Кантип USAIDдин долбоору өзүнчө бир айылда туризмди өнүктүрүүгө жардам берди

19:21, 25 Июня 2018

Туптуура бир жыл мурун биздин гезит талкаланып, жок болуп бараткан Жыргалаң айылында Эмил Ибаков элиталык туризмди өнүктүрүп жатканы тууралуу жазган элек.

Бул туризм адам буту баса элек эң кооз жерлер боюнча жөө жана атчан саякат курууну караштырат, ошону үчүн аны элиталык туризм деп койсок болот. Ибаков “Ишкерликти өнүктүрүү боюнча USAIDдин демилгеси” долбооруна катышкандан кийин бул ажайып кооз жерлер тууралуу дүйнө жүзүндө биле башташты. Акыркы жылда кандай өзгөрүүлөр болгонун Эмил байке бизге айтып берди.

- Кышкы сезон кандай өттү?

- Өткөн жылдарга салыштырмалуу кыйла жакшы болду. Кышында бизге 500гө жакын турист келди. Алардын 90%ы - европалыктар, көбү немистер, калган 10%ы - орустар жана казактар. Алардын бардыгы эмки сезондо да келебиз деп, 2019-жылы жаңы жылдан баштап январдын жарымына чейин, дээрлик февраль менен мартты толугу менен ээлеп кетишти. Башкача айтканда, кайра келебиз дегендерине караганда аларга бизде катуу жаккан.

- Конокторуңар силер тууралуу кантип билип жатышат?

- Биринчиден, USAIDдин долбоорунун жардамы менен биз www.jyrgalan.com сайтыбызды ача алдык. Бул үчүн аларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Сонун сайт болду, ал бизге чоң жардам берди, чет элдик конокторубуз так ошол жерден биз тууралуу бардык маалыматтарды ала алышты. Экинчиден, былтыр жайында бизге 30 блогер келип, биз тууралуу коомдук тармактарындагы баракчаларына жазышкан. Алар ар биринин 20-50 миңден окурмандары бар дүйнө жүзүндө аты чыккан блогерлер болушчу. Алар дагы бизге USAIDдин долбоорунун алкагында келишти. Бул биздин аймагыбзды өнүктүрүү үчүн чон жардам болуп эсептелет.

Анан да биз өзүбүз дагы жөн отурбай элебиз. Биздин www.alakol.kg деген сайтыбыз, Facebook, Instagram коомдук баракчаларында аккаунттарыбыз жана бул тармактарда маалыматтарды тараткан штаттагы адамдарыбыз бар.

- Туристтер кандай пикирде калышты?

- Негизинен, алар ыраазы болушту. Бир гана өкүнүп айткандары бул болду: эмне үчүн алар мурда бул жерлер тууралуу билишкен эмес! Биз менен иштешкен, туристтерди бизге жиберген эл аралык, Казакстандык жана Кыргызстандык туркомпаниялар бар. Андан сырткары биз 2018-жылы Москвада, Берлинде жана Ташкентте өткөн туристтик көргөзмөлөргө катыштык. Эки жумадан бери биздин бир кызматкер кызыбыз Америкада жүрөт, анын дагы максаты – биздин өлкөнү жарнамалоо. Ал жактан көп кат келе баштады, быйыл жайында эле жана келээрки жылы бизге келүүнү каалагандар чыгып жатат.

Сүрөттө: Эмил байке зайыбы Гулмира Примова менен

- Туристтер негизинен эмнени каалап жатышат?

- Каалоолорунун эң негизгиси – англис тилдүү гиддердин болушу. Бул маселеде биз туристтердин агымынан артта калуудабыз. Туристтердин агымы чоң болуп, биз англис тилин жакшы болгон гиддерди даярдаганга жетишпей жатабыз. Ошентсе да алар турлардан өтө ыраазы болуп кайтып жатышат.

- Силерге канча гид керек?

- Арсланбобдун тажрыйбасына таянсак – аларда 28 гид бар. Бизде азырынча болгону алтоо. Алардагы 28 гид дагы бул кышында иштегендер, жай күндөрү алардын саны дагы бир топ өсөт. Арсланбобдо бул жактан маселе жок. Алар бул маселени кантип чечкендерин билесиңерби? Таңгаласыңар, бирок аны чечкенге Бишкектин алыс болгондугу жардам берди, борбор калаадан гиддерди чакыруу өтө кымбат болгондуктан алар англис тилин билгендерди гиддик өнөргө үйрөтүп, ал эми англис тили начар гиддерди тилге кошумча окутушту. Ал жакка кышында 3000ге жакын турист келет...

- Арсланбобдо кышкы туризм өнүккөнүн билбептирмин. Аякта эмне бар?

- Ал жакта дайыма кар болот. Кардын 2-3 метрлик катмары ал жерде жазга чейин кармалат. Ошол эле кезде ал жакта катуу сууктар болбойт, климаттык өзгөчөлүктөргө байланыштуу кар көчкүлөрдүн коркунучу да аз. Кардын дайыма болушу боюнча экинчи орунда Каракол турат. Бизде кышында анчалык суук болбойт, Ысык-Көл болгону 60 км алыстыкта, бу да өз таасирин тийгизет.

- Гиддердин айлыктары канча?

- Биздеги гидер күнүнө 2-2,5 миң сом алышат. Биз жакшы айлык төлөп бергенге, жаңы адамдарды алганга, алардын англис тилин жакшыртып окутканга даярбыз.

Кышкы турист бир аяк жол менен басат. Гиддин негизги максаты – кар көчкү болушу мүмкүн аймактардан топту аман-эсен алып өтүп, туристтерди ылдый түшүрүү. Кышында топтор көп учурда өз котормочулары менен келишет, демек бул учурда англис тилин билүү анчалык зарыл болбой калат. Ал эми жайында топтор трекке чыгышканда, алар аймактын тарыхына, чөптөрдүн, бак-дарактардын, бадалдардын, көргөн нерселеринин  аталыштарына катуу кызыгышат. Бул жерде англис тилин жакшы билүү маанилүү. Бул маселени биз 2-3 жылда чечебиз деген ойдомун. Бизде жаштар көп, Каракол да жаныбызда.

- Азыр сизде дестинациянын канча мүчөсү бар?

- Учурда Жаргалаңда 9 конок үйү бар. Бир жыл мурун болгону төртөө болчу. Биздегилердин бардыгы – тилектештер, жылуулатылган санузелдерге, таза шейшеп-төшөктөргө, ысык суусу бар душка байланыштуу бир стандартты карманабыз. Бааларыбыз ар башка. Бизде суткасына 600 сом, ал эми тамак-ашы менен 1000 сом турган хостелден баштап, 2500 сом турган люкска чейин бар.

- Жергиликтүү эл туризмге көбүрөөк тартыла баштадыбы?

- Жергиликтүү калк бизди колдойт. Бул өтө маанилүү. Бизде азыр мындай тенденция байкалып жатат – үйлөрүн арзан баага ижарага берип, башка жакка акча тапканы кеткендер кайтып келе башташты. Көбү үйлөрүн Мамкаттоода каттатып, участкаларын тактап, керектүү документтерди, “кызыл китепти” алып жатышат. Бул алардын туризм менен алектенүүгө кызыга баштагандарын көрсөтөт. Аймагыбыз акырындан өзгөрө баштады. Эл чатырларын кайрадан жаап, үйлөрүндө санузелдерди орнотуп жатышат. Көбү бизге кошулганга суранышууда, биз жаңы мүчөлөрдү кабыл алганга каршы эмеспиз, бирок бизде стандарттар, талаптар бар, биз аларды төмөндөтө албайбыз.

- Бул кандай стандарттар?

- Кышында үйдө жылуу болушу керек. Үйдө муздак жана жылуу суу, ал эми санузелдер жылуулатылган жана таза болушу зарыл. Биз бардык үйлөр толугу менен жаңыдан оңдолуп чыгышын талап кылбайбыз, бирок душ жана туалеттер тийиштүү деңгээлде болушу керек. Ушул нерселерге кышында да, жайында да келген туристтер өзгөчө көңүл бурушат.

- Сиздерде дагы кандай жаңылыктар бар?

- Эң кайгылуусу – USAIDдин туризмди колдоо боюнча долбоору жабылууда. Биз туруктуу өнүгүүгө басым кылып келебиз, бирок кайсы бир демилгелерибизди колдогону, кеп-кеңештерди берип тургандары бизге чоң жардам болду. Бул үчүн биз терең ыраазычылык билдиребиз. Каржы жагына токтоло турган болсок, биз, дестинациянын мүчөлөрү, ар бир туристтен түшкөн кирешеден 10%ды өзүнчө бөлүп топтоп келгенбиз, ошентип биз 600 миң сом топтогонго жетиштик. Сөзсүз, биз жардам бере алган жаңы донорлорду издей баштайбыз. Бирок топтолгон акчаларга таянып биз донорлор менен эми тең ата сүйлөшө алабыз.

- Бул акчаны кантип колдонолу деп жатасыңар?

- Учурда биз ижарага берип, акча табыш үчүн снегоходдорду сатып алалы деп жатабыз. Ошондой эле биз чакан жамаатыбыздын мүчөлөрүнө үстөгү жок насыяларды берүүнү ойлонуштуруудабыз, бул акчаны алар конок үйлөрдү жасалгалаганга, керектүү жабдыктарды сатып алууга колдоно алышат эле. 

- Туристтердин контингенти өзгөрүүдөбү?

- Ар кандай болот. Туристтер эки топко бөлүнөт. Биринчиси – бэг-беккерлер – алар рюкзактары жана палаткалары менен саякатташат. Алар спартандык шарттарда жашаганга макул, бир гана муздак жана ысык суу болсо эле болду, алар ачык асмандын алдында палаткаларда түнөшөт. Алар маршураттарды өзүлөрү аныктап, биздин гиддерге кайрылбай эле тректерге өз алдынча кетишет. Алар даярдыгы жакшы туристтер, тоолордо кантип жашап, отту кантип күйгүзүш керектигин билишет. Жаратылыш менен алар “ымалашкан” мамиледе. Мындай туристтердин акчалары адатынча аз, бирок алар баштоочулар болот, так ошолор кийин кайсы бир маршрутту, дестинацияны, жерди жарнамалашат. Биз аларды бөпөлөп турабыз, аларга арзаныраак конок үйлөрүн тапканга аракет кылабыз.

Туристтердин экинчи түрү – флеш-беккерлер – алар чоң лайнерлерден түшүп, бир нече кадам баскандан кийин чоң, кооз автобустарга отуруп, биздеги жашыл чөпкө түшкөндөр. Бул жерде алар сүрөттөрдү тартып, биздин шоуларды көрүшөт: “боорсок шоу”, “көк-бөрү шоу”, “фольклор шоу”, бул шоуларга өзүлөрү да катышышат, мисалы боорсок үчүн камыр жууруп, жайып, аны бышырышып, өзүлөрү чай менен жешет. Нерви бекем коноктор үчүн бизде “кой шоу” бар – башкача айтканда биз туристтерге эт кайдан алынаарын көрсөтөбүз, алардын көзүнчө кой соёбуз. Бул туристтер опутарлдуу саякаттарга барышпайт, алар жаратылыш менен сый мамиледе. Акыркы убактарда биз негизинен флеш-беккер туристтер менен иш алып барып калдык.

- Ишке ашырсам болот эле деген жаңы ойлоруңар барбы?

- Мендеги ушундай бир ойдун пайда болушун айтып берейин. Бул жылы мен орозо кармадым. Мен мусулмандар үчүн ушундай программаны, туристтик долбоорду ачайын деп чечтим. Бизге мусулмандар келип, жамаат менен орозо кармай алышса дейм. Чогуу кармаганда жеңил болот эмеспи, ошондой эле таң заарда туруп ооз жапканды көбү өткөрүп алышат, а биз болсо аны уюштуруп берет элек. Ошондой эле чогуу намаз окушат эле. А күндүзү 2-4 километрлик жөө жүрүштөрдү, саякаттарды караштырабыз. Ден соолукту чыңдоону жана рухий азыктанууну бириктирет элек... Мен ага чейин, сөзсүз, белгилүү имамдар менен кеңешем, кантип аны жакшыраак жасасак болот деп.

- National Geographic сиз жөнүндө жасап жаткан тасмага токтоло кетсеңиз.

- Бул телеканалдын кино тарткан тобу мени менен байланышка кышында чыгышкан. Бизде кышында аттар туристтерди, тоо лыжачаларды тоого алып чыгаары аларды кызыктырган. Ушундай чыдамкай аттар чанда гана болот. Ошондуктан National Geographic ушул долбоорду колдоп, биздин ыкмага кызыкты. Бизде аттар тоо лыжачыларды кар баскан тоого алып чыгат, анан лыжачылар тоодон фрирайд кылып түшүшөт. Өткөн февралда алар келишип тасманын биринчи бөлүгүн тартып кетишкен. Башында биздеги кышкы туризм тууралуу гана айтып берели дешкен. Анын аталышы “Кыргыз аттарын кышкы туризмде колдонуу” болчу. Мен аларды бизди жайында да, кымыз менен дарылоо учурунда тартышына кызыктыра алдым. Башкача айтканда, цикл толугу менен болот. Ага кошумча алар Көчмөндөр оюнуна да келишет. Жыйынтыгында 15-20 мүнөттүк кызыктуу тасма болот. Кымыз менен дарылоону жана да Жыргалаң-фестти да тартышат. Дүйнөлүк атакатуу телеканалда биз тууралуу кызыктуу тасманы күтүп жатабыз.

Интервью алган Лейла Саралаева

Сүрөттөр Вячеслав Оселедконуку

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине