Акмат Алагушев: «Бийлик алмашаар алдында ар дайым ММК булактарына карата кысым көрсөтүлө баштайт»

13:29, 22 Марта 2019

Медиа Полиси Институтунун өкүлү Акмат Алагушев журналисттик чөйрөдө сыйлуу инсан.  Кээ бир жагдайларда болсо кээ бир журналисттер жана редакторлор ага жада калса сыйынууга даяр. Эмне үчүн, билесиздерби?  Анткени ал алардын кызыкчылыктарын соттордо коргоп келет. Дал ушул адам оор жашоо кырдаалдарда (ал эми кесиптик милдеттерин аткаргандыгы үчүн аны сотко берип жатышканда ал нерсени дагы кандай атоого болот), адилетсиздиктен улам кысым күчөп, күчтөн тайып турган учурда дал ушул адам колдоо сөздөрүн айтып, журналисттерди коргоого алат.

Мындан бираз уакыт мурда Акмат Алагушев менин кызыкчылыктарымды да коргогон. Бактыга жараша, аткаминер айым мага карата берген арызын колдоодон баш тартып, мага карата козголгон иш элдешүү менен токтотулган.

Биздин Алагушев менен маегибиз ММК булактарына карата берилип жаткан арыздардын акыркы тенденциясы тууралуу болмокчу.

-Акыркы үч жыл ичинде ММК булактары жана журналисттерге карата берилген доо- арыздарыдын саны көбөйгөндөй сезилет. Бул чын эле ошондойбу?

-Чындыгында, мындай статистиканы эч ким жүргүзбөйт. Бирок акыркы убакта ММК жана журналисттерге карата берилип жаткан доо-арыздардын саны көбөйдү же азайды деп мен айта албайм. Биздин практикабызда жылына негизинен журналисттерге карат а берилген доо-арыздардын саны 20-25 түзөт.

-Көбүнчө ММК булактарына кайсы беренелер боюнча доо-арыздар жазылат? Жана ММКга берилүүчү доо-арыздардын кандай жаңы тенденцияларын белгилеп өтө аласыз?

-Көбүнчө 18-берене «Абройун коргоо» боюнча. Акыркы тенденциялар тууралуу айта кетсем, сөз чоң суммадагы акча каражаттарын талап кылып, чоң резонансты жаратакан, аттуу-баштуу дооматчылар тууралуу болуп жатат. Кийин бул иштер катуу талкуу жаратат. 2017-жылы Башкы прокуратурага «Заноза», «Азаттык» жана журналист Нарын Айыпка карата ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин абройун коргоого алуу боюнча 5 доо-арыз түшкөн. Сот алардын банктын эсептерин катытып, журналисттерге доо-арыздын чарасын камсыздоонун алкагында сыртка чыгууга тыюу салганы да абалды кыйла оорлоткон. Бирок мындай чечим сот ишти дооматчынынын пайдасына чечип бере электе кабыл алгандыгы кысым көрсөтүү катары бааланган. Мисалы, «Заноза» менен болгон кырдаалда бул чечимдин кабыл алынышын аталган ММКнын ишмердүүлүгүнө дароо терс таасирин тийгизген: алардын банктын эсептери тоңутулуп, алар иш жамаатына айлык акы төлөп бере алышпай калган. Тагыраак айтканда, бул чечим биринчи кезекте ММКнын ишмердүүлүгүнө сокку тийгизген.

-Алмазбек Атамбаев ММКга доо-арыз берип жатканда, ал кадамын коомдун бакубаттулугу үчүн,  ММК булактары жалган жалааны таратканды, коомго манипуляция көрсөткөндү токтотушу үчүн кылып жаткандыгы менен түшүндүргөн. Арадан убакыт өткөндөн кийин, бул доо-арыздарда терс нерселерден пайдалуу нерселер көбүрөөк болгон деп айта аласызбы?

-Дооматчылар каалаган доо-арыздарды бере берсе болот, бирок соттор адилеттүү, демократиялык коомго туура келген чечимдерди кабыл алышы керек. Ооба, сөз эркиндиги бул жоопкерчилик бар экендигин түшүндүрөт, бирок бул ММКга пропорционалдуу эмес басым көрсөтүү керек дегенди билдирбейт.

-Бирок кырдаал кардиналдуу түрдө өзгөрдү, эми кандайдыр бир сызык өткөрүлгөндөй сыяктуу ар бир саясатчы ММКга өтө чоң сумманы талап кылып доо-арыз бере алат...

-Бул жерде Алмазбек Атмбаев доо-арыздарын анын президенттик мөөнөтү акырына жетип калганда бергендигин белгилеп өтүү керек. Чындыгында, анын акыркы жылдардагы ММКга болгон мамилеси «Идиш-аяктар дүкөнүндөгү пил» баснясындагыдай эле болгон. Бирок сиздер билесиздер, башында ар бир эле президент жакшы жана акылдуу, бирок кийинчерээк баардыгы «бурамаларды бурай башташат». Жана аны ММКдан башташат. Бул менин жеке байкоом.  Мен бул тармакта 19 жылдан бери иштеп келем. Жана мен белгилеп кете алам, ар бийлик алмашаар алдында Башкы прокурор «Президенттин абройун коргоо» боюнча ММКга доо арыздарды бере баштайт.

-Кызыктуу байкоо экен. Ал эми журналисттердин өздөрү бул доо арыздарды кантип башынан өткөрүшкөн?  Бул колоссалдык басым болгон деп айтууга болобу?

- «Азаттык» жана «Занозага» карата берилген доо арыздар юридикалык жактан болсо, Нарын Айыпка карата болгон учурда, анын батирине арест салынганда кырдаал өтө акылга сыйбаган нерсе катарында көрүнгөн. Демек, ал батирде жазылган анын жакындары да анын ишмердүүлүгүнүн кесепетинен кыйынчылыктарга туш болгон. Биз бул тууралуу көп сөз кылганбыз жана бактыга жараша кырдаал чечилди. Бирок Дина Масловада, Нарын Айып дагы татыктуу турушту.

-Бул кырдаалда журналисттер тилектештигин толук түрдө көрсөтүшкөн эмес. Кандай ойлойсуз, эгерде  журналисстер чоң тилектештигин көрсөтө алышса, кырдаал тезирээк чечилет беле?

-Кыргызстандык журналистикада кээ бир редакциялар, башкы редакторлор жана жада калса ММК негиздөөчүлөрүнүн арасында белгилүү бир тирешүүлөр ар. Ошондуктан, журналисттерге басым көрсөтүлүп жаткан учурларда, жеке басылмаларда  эмгектенген журналисттерден тышкары, КТРК же башка ал сыяктуу мамлекеттик ММКда иштеген журналисттер да тилектештигин көрсөткөндө, бул нерсе абдан натыйжалуу болмок. Анткени, мынчалык чоң жана көп сандагы байкотту байкабай коюу өтө кыйын.

-Келиңиз, журналисттерге карата козголгон конкреттүү иштер тууралуу сөз кылалы.  Мен өз ишимден баштагым келип жатат, анда мен мамлекеттик аткаминер айым менен иш темасына  болгон телефондук сүйлөшүүнү социалдык тармактарга жарыялагандан киийин ал мага карата сотко доо-арыз жазган. Мен ал аңгемеде басымдын элементтери болгондуктан жарыялагам. Бирок, ал айымдын баамында, мен маекти соц тармактарга жарыялап, анын телефондук сүйлөшүүлөрдүн купуясы тууралуу конституциондук укугун бузуптурмун. Көпчүлүк юристтер гипотетикалык жактан мыйзам анын тарабында деп айтышты. Демек, эми журналисттер аларга карата басым көрсөтүлгөн фактыларды коомчулукка жарыялай албайт экенда?

-Чындыгында,  эки адамдын телефондук сүйлөшүүсү коомчулукка чыгарылган фактылар абдан көп. Бүт жерде ошондой. Жөн гана кесепеттери болгон эмес. Ал эми бул жерде болсо адам сотко кайрылды, бул тууралуу сот кандай чечим кабыл алары юрист катары мага дагы  кызык болду.

Эгерде жарандын конституциялык укуктары бузулса, ал сотко кайрылууга укуктуу. Сот доо-арызды карап чыгып,  аталган жарандын талаптарынын негизи бары же жоктугу тууралуу чечим кабыл алышы керек. Ошондуктан, ал айым соттук процессти ута алат беле же жокпу, биз бул тууралуу эч нерсе айта албайбыз, анткени факт түрүндө сот ишти караган эмес. Кайталап кетейин,  юрист катары мага дагы бул өтө кызык болду. Анткени чындыгында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2 беренесинин 136-бөлүгү бүтпөй калган, чийки сыяктанат, мыйзам чыгаруучулар бир нерсени кое берип жибергендей. Бул жерде  маселе эки башка чечмелениши мүмкүн, анткени маек сиз экөөңүздүн ортоңуздарда болгон жана экөөңүздөр тең ал сүйлөшүүгө тең укуктуусуз. Бирок эгерде ал маекти кандайдыр бир үчүнчү адам жарыяласа, ал жүз пайыздуу түрдө сүйлөшүүлөр купуясын бузуу беренесине түшмөк. Бирок, эгерде талкуулай турган болсок, менин көз карашымда ал маек жеке деп табылбайт, анткени сиздер жумуш маселеси тууралуу сүйлөштүңүз жана ал сүйлөшүү кызматтык телефон аркылуу жүргөн.

-Менин жагдайымда журналисттик коомчулук өз пикирин активдүү билдирген жана анын арты менен арыз кайра чакырылган.

-Ооба, бул окуя коомчулукка жарыяланып, ал социалдык тармактарда катуу талкууга алынышы иштин чечилишине таасирин тийгизген. Бирок, дагы бир жолу белгилей кетейин, аталган ченем чийки жана көптөгөн суроолорду туудурат. Эгерде бул конкреттүү иш тууралуу ой жүгүртсөк, менин оюмча, анда бул чындыгында эле кесиптик темагабы же жеке сүйлөшүү болгонбу, ошондой эле анын коомчулукка жарыяланышында коомчулукка маанилүү тема болгонбу же жокпу, ушул нерселерге көңүл буруу керек.

-Жакында эле, «Апрель» телеканалына карата берилген доо-арыз боюнча биринчи инстанциядагы сот менимче туура чечим кабыл алган жана телеканал Алмазбек Атамбаев маегинде начар аттар менен атаган саясатчыларга компенсация төлөп бербеши керктиги туура. Бул чечим негизинен сиздин жардамыңыз менен жетилди. Дооматчылардын айтымында, журналисттер экс-президентти анын сындары менен эфирге чыгарып, журналисттик этиканы бузушкан. Буга кандай пикир бересиз? Образдуу айтканда, журналисттердин жана редактордун иш-аракеттеринде кылмыштын курамы барбы?

-ММК эмнени чыгара алат жана эмнени чыгара албайт деген шаблонду же трафаретти чыгарып коюуга болбойт. Сөз баалоо, ой жүгүртүү жана ойлор тууралуу болуп жатат, ошондуктан биздин «Апрель» менен позициябыз башынан эле маек эч кандай редактура жана купюрасыз болгон, тагыраак айтканда, жаздыруу кандай тартылса, ошондой бойдон эфирге берилген деген ойдо болгон. Башкача айтканда, бул жерде редактордун жана журналисттин эч кандай күнөөсү жок. 

ММК тууралуу мыйзамынын  25-беренесине ылайык, жоопкерчиликке ММКнын негиздөөчүсү, анын редактору жана маалыматты тартуулап берип жаткан жак тартылышы мүмкүн.  Бирок Атамбаев өз сөзүндө дал ошол саясатчылар тууралуу айтып жатканына бизде шектенүүлөр бар. Ал аларды көпчүлүк түрдө, жалпылап, «келдибековдор», «тюлевдер» деп айтып жатат, анан дагы аларды тактоо эмес, суроо ирээтинде айтууда. Ошондуктан биринчи инстанциядагы соттун чечимин «соломондун чечими» деп атасак болот, анткени анда жыйынтыгы баардык тараптарды ыраазы кылган.

Бирок, биз билгендей, дооматчылаар чечимди жокко чыгарышты. Ал жерде алардын дооматтары толугу менен түшүнүктүү эмес, алар Атамбаев тарабынан айтылган «чындыкка дал келбеген сөздөрдү» моюндоону талап кылышууда. Жана алардын акчалары уурдалганын же жогун кантип моюндоо керек?  Экинчи инстанцияда аларда кандай аргументтер пайда болоорун көрөбүз.

-Сиз атап өткөн ММК жөнүндө мыйзамда негиздөөчү жана редактор жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн деп айтылат. Сиз бул туура деп эсептейсизби?

-Муну мыйзам чыгаруучулар кийин бир нерсе боло турган болсо бирөө сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек деген максатта жасашкан. Мисалы, гезит бир адамдын абройуна шек келтирген бир макаланы жарыялады. Ал макала бирөөнүн псевдоними алдында же «Өздүк маалымат» деген жазуу менен чыкты дейли. Кийин анын автору иштен кетти дагы, гезит жабылды. Бирок макала жрыяланган жана чоң моралдык чыгым келтирилген. Мындай жагдайда кимге кайрылуу керек? Негиздөөчү гана калат. Анда ал жок дегенде ал  макаланы башка гезиттен четке каксын.

-Азыркы учурда сиз  ММКга тийиштүү кандай соттук  процесстерде катышып жатасыз?

- Бизде «Азаттыктын» маркум журналисти Уланбек Эгизбаевге карата былтыркы жылдын жайында ал тирүү кезинде жүргүзгөн  мүрзөлөргө тийиштүү иликтөөлөргө карата берилген эки доо-арыз бар.  Ал жерде доо-арыз жарым-жартылай канааттандырылсын деген чечим бар, алар бир миллион талап кылышкан, сот моралдык чыгым ирээтинде 20 миң сом өндүрүп берүү тууралуу чечим кабыл алган. Ал фактылар боюнча тергөө алиге чейин аяктай элек жана азырынча эч кимге айып тагыла элек.  Биз кандай болгон күндө да апелляцияга беребиз.

Дагы бир чуулгандуу иш бар:  бир Булатова аттуу дооматчы АКИpress басылмасына алты арыз жазган. Бул иш үч жылдан бери созулуп келет. Революциядан кийин көптөгөн жарандар АКИpressте маалымат жыйындарды өткөрүп келишкен жана алардын биринде  аны бирөөлөр рейдерлик баскынчылык кылган Бакиевдердин тарапташы деп аташкан. Анын башкы талабы- бул маалыматты жаңылыктар лентасынан алдыруу, башкача айтканда, анын  максаты- тарыхты тазалоо. Кырдаал болсо мындай- кээ бир соттор анын талаптарын канааттандырса, кээ бирлери баш тартат.  Бирок биздин мыйзамдарда контентти өчүрүү тууралуу ченемдер жок. Ал эми мыйзам жок болгондон кийин, аны кантип ишке ашыруу керек – түшүнүксүз. Биз Жогорку сотко кат жолдоп, бизде интернет-булактарынан контентти өчүрүү тууралуу ченем жок экендигин түшүндүргөнү жатабыз.

Көпчүлү учурда доо-арыздар «Азаттык» жана «Кактуска» карата жазылат, менимче, доо-арыздар активдүү иштеп жаткандарга карата берилет.

-Соттук териштирүүлөрдөн алыс болуу үчүн сиз ММКга кандай кеңештерди бересиз?

-Эч кандай универсалдуу кеңештер жок, анткени журналисттин иши- бул кемчиликтерди таап чыгуу, ал эми бул нерсе болсо эч кимге жакпайт. Бирок кандай болсо да, объективдүүлүктү жана эмоцияларга туруктуулукту сактап, маалымат булактарын текшерип, макалада чыр-чатактын экинчи жагын, башка ойду берүү маанилүү.

Маекти алып барган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине