Банур Абдиева: «Келечек экологиялык туризмдин артында»

12:03, 22 Ноября 2018

Бизнестен ордун тапкан айымдар менен маек курууну улап, биз Ысык-Көлдөн чыккан Банур Абдиева менен тааныштык. Анын баштаган иши 5 жыл ичинде өнүгүп өсүп, чоң деңгээлге жеткен. Банур Абдиеваданыкына эс алууга келген адамдар эч качан жасаган тандоосуна өкүнбөйт. Келиңиз анда, баардыгын ирээти менен айтып берели.

-Банур, өзүңүздүн долбооруңуз жөнүндө айта кетсеңиз..

-Азыркы учурда мен «Абрикос» конок үйүн негиздеп, ошону менен иш алып барып жатам. Ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Жеңиш (Чычкан) айылында  жайгашкан. Ал айыл болсо Дархан жана Ак-Терек айылдарынын ортосунда орун алган. 5 жыл мурун мен такыр башка тармакта иштеп жаткам,  азыр деле ал жумушум менен алектенип калам, бирок «Абрикос» мен үчүн өзгөчө уникалдуу, кызыктуу жана сүйүктүү долбоор. «Абрикос» менен иштеп жатканда мен өзүм менен таттуу мамиледе боло алам, жада калса ошол жерде мен ойлорумду жыйнаштырып, чыгармачылыкка берилем, башкача айтканда, бул долбоор менин жашоомдун образына айланып калган.

-Бул долбоор тууралуу идея кантип пайда болду эле?

-Менин апам Ысык-Көлдөгү бул айылда жашаганды кыялданчы. Апама үй курууга биз колубуздан келген бүт аракетибизди жумшап, жардам бердик. Үй салынып бүткөндөн кийин апам бул үй дүйнөнүн бардык жерлеринен келген адамдар үчүн салынганын айтты. Биз ойлонуп, аракет кылып көрүүнү чечтик. Негизинен, бул идея- менин апама таандык, анын бул ишке кошкон салымы чоң. Апам 76 жашта болсо дагы, бул жаш курак бизнес ачууга эч кандай тоскоолдук кыла албаганын далилдеди. Мен апама жардам берүүгө бүт аракетимди жумшадым, азыр болсо бул үй жок биздин өмүрүбүз кандай болмогун элестете албайм, анткени биздин үйдү көптөгөн элдер өз үйүндөй жакшы көрүшөт.

-Сиз туристтерди кантип тартасыз?

- Биздин үй бул жерлердеги көпөогөн кооз жерлерден алыс эмес жайгашкандыктан, элдер көп келишет. Үйүбүз кооз жерлердин борборунда жайгашкан, анын үстүнө, көл жээкке дагы абдан жакын,  аяка жетүүгө5 мүнөттөн аз убакыт кетет. Бирок, эң башкысы себеп, менин оюмча бул жердеги атмосферада. Бизге келген адамдар айылга чоң энесеникине келгендей болушат. Тамактануу, жашаганга орун берүүдөн сырткары биз уникалдуу тематикалык турларды дагы уюштуруп турабыз.

-Сиз кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыз?

- Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде бизден сырткары дагы Кажы-Сай, Тосор, Тамгада жайгашкан көптөгөн абдан мыкты эс алуучу жайлар бар. Алардын жанында биздин айыл жөнүндө эч ким билчи эмес. Эң башында көпчүлүк сыяктуу мен деле мынча аз убакыттын ичинде дүйнө жүзүнөн келген адамдар конок болчу жерди куруу мүмкүн экендигине ишенген эмесмин. Албетте, бул кызыктуу сапарда кыйынчылыктар дагы болгон.Биз үчүн эң чоң көйгөй- инфраструкткра маселеси эле, биздин айылда таза суу күнүнө 2 саатка гана берилчи. Албетте, туристтик жай үчүн бул чоң жетишсиздик болгон, анткени мындай жерлерде суу суткасына 24 саат бою болушу керек. Биз бул көйгөйдү скважина казып, чече алдык. Азыр болсо биздин өзүбүздүн таза артезиан суусу чыккан скважинабыз бар. Муну менен биз кошуналарыбызды дагы таза суу менен камсыздадык. Андан сырткары, быйыл биз күн энергиясын чогулткан батареяларды орноттук, жана бул аркылуу жаратылышка кам көрүп жатабыз.

-Сиздин тематикалык турларыныз эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

-Туристтик кызматтарды көрсөтүүдө биз өзгөчө, башкаларга окшобогон жолдорду тапкыбыз келди. 2 жыл мурун мен Жапонияга барып келдим. Баарыбыз билгендей, жапондор саякаттооону абдан жакшы корушот. Алар саякаттону өлкөнүн ичинен башташат, жана туризмдин бул түрү ал жерде ушул күнгө чейин абдан актуалдуу.Аны көрүп, мен биздин элдер ортосунда көп окшоштуктар бар экенин байкадым, жана Кыргызстанда дагы мындай туризм бар болсо жакшы болмок деп ойлодум. Ойлонсоңор, түштүк региондордо жашагандар түндүк жактарга келип, жана тескеринче болуп турса биздин улутубуздун биримдиги күчтөнөт да. Менин ушундай кыялым бар, түштүк кыргыздар Ысык-Көлгө келгенде Чолпон-Атадан башка жерди дагы көрсө деген. Көлдүн түштүк жээгиндеги айылдар абрикостун мекени болуп саналат. Эң мыкты абрикос дал ушул жерлерде өсөт. Ошондой эле мен сакура менен абрикостун күлдөшү абдан окшош экенин байкадым. Мен «Сакура-Абрикос» аттуу турду ойлоп таап, иштеп чыктым. Бул тур аркылуу Жапония менен Кыргызстандын ортосунда экономикалык айрыма чоң болгонуна карабастан, көзгө көрүнбөгөн, бирок рухаий жактан сезилген окшоштуктарды көргөзүүнү чечтим. «Сакура-Абрикос» туруна мен ысык, геотералдык булактарга барууну дагы киргиздим, алар болсо бул аймакта абдан көп. Жапондор дагы ысык сууларга түшкөндү жакшы көрүшөт, жана аларга окшоп кыргыздар дагы булактарга түшүп, жашоонун рахатын ала алышат. Андан сырткары, турдун алкагында эс алуучулар Тамга айылындагы эстелик бөлмөгө дагы барышат. Ал жерде согуш жылдарында туткунга түшкөн 125 жапон солдаттары тууралуу документтер чогулган.Алар 1946-48-жылдары бул жерлерде окуу корпусун,  санаторийди, башкы жолго алып баруучу тепкичти курушкан. Элдер ал солдаттарга кандай мамиле кылганы азыркы жашоочуларга абдан кызыктуу.Ал солдаттардын бири 1946-жылы 19 гана жашта болгон, кийин, 60 жылдан кийин ал бул жерге кайра келген. Ал Мияно Ясуси мырза менен мен дагы жеке жоолуккам. Бул окуялардын баары туристтерди көңүл кош калтырбайт. Турдун алкагында биз абдан кооз Кызыл Ажыдаардын өрөөнүнө барабыз, жолдо болсо жапондор арасындва белгилүү болгон ажыдаарлар жөнүндө сүйлөшүп барабыз, андан сырткары биз абрикостун күлдөгөнүн көрөбүз. Ошондой эле бул турдун жүрүшүндө биз жапон-кыргыз үй бүлөнүн  үйүнө барабыз. Ал үй бүлөдө жубайы жапон ал эми жлдошу кыргыз. Эс алуучулар ал үйдүн кожойкесинин даамду тамактарынан даам татышат. Андан кийин биз Жапонияда башталган, бирок Кыргызстанда дагы өз ордун таба алган кай –дзен кыймылы жөнүндө билебиз. Аталган система өзүнө «бир айыл-бир продукт» принцибин камтыйт. Айта кетсек, бул принцип дүйнө жүзү боюнча жайылган. Биз ар бир айылдын продукциясынан даам татып, башка продукттарды дагы көрөбүз, мисалы, кийиз же башка нерселер жөнүндө талкуу куруп, мастер-класстарды дагы уюштурабыз. «Сакура-Абрикос» турунун аналогу дагы бар, ал «Мумийджи» деп аталат. Башкача айтканда, биз күз жана жаз айларындагы эң кооз мезгил учурунда көйгөйлөрдү унутуп, жакшы нерсеге умтулуп, табият менен рахаттанабыз. Күз мезгилинде айланадагы бак-дарактар кызгылт-сары түскө боёлгондо ал Жапониядагы тал-теретергке абдан окшош болушат. Тилекке каршы, туризм Кыргызстанда жай жана кыш мезгилдеринде гана өнүккөн. Биз азыр туристтерди кереметтүү жаз жана күз айларында дагы тартуу жөнүндө ойлонуп жатабыз. Андан сырткары, биз туристтер үчүн Ысык-Көлдөгү Айтматовдун жерлеринде дагы экскурсияларды өткөрөбүз. Айта кетсем, былтыр биз Талас жергесинде дагы мындай турдарды өткөргөнбүз, жана байкасак, Ысык-Көлдө өткөрүлгөн мындай иш-чаралар дагы кызыктуу болот экен. Бул турдун алкагында биз Балыкчыдагы  «Мен Тянь-Шань» тасмасы тартылган жерлерди көрөбүз. Ал тасма 1972-жылы тартылган, биз айлана-тегерегибизди карап, туристтерге тасманы тартуу учурунда болгон кызыктуу окуялар жөнүндө айтып беребиз. Аталган тасмада белгилүү Ролан Быков жана Наталья Бондарчуктар үндөрдү коштогондуктан, өзгөчө орусиялык туристтер бул тасмага абдан кызыгышат. Андан ары биз түштүк жээктеги «Саякбай» тасмасы тартылган жерге барабыз, ал жерде атайын тасма үчүн салынган үй, отургуч, очок бар жана биз Чынгыз Айтматовдун ролун анын уулу Элдар аткаргандыгын айтып беребиз. Бул саякаттоо үчүн абдан кооз жер, мен аны ар бир адамга сунуштайм. Андан ары биз Каракол шаарына барабыз. Бул шаар- улуу жазуучунун апасынын кичи менкени. Биз шаардын соода базарларына барып, тээ 19-кылымдагы татар соода- чарбачылыгынын атмосферасына сүңгүп киребиз. Алар калтырган мурасты көрөбүз. Биз бул маданиятты көрүп, аны көбүрөөк билүүгө аракет кылабыз, ал эми облустук архивдеги досторубуз бизге бул иште жардам беришет. Алар бизге Чынгыз Айтматовдун апасы- Нагиманын атасы, биринчи соодагер Хамза Абдувалиевдин портретин көргөзүшөт. Ошогндой эле биз түштуүк жээкте жайгашкан Кичи-Жаргылак айылындагы «Ак Кеме» тасмасынын тартуу иштери өткөн жерлерге барабыз. Бир жолкусунда биз менен кошо режиссер Болот Шамшиев келип тартуу иштери кандай өткөнүн, Тамга дарыясында тартылган акыркы кадрлар кандай тартылганын, атайын тасма үчүн Таймыр аралынан алынып келинген Мүйүздүү Бугу эне эмне болгонун айтып берген. Коноктор ал кийинки жылдары Тамгадагы зоопаркта жашаганы жөнүндө билишет. Андан соң биз Ысык-Көлдүн чыгыш жеринде жайгашкан Чоң Гет жерине барабыз. Дал ошол жерде Чыңгыз Айтматов «Ак Кеме» тасмасынын каармандары менен жоолуккан. Ал эми анын бул окуяларды кантип чогултканын билген жергиликтүү тургундар ал тууралуу конокторго айтып беришет. Роза Төрөкуловна Айтматова, өзүнүн 82 жаш курагына карабастан, бул иштерди уюштурууга дардам берип, бизге чоң колдоо көрсөттү. Белгилей кетсем, эң биринчи Айтматовдук тур «Курак» коомдук бирикмесинин демилгеси менен уюштурулган. Бул жалпы идея болчу.Биз ушундай жол менен жаңы туристтик продукттарды ойлоп таап, аларды кагаздарга түшүрүп, сактап турабыз.

-Айтсаңыз, жалпысынан түштүк жээкти алганда, өнүгүүгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

-Ысык Көлдүг түштүк жээггинин өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү мен үчүн эң кызыктуу жана сүйүктүү тема. Түндүк жээктеги «массалык пансионат» бизнеси биз үчүн көптөгөн сабактарды берди. Биз тазалоочу курулуштар жаратылышка зыян келтирерин билебиз, ошондуктан түштүк жээк үчүн экологиялык туризм өнүгүүгө карай жол ачат. Биз бул жактагы табиятуулукту сактап, ага зыян тийгизбешибиз керек, анткени дал ушул табийгый байлык бизге туристтерди тартат. Биздин артыкчылыгыбыз- кимдин колу тийбеген табият. Былтыркы жылдын декабрь айында мага орнитологдор келишкен. Түштүк жээктеги кыштаган кызыл фламинголордун сүрөттөрү интернетте абдан чоң талкуу жараткан. Көлдө абдан көп аккуулар кыштайт. Ал эми бул жердеги кыш юолмсо өзүнчө тема. Мүмкүнчүлүктөрдү айтсак, биз бул нерсенин баарын сактап калышыбыз керек. Түштүк жээкти өнүктүрүү стратегиясын ойлоп табууда биз  экологиялык туризмге басым жасашыбыз керек. Архитектурасы жөнүндө айта турган болсок,жээктин чщң тилкесинде курулуштар жок, жана биз унаа менен өтүп бара жатканда, көл жээк канчалык жакын жана кооз экенин көрөбүз. Менин оюмча, стратегия ойлоп табууда бул жер тилке унаалардын терезелеринен көрүнгүдөй кылуу керек. Трассадан ылдый жерде велосипеддер жүрүүчү жолчо курса болот, бирок ал чоң болушу керек, мисаога, Тоңдон Дарханга чейин курулса абдан жакщы болмок. Ландшафтты кооздочу материалдарды айтсак, бихзде бак дарактар, кум, топурак, таш бардыгы бар. Эгерде аларды бардыгыбыз билген жана сүйгөн Супарадай долбоор курууга жуишасак, анда бул жер дүйнө жүзүндөгү эң кооз, өзүнө теңдеши жок, тоо десе ьоосу бар, көл десе көлү бар жер болуп бермек... Жана биз ал жерди бардык байлыктары менен урпактарыбызга өткөрүп бере алмакпыз... Менин ущундай кыялдарым бар, азыр болсо жалгыз гана кыял эмес, ага карай иш аракеттер дагы пайда боло баштады.

- Демек мындай пландарды көздөгөгөн долбоорлор барбы?

-Албетте бар. Эки жыл мурун биз «Түштүк жээк-жашыл айиак» аттуу класстерди ойлоп тапканбыз. Биздени кийин бир нече айдан кийин «Түштүк жээги» аралыгы негизделген. Бизде көптөгөн эко жана этно-туризм боюнча активисттерибиз бар. Алар бириксе, көп нерселерди жасай алышат, анткени келечек- экологиялык туризмдин артында.

-Сиз бизнес менен үй бүлөнү кантип бирдей алып жүрөсүз?

-Бул суроону биз эмне үчүн эркектерге бербейбиз? Мен жөн гана бирге алып жүрөм, башкасын ойлобойм.  Менин оюмча, үй бүлөдүк бизнес ачуу эң туура жол. Ар бир адам өзүнө жаккан иш менен алектенсе, үй бүлөдө түшүнүү пайда болот деп ойлойм.

-Аял кишиге бизнес алып баруу оорбу?

-Мен абдан оор бирок кызыктуу деп ойлойм. Өз ишиңе болгон сүйүү тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Назик аял кишиге бизнестин каарду жашоосунда өзүнө болгон ишеним гана жардам берет. Менимче, аял кишинин артыкчылыктары дагы бар, анткени ал бир башкача, уникалдуу нерселерди ойлоп таба алат. Өзүм жөнүндө айтсам, мен дал ушул туризмге кандайдыр бир креативдүүлүктү кошууну жактырам. Мисалы мен, өзүидүн жасаган кичине кадамдарым менен жалгыз гана өзүмдүн айылымдын, жээгимдин же облусумдун гана деңгээлин көтөрбөстөн, бдүткүл өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жатканыма сыймыктанам. Жана биз көррүз, биз бүткүл адамзаттын потенциалын жогорулатууга, бизнес алып барууда өзгөчө жолдорду табууга үйрөтөбүз. Эгерде биздин коомдо аял кишинин бизнесте колунан эч нерсе келбейт деген стереотип бар болсо, мен аны бузгум келет. Бизнестин катуу, каардуу жагы болсо, анын ак, назик, жумшак тарабы дагы бар. Жана биз айымдар ал бизнесте дал ушул тарапты колдонууну жана өнүктүрүүнү үйрөтөбүз.

Маек курган Светлана Бегунова 

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине