Евгения Губина: Мен жашоонун ырахатын Кыргызстандан гана ала алам

15:24, 30 Сентября 2014

Телеалыпбаруучу Евгения Губина көпчүлүк кыргызстандыктарга 5-каналдагы  «Отдыхай» жана «Пятый элемент» долбоорлору боюнча тааныш.

Бүгүн ал – каналдын жүзү, маалымат чыгарылыштарынын алып баруучусу. Женя о.э. КТРКнын эртең мененки “Замана” эфиринде да алып баруучу  болуп иштеген, Москвадагы «Мир» МТРК нын борбордук редакциясынын жүзү болгон, Алматыда «Эпоха глянца»  саркеч теледолбоорун өнүктүргөн.  Евгения жер шарынын дээрлик жарымын кыдырып чыккан, башка шаарлар менен мамлекеттерди жакшы көрүп калган, бирок дайыма  Кыргызстанга кайра кайтып келет. Анткени  -бул анын үйү. Бул сөздүн бардык маанисинен алып караганда.

- Женя, сенин сүйүктүү шаарың?

- Бишкек. Албетте, Бишкек…

- Ири мегаполистердеги жана шаарларда жашоо (сен Нью-Йоркто, Москвада, Алматыда жашадың) – башкачабы?

- Менин башка жашоомдо, башка жумушумда, башка инфраструктурада жана мамиле түзүүмдө эң чоң тажрыйбаны мен Москвадан алдым.  «Мир» МТРКда эки жыл иштедим. Мага бул ыргак абдан жакчу, ал жакта жашоо- кайнап турчу, досторду таптым, башка адаттар, кызыгуулар... Абдан сагынам. Чынында, бул башка жашоо болчу. Мен Москваны жакшы көрүп калдым, азыр да аны менен көрүнбөс, ажырагыс жип менен байланып турам...

- А  Америкадачы?

- Мен ал жакка Work&Travel долбоору менен бардым. Үч ай «Эркиндик» айкелинин алдында кассир болуп иштедим,  - ал жакка акы төлөп кирет, билчү белеңер? – бирок башка өлкөнү, менталитетти сезүү үчүн бул жетишсиз. Бул мен үчүн жөн гана көңүл ачуу болчу. Мен англис тилин жакшы билем, мага досторум абдан жардам беришти жана көп жерди көргөзүүгө аракет кылышты. Ооба, бул үй-бүлөдөн  алыстап, үйдөн сырткаркы болгон олуттуу тажрыйбам болду. Бирок – баарынан  мурда көңүл ачуу эле.

- Москвадан эмнеге Бишкекке кайтып келдиң? Менин билишимче, Орусия телемайданында сен үчүн мыкты келечек ачылып жаткан?..

- Москвадагы менин кесиптештеримдин кесипкөйлүк деңгээли мени көп нерсеге үйрөттү. Ал жактан мен, жакшы иштөө керек, күрөшүү, жеңүү, жашоо, өзүңө жол салуу керек деп жашачумун. Күндөрдүн бир күнүндө мен жөн гана күрөшүп, күн көрүү эмес, жашоо керек экенин түшүндүм. Бул Бишкекте гана мүмкүн. Ал жакта болсо – абдан кыйын. Мен үчүн. Мен үйүмдө, Кыргызстанда гана чындап жашап, жашоодон ырахат ала алам.

- Бирок, ошого карабай сен казак кесиптештердин да сунушуна макул болдуң...

- Жаңылык – мени кызыктырган, кызыктырчу жана кызыктыра берүүчү нерсе ушул. Мен дагы бир жакка барышым мүмкүн, аны жокко чыгарбайм. Бир гана саякатка эмес, иштеп да келишим мүмкүн. Бирок, менин даана билгеним – мен  кайтып келем. Бул жерде баары меники. Мен МАИчилер менен таанышымдай сүйлөшө алам, базарда каалашымча соодалашам, парктарда сейилдейм. табигатка суктанам, эң жакын адамдарымды көрүп турам... бул менин ордум.

- Биздин жаратылышыбыз, албетте, өзүнө байлайт...

- Биздин эл өзгөчө. Алар чыныгы адамдар. Кайрымдуурак десе да болот. муну кантип түшүндүрөм, билбейм, муну сезе билүү керек, баштан өткөрүү керек. Аларда ошол эле көйгөйлөр – ошол эле жетишпестиктер. Бирок алар ... жылуураак.

- Дүйнөдө муздак шаарлар жана муздак адамдар барбы?

- Бардык шаарлар өзүнчө жакшы. Мисалга, мага Лондон жаккан жок.  Мага алар муздак, текебер адамдардай сезилди. Мен чыгыш жашоочусумун, жылуу. Мен анан этти жакшы көрөм. Жакшы көргөн тамагым  бешбармак. Биздин ашкананы жакшы көрөм, тойбойм. Биздин тарбия- эң мыкты. Айтор,  өз мекениңден жакын жана жаркын эч нерсе жок, ар бир адамда эле ушундай болсо керек…

- Өзүңдү ким катары сезесиң?

- Мен кыргызмын!  Россияда бул даана сезилди. Биздин менталитет, биздин тарбия – бул күн сайын чыга берет, күн сайын сезилет. Жок, мен чоочун болгон жокмун. Бирок, үйүм бул жакта экенин түшүнүп турдум. Бишкекте.

- Алматы – ошол эле мурунку советтик Чыгыш

- Жок. Бул азыр ... Европа шаары деп коркпой айтсам болот. Мындайча айтканда, Бишкекке караганда европага окшошураак.

- Чыныгы чыгыш мамлекеттеринде боло алдыңбы?

- Тунисте болдум. Ал жакта өзүмдү чыныгы орус кызы катары сездим. (күлөт). Жок, бул биздин Чыгыш эмес. Биздин чыгыш – оңой эмес. Көптөгөн кыргызстандыктар мүмкүнчүлүк издеп, өз идеяларын жана потенциалын ишке ашыруу үчүн башка өлкөлөргө кетет. Бирок көбү кайра кайтып келет. Өтө көбү.

- Кичине жагымсыз суроо. Бул жерде, Бишкектен, турмуштук же ак сөөктүк улутчулдук көрүнүшү менен кагылышкан жоксуңбу?

- Жок. Бир да жолу. Дагы бир айта кетейин: мен кыргыз тилин үйрөнүү зарылдыгына нааразы болгон орус тилдүүлөргө түшүнбөйм. Бул опоңой жана абдан көп артыкчылыктарды берет, андан баш тартуунун таптакыр кажети жок.

- Сен үчүнчү президент  Роза Отунбаеванын уулу, Атай Садыбакасов менен  көп жыл жашадың. Эмнеге мамилеңер келишпей калды?

- Бул менин жеке ишим. Мүнөзүбүз туура келбей калды десем болот.

- Ал кандай адам?

- Кадимкидей. Жөнөкөй. Мен үчүн ал сүйүктүү, жакын адамым болчу. Мен анын эч бир бой көтөргөнүн сезген жокмун, ал өзүн абдан жөнөкөй алып жүрчү. Роза Исаковна экөөбүздүн ортобузда жылуу, терең, чыныгы мамиле түзүлдү десем болот. Мен бул мезгилди жылуу сезим менен эстейм.

- Сен  атаң менен жашабай калганына карабай, баккан апаң менен абдан жакын мамиледе экенсиң. Өгөй эне менен жашоо кыйынбы?

-Жок, таптакыр андай эмес. Бул менин АПАМ, апакем. Үй-бүлө – бул өмүр бою, түбөлүк, жана тагдырым тартуулаган бул бакытты кадырлап алууга кудуретим жетет. Чоң кишилер чечимдерди кабыл алышат, каталарды кетиришет, өз жашоолору өзгөртүшөт. Бирок, баары бир ҮЙ-БҮЛӨ бойдон калат. 

- Идеалдуу үй-бүлө, үй-бүлөнүн идеалдуу үлгүсү кандай болушу керек?

- Бир да адам бул суроого жооп бере албаса керек. Адамдар ар кандай  үлгүдө жашайт жана бактылуу да, бактылуу эмес да. Азырынча, мен  тагдырлаш болуучу адамым жок, жана  бул кандай болушу керек жана кандай болот экенин айта албайм. Албетте, эки адамдын ортосунда сүйүү болушу керек. Бирок, турмуш мени  акыры бир күнү ал үзүлүп, бүтүп калышы мүмкүн экенине үйрөттү. Бирок, бул андан баш тартууга шылтоо эмес.

- Сен эркектин айткандарына макул болуп жашоого даярсыңбы?

- Албетте, мен күчтүү эркектин жанында жашагым келет, ал руханий жактан да, моралдык жактан да күчтүү, менден бийик болсо. Бул мүмкүн экенин түшүнүп турам. Анан, болгонун көрө жатаарбыз. Апам, менин мүнөзүм таптакыр жумшак эмес экенин айтат (күлөт), аны бир аз  тартипке салуу ашыктык кылбайт. Мен үй бүлөлүү болгум келет, жакындыкты, коомду жактырам, мага жалгыз жашаган кыйын. Мага жакын адамдар керек, бул шексиз.

-Үй-бүлөдө канча бала болуу керек?

- Көп! Мен балдар үйүнөн бала багып алгым келип жүрөт. Биринчи жолу ал жакта иш боюнча баргам-  ошол учурдагы менин сезимдеримди сөз менен  айтып берүү кыйын. Менин оюмча, ар бир  адам ал жакка  барып, бул балдарды өз көзү менен көрүшү керек, бул балдардын көздөрүн көрүшү керек... Анан баарын таразалап, түшүнүүсү керек.  Анан чечим кабыл алуу керек. Менин оюмча, эртеби, кечпи,жашоомдо  бакма бала келет деп ойлойм. Чоочун бала болбойт. Элде тукум куугандык туурасында өтө көп коркунучтар бар. А менин оюмча, баары тарбиядан көз каранды. Бул тоскоолдуктардын, коркунучтардын жана айнытуулардын баары – жөн гана шылтоо.

- Үй-бүлөнү ким камсыз кылышы керек, кандай ойлойсуң? Аялдар иштеши керекпи?

- Албетте, эркек үйдү камсыздашы керек деп айткым келет… Ал эми аял, аны колдоп, оор кырдаалдарда бул жүктү кошо тартышы керек. Менин оюмча, аял буга даяр болушу керек. Бирок, атам менен апам мага  берген тарбиясы: ар дайым жана бардык адам иштеши керек. Өзүн жоготуп албоосу үчүн иштеши керек. Миңдеген кесиптерди иштеп  көрүп, өзүнүкүн таап, өз жан дүйнөсүн ачып, ага өз кубатын кошуусу керек... Кимдир бирөө үчүн үй жумушу  – бул кыялдын ишке ашышы деп ойлойт. Бирок, бул баары үчүн эмес.

- Сенин жашоо тутумуңдагы багыт, аял үчүн эмне маанилүү: жумушпу же үй-бүлөбү?

- Суроону мындай койгонго болбойт. Таптакыр аларсыз жашай албаган нерселер болот. Ал эми артыкчылыктарды жагдайына жараша коюштуруу керек.

- Өз көрүүчүлөрүңө, биздин окурмандарга эмне каалайсың?

- Сүйүү. Сүйүү каалайм. Жана өзүнүн татынакай, чексиз керемет мекени – Кыргызстанды  биринчи кезекте.

Маектешкен Светлана Бегунова

Фото Абылай Саралаев

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине