Иса Өмүркулов: «Мен «кара пиардын» иш куралы болуп калдым»

06:49, 14 Ноября 2014

Экс-мэр Иса Өмүркулов Бишкекти башкарып турган 4 жылда шаардыктар,журналисттер жана социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан тынбай сынга алынган мэр болду. Анын айланасында кызуу талаштар жүрүп турду, кордошту, ага кеңеш беришип,  үйрөтүп да жатышты. Бардык сын пикирлерге  Иса Шейшенкулович татыктуу мамиле кылчу.

Эми бизге жаңы мэр келгенден бери 10 ай өттү. Борбор, киши ыйлагыдай абалда. Ошентсе да, бир кезде Өмүркуловго мөндүрдөй жааган сындын бири да жок. Эмне үчүн? Экс-мэр менен болгон маегибиз ушул туурасында.

-  Иса Шейшенкулович, азыр эмне иш кылып жатасыз?

- Чынымды айтсам, эс алып жатам. Акыркы 10 жылдан бери менде эс алууга убакыт болбоптур. Мен апама, үй-бүлөмө, неберелериме тиешелүү көңүл бурчу эмесмин. Бүгүн убагында жасабагандардын ордун толтурууга аракет кылып жатам. Айланамдагы адамдарга камкордук көрүп жатам. Анан, убактымдын көбүн аттарга жумшайм, мен көп жылдан бери ат багуу менен олуттуу алектенип келем. 

- Демек, жашоодон ырахат алып жаткан турбайсызбы?

- Ооба, ошондой.

- Сизде өзүңүздүн басып өткөн жолуңузду кайра карап чыгууга убакыт болду. Кандай ойлойсуз, сиз туура жолдо бараттыңыз беле?

- Эгер ушул жолду кайра басып өтүүгө мүмкүндүк болсо, кайра эле ошону жасамакмын. Мен акыркы он жыл туурасында айтканымда, анда өзүмдүн  оппозицияда жүргөн беш жылымды жана революциядан кийинки, мэрдик кызматта турган беш жылымды айтам. Болуп өткөндөрдүн баарын терең изилдеп көрүп, мен башкача жасай алмак эмесмин деген жыйынтыкка келдим. Мен бул позицияны өзүмдүн мекенчил сезимдеримден улам, билип туруп тандап алгам.  Өткөн бийликтин зомбулугу, алардын кылмыш дүйнөсү менен биригип кеткени нааразы кылчу. Эсиңерде болсо керек, ал кезде оппозиция мүчөлөрүнө катуу чара колдонушчу. Мунун баарын мен өз башымдан өткөрдүм. Ошондуктан, бүгүн ошол күндөрдү эстегенде, мени Кудай өзү сактаганын түшүнөм. Ушул жылдардын убагында кимдин ким экендиги билинди, адамдын мүнөзү ачылды. Кимдир бирөө туруштук берди, дагы бири күрөштөн четке чыга берди, дагы бирөө жашынса, бири чет өлкөгө кетип калды.  Бүгүн да кайра өзгөрүп, кубулуп чыга келген адамдарга байкоо салуудамын. Айрымдары акылдуу нерселерди айтып, элге акыл үйрөтүп жатышат, өздөрү болсо хамелеон болуп кубулуп алышканы  менен иши жок. Бүгүн да алар иши жок отурушкан жок, саясатка, экономикага таасир этүүгө аракет кылып жатышат.

- Мэр болуп турганда, сиз Кыргызстандын эң көп сындалган саясатчысы болдуңуз. Маалыматтык технологиялардын биринчи курмандыгы болдуңуз. Буларды кантип жеңип чыктыңыз?

- Ооба, чынында мен «кара пиарга», жаңы пайда болгон бардык технологияларга иштеп берүүчү иш куралы болуп калдым. Эгер байкаган болсоңор, бүгүнкү мэр туурасында эч ким андайды жазбайт. Ал туурасында жазбай эле койсун дечи, бирок мен бул маалыматтык согуштун технологиялары өздөрүн сынап көргөн согуш талаасына айлангам. Мага  тийишпеген бир да сайт жок калган жана бул күн сайын кайталанчу. Мен муну менен күрөшкөн жокмун. Мага: «Сенин командаң начар иштеп жатат. Өзүңдүн пиар компанияң жок!» деп айтышты. Бирок, менин ошондогу түшүнгөнүм, кийин сени эстеп жүрүшү үчүн бир нерсе кылышың керек эле. Бүгүн, мен туурасында эмнелерди гана жазганын эстебей деле калышты. Бирок, шаардыктар үчүн жасагандарымды эстеп жүрүшөт. 

- Ооба, шаарда бир топ таза болчу, таштандыларды убагында чыгарып турушчу, жолдор оңдолуп жаткан…

-   Мен буга басым койгум келбейт. Бирок, мени шаардыктар кунт коюп байкап турушчу.

- Эмне үчүн сиз? Бул маселени изилдеп чыктыңызбы?  Бул компаниянын артында ким турду эле?

- Эми бул саясат. Менден өч алышкандай мен эч кимге эч кандай жамандык жасаган жокмун.

- Сиз башкаруучу партиянын мүчөсү болчусуз да. Сиз бийликте болчусуз. Анан душманыңыз ким эле? Мүмкүн, партиялаштарыңыздыр?

- Кайсы гана партиянын ичинде болбосун бузуку агым болбой койбойт. КСДП да андан четте калбайт. Кээде, мага «кара пиар» жасагандардын катарында өзүмдүн партиялаштарым да болгон беле?- деген ой келчү болду. Ал эми башка партияларга,  сындоо үчүн дагы бир себеп эле. Мага карата кое берилген пиар Жогорку Кеңешке, Президенттикке жана шаардык кеңешке  шайлоо менен коштолду. Б.а. маанилүү саясий үч процесс жүрүп жаткан.  

- А сизге кайсы бир деңгээлде чагылган тоскуч болгондугуңуз тууралуу ой келген жокпу? Ошол мезгилде бийлик алсыз болчу, ал эми сын өтө көп эле. А сиз болсо, ошол негативдин баары жааган адам болуп калдыңыз?

- Мүмкүн. Ооба, мен чагылган тоскуч болуп жатканымды түшүндүм. Анткени, айрым коркок саясатчылар КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевге чабуул жасагандан коркушуп, анын партиялаштарына чабуул коюшкан. Бирок, баарынан маанилүүсү – менин ошол жагдайдан алган сабагым. Мен моралдык жактан да, саясий жактан да быштым. Чарбакер  катары бекемделдим, анткени жазган нерселеринин баары эле жалган эмес болчу. Чыныгы сын да бар болгон. Жетишпестиктер туурасында  маалыматтар бар эле. Мага көп маселелердин чечилүү жолдорун көргөзүп жатышты. Бул сындардын жакшы жагын гана алууга тырышчумун. Менин оюмча, мен сынга туура мамиле жасагам.  

- Журналисттерден абдан көңүлүңүз калса керек. Анткени, сизге карата негативди иштеп чыккан топ бар эмес беле, кийин ошол эле топ сиздин жактоочуларыңыз болуп чыкты.

- Журналисттерге таарынычым деле жок. Революциядан кийин журналисттер үчүн иштөөгө абдан ыңгайлуу шарт  түзүлдү. Эмне каалаганын жаза беришет. Журналисттик чөйрөдө да криссталдаштыруу бар, эл агы кайсы, карасы кайсы, түшүнөт. Менин оюмча, бул жерде ММКга кысым жасоо же ага тыюу салуу жолу аркылуу барууга болбойт. Убакыт керек жана ошол убакыттан кийин журналисттер коомго керектүү гана нерселерди, аны жакшыртуу үчүн эмне талап кылынаарын жазып калышат.  «Чөнтөк жазуучулар», тапшырык менен жазган макалалар дайыма болуп келген. Азыр да ошол бийликтин жактоочулары бар, алар көзөмөлдүк кылган ММК да бар. Анан албетте, алар өздөрүн кулаткан бийликке каршы саясатты жүргүзө беришет.

- Сиз КСДП катарынан чыккан жоксузбу?

- Жок.

- Мэрдин кызматында иштеп жатканда жасаган жакшы ишиңизге ырахмат айтуунун ордуна, сотто сурак бердирткен бийликке таарынган жоксузбу?

- Жашырбайм, таарыныч болду. Бул ишти  «кол менен жасап чыккандар», мени таза эмес деп ойлошкон. Анан, кичине казып баштаса эле баары калкып чыгат деп ойлошкон. Албетте, башкы прокурорду да бул жерде туура эмес абалга калтырышты. Чындап келгенде бул  жазык ишинин эч бир негизи жок болчу. Кызыкдар адамдар болгон үчүн пиар көп болуп кетти. Бирок, мыйзамдын алдында, шаардыктардын алдында менин абийирим таза. Мен эң кыйын  мезгилде иштедим. 2010-жылы өлкөдө жана Бишкекте эмне окуялар болгону эсиңерде да. Тынымсыз митингдер жүрүп турган. Провокация аракеттери көрүлүп, жер басып алууга умтулушту. 2010-жыл укмуштуудай татаал жыл болду. Бирок, биз  туруштук бердик.  Бардык коммуникацияларды, шаар кызматтарын уюштуруп, кырдаалды турукташтыра алдык. Өзгөчө биз жерди пайдаланууда мыйзамсыздыкты жоготуп, муниципалдык жерлердеги баш аламандыкты токтоттук.

- Демек, сиздин үстүңүздө болгон сот -көрсөтмө катары болгон экен да?

- Мүмкүн. Бирок, сот баарын териштирип чыгып, кылмыштын курамы жок деген чечим чыгарды. Мени 16 гектар жерди, кийин сатып жиберүү үчүн мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылды деген айыптоо – сандырактык. Иш жүзүндө эч кимге бир да чарчы жер берилген жок. Жеке жактарга да, юридикалык жактарга да, муниципалдык кызматтарга да зыян келтирилген жок. Сот бул ишти калыс карады деп эсептейм.

- Сиз кызматтан кеткенден кийин Президент менен жолугуштуңузбу?

- Ооба. Эң башкысы, ал да мен тараптан мыйзам бузуу болбогондугуна ишенди. Башында, албетте, ага да таарыныч болду. Бирок, андан кийин, башкача кыла алмак эместигин түшүндүм. Эгер мыйзам бузуу болсо, ал өзүнүкүн жашырып отурбайт. Бирок, мага чындап эле бут тосуп коюшту, бактыга жараша акыйкаттык жеңип чыкты.

- Бул сабак болоорлук процесспи? Мүмкүн андан өтүшүңүз керек болгондур?

- Мага андан өтүүнүн таптакыр кереги жок болчу. Канча жылдан бери кадыр баркымды чогултуп жүрүп – бир заматта жек көрүнчү болуп чыга келдим. Мындайдан өтүүнү ким кааламак эле?  Канча жылдан бери чынчыл иштеп келдим, элим үчүн, өлкөм үчүн жакшы нерсе жасоого умтулдум. Албетте, бул иш менин кадыр баркыма таасир этти. Бардыгына сот акыйкат чечим чыгарды деп, далилдеп отурбайм да. Баары бир калдыгы калды. Менин оюмча, түшүнгүлөрү келгендер түшүнүшөт. Ал эми түшүнбөгөндөр – өздөрүнүн иши. 

- Бул тажрыйба сизге эмнени үйрөттү?

- Сот эмнени үйрөтө алмак эле? Ал жакка туш болбогон оң. Мен бир кезде темир жолдо иштегем, ошол кезде мурдагы бийликке оппозицияда тургам. Ал жактан да жанды коюшкан жок. Мен дайыма чынчыл иштөө керек экендигин түшүнчүмүн. Мага сот жаңылык эмес. Бул тегирмен аркылуу мен 2000-жылы эле өткөм. Шайлоодон кийин.  Бул ирет сот бийлигинин ролу абдан чоң. Сот бийлигинин иши боюнча мамлекет, туруктуулук, коом туурасында айтса болот. Менин оюмча, 2000-жыл менен азыркы соттордун айырмасы чоң.

- Бишкектиктер сизди катуу сынга алышты, мында ММКнын да таасири болду. Бүгүн Бишкектин эмнеге айланып баратканын көрүп турабыз. Тегеректин баары таштанды, жолдордун абалы начар. Азыркы мэрдин ишин кандай баалайсыз?

- Эми анын ишин менин сындап турганым туура эмес. Бир гана нерсени айтам – мэрдин жумушу май- каймак эмес. Бул – шаар калкынын жана шаар меймандарынын кунт коюп, көзөмөлгө алып карап турган жер. Ошондуктан бул иш көп кырдуу, татаал жана жоопкерчиликтүү. Азыркы мэрге оңой болбой жатканын көрүп турам. Бирок,  мезгили келгенде иштегенди үйрөнөт. Мен ага эмнени кеңеш кылгым келет? Адистерге аяр мамиле кылуу керек. Адистерди баалай билүү керек. Аларга тоотпостук менен мамиле кылууга болбойт,  өзгөчө муниципалдык кызматтын кызматкерлерине. Анткени, муниципалдык кызматтын кызматкерлери – бул мамлекеттик кызматкерлер эмес. Бул кичине башкачараак иш. Муниципалдык кызматкерлердин ичинен ак-кызылга бөлүүгө болбойт, аларды  душман катары кароого болбойт.  Алардын кесиптик даярдыгына  гана кароо керек.  

- Азыркы мэр туурасында, аны жакшы адам деп айтып жатышат. Ооба, макулмун, ал келбеттүү. Бирок ачык айтканда, мыкты мэр эмес. Эмне үчүн аны шайлашты?

- Бул суроо мага эмес. Мен да шаардык катары шаарга күйүп турам. Тегеректин баары таштандыга толгонуна мен да капа болуп жатам. Мэриядагы иш менин жашоомдо чоң из калтырды. Ошондуктан, эгер азыркы мэрге менин кеңешим керек болсо, мен аны берүүгө даярмын.

- Чыныңызды айтсаңыз, шаар үчүн бир нерсе кылгыңыз келип, колуңуз кычышып жатабы? Ушул кызматка кайра келээр белеңиз?

- Бир нерсе жасоо үчүн шаарды, анын өзгөчөлүгүн билүү керек, бул көйгөйдүн чечилүү жолун көрүү керек. Анан, дайым эле бул чечимдин баары мэрден көз каранды эмес. Ал көп багыттардан көз каранды. Бул көйгөйлөрдү  ар тарабынан байкап, аларга сүңгүп кирүүгө убакыт керек. Мэрдин жумушу ошондой – ойлонууга убакыт аз, ошондуктан ар бир шаардык таң атпай мэрдин жумушуна туш келет. Эгер ысык суу жок болсо, таштандыны убагында алып чыкпаса, электр кубаттуулугу жок болсо – мунун баары мэрге наалат. Ошондуктан, тынбай иштөө гана керек.

- Түшүнүктүү. Жакында эле сиздин балаңызды уурдап кетти деген маалымат тарады. Бул чындыкпы?

- Так менин уулумду уурдап кетүү деле ниети болбоптур. Бул кокустук. Бирок, кара ниеттер машинаны уурдап качуу үчүн максаттуу барышкан.

- Сиздин үлүшүңүзгө канча сыноо бир келген…

- Бул тагдырды мен өзүм тандап алдым. Мен эч качан оор маселелерден, тоскоолдуктардан, кыйынчылыктардан  каччу эмесмин, өз максатыма умтулчумун. Эгер фермерлик менен алектенгенимде, жашоом бир кыйла тынч болмок экен. Ал эми саясат менен алектенип баштагандан кийин, бардык терс майнаптарын чогултуп отурам.  Саясатчынын жашоосундагы бардык учур элге билинет. Бул жашоо жана  коомдогу бүтпөгөн көйгөйлөр, алардын мага да тиешеси бар. Эгер менин районумда электр жарыгы өчсө, анда менде да жок. Эгер бизде кылмыштуулук деңгээли бийик болсо, анда менин үй- бүлөм да бул көрүнүштөн камсыздандырылган эмес.

- Сиз саясатты тандадыңыз, мындан кийин да аны улантып кетмекчисизби? Кийинки шайлоого катышасызбы?

- Мен саясаттан эч качан алыстаган да эмесмин. Кийинки шайлоого келсек, аны жашоо көргөзөт.

Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине