бир нерсе сурап жүрүшү керек экен да...

- Бирөөдөн бир нерсе сурап жүргөнү аз келгенсип, ал такай жүйөөлүү да, жүйөөсүз да сындарды угууга аргасыз болот. Такай бирөөнүн сынына жооп берип, бир нерсени түшүндүрүп, бир жерде талашып, күрөшүп, бирөөнө отчет берип турууга туура келет. Учурдагы Кыргызстандагы билим берүү тутутуму ушундай. Баса, ЖМКлар дайыма отко май бүркүп келет. Мектеп тууралуу оң маанайдагы материалдарды чанда гана көрөсүң, ал эми мектепти сындаган материалдар толгон токой. Анысы түшүнүктүү дечи, терс маалыматтарга адам көбүрөөк көңүл бурат. Бирок биз өзүбүздүн өлкөбүздүн өнүгүүсүнө бут тосуп жатпайбызбы! Ар-бир журналистте ички чектөөчү нерсе болушу керек да? Мен кемчиликтерди чагылдырбасын дебей элем. Жөн гана, бир тарапка гана ооп, сындай гана бербеш керек. Мектепке коомдун колдоосу зарыл.

- Кесиптештериңерге эмне каалап кетет элеңер?

- Сабырдуулукту, ийгиликти, эргүүнү, ден соолукту жана жеке жашоосундагы бакыт-таалайды? Мугалимдик кесип коомубузда кайрадан эң барктуу кесиптердин бири болсун. А биз болсо аракетибизди аябайбыз.

Даярдаган Светлана Бегунова

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине