Кирилл Тен: #Alexandra.Bishkek

11:53, 12 Февраля 2019

Биздин белгилүү алып баруучуларыбыз жана журналист айымдарыбыздын «Инстаграм» жана «Фейсбуктагы» сүрөттөрүнө көз чаптырсак, чет элдик сапарларга жана маанилүү иш-чараларга, расмий жоолугушууларга жана маектерге алар көпчүлүк учурда «Александра» брендинин костюмдарын, көйнөктөрүн жана башка кийимдерин кийип баргандарын көрөбүз. Мен дагы алардын катарын толуктайм, анткени менин гардеробумдагы классикалык кийимдер ата мекендик өндүрүштөгү буюмдар жана бир маркага таандык.

«Александранын» күйөрмандары - чет жакка жумуш боюнча көп чыккан, активдүү, иштерман айымдар жана алар чет элдик бренддердин кийимдерин ала алышат. Бирок, алар «Александраны» тандашат. Эмне үчүн? Бул суроого жоопту «Александранын» дизайнери Кирилл Тен менен бирге табууга аракет кылабыз.

-Кирилл, сиз өзүңүз «Александранын» стилин кантип мүнөздөйсүз?

- «Аlexandraнын» стили – бул бизнес кежуал. Эң биринчиден, ал офиске дагы, күнүмдүк жашоого да жарай турган ыңгайлуу жана универсалдуу. Биздин кардарларыбыз ар кандай, бирок көпчүлүк учурда бул карьера куруп, кеңселерде иштеген айымдар.

Alexandraнын кол жазмасы – бул классика. Бирок биз аны жалгыз гана классика үчүн классика деп айтпайбыз, биз аны классика дагы жана башка кызыктуу образдарды жаратуу үчүн база деп билебиз. Классика бизге чек койбойт, анткени биз ар кандай аудитория менен иштешибиз керек экенин билебиз. Биз ар кандай стилдер менен эксперименттерди жасап, аудитория дагы биз менен бирге өзгөрүп, ал ар түрдүү болсо дейбиз.

-Баардыгы эмнеден башталды эле?

- Баардагы болсо алыскы 1992-жылы башталган. Менин апам, Элза Петровна Ким жеңил өнөр жай тармагында эмгектенчү, ал кезде кызматкерлерге айлык кыны продукция – сүргүлөр менен төлөшчү. Анан биз  бул жумшак чүпүрөктөр менен эмне кылсак болот деп ойлонуп, аларды халат кылып тигип, сата баштадык. Ушинтип бизнес-идея пайда болду, аны ишке ашыруу үчүн апам көптөгөн күчүн жана энергиясын жумшады. Бул жылдары эмне гана болгон жок: халаттарды жана униформаларды тигүү, «Дордойдо» дүң баада сатуу, аларды кийин Россияга жөнөтүү. Ал эми айымдар кийимдеринин толук кандуу маркасы катары биз 8 жылдан бери иштейбиз. Бүгүнкү күндө «Александра» - бул колдонуучулар арасында ордун таба алган, өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ марка деп айтсак болот. Кыргызстанда «Александра» - бул ата мекендик жалгыз бренд десек жаңылышпайбыз. 

-Бүгүнкү күндө сиз негизинен марканын өнүгүшүнө жооп бересиз. Кандай ойлойсуз бул колуңуздан келүүдөбү?

- Биздин идеябыз жөнөкөй болчу- Alexandraнын толук ассортименти бар, тейлөөсү мыкты,  адамдар келип, ыңгайлуу гардероб тандай алчудай чоң жана толук кандуу дүкөндөрдү ачуу.

Жумушка мен 6 жыл мурун кошулдум. Анда «Александранын» «Таш-Рабаттагы» алгачкы чекене баадагы түйүнү бар болчу. Андан соң биз Киев көчөсүндө, «Бета-Сторес-2» соода борборунда түйүндөрдү ачтык. Акыркысы ГУМда ачылды. Албетте, биздин Орусияда дагы партнерлорубуз жок эмес, жада калса кызыктуу долбоорубуз бар- биз продукциябызды Чехияда адгы сатабыз.

Бизге келип, алуучулар каалаган нерселерин таба алат, көйнөктөрдөн баштап сырткы кийимдерге чейин. Бул жаңы ыкма жана ал бир топ кыйыныраак, бирок биздин гардероб универсалдуу, ал ар кандай максаттар үчүн колдонулуп, бири-бирине шайкеш келе алат. Биз «Александрада» дал ушул нерсени кылабыз.

-Эргүүнү кайдан аласыз?

-Баардык жерден! Интернет, тасмалар, окуялар, эки жакты карап. Дүйнөлүк тренддер дагы бар- түстөр, формалар, ошондой эле локалдык өзгөчөлүктөргө дагы көңүл буруу керек. Жана, албетте, мен подиумдарда эмне болуп жаткандыгына көз салам – бизге окшош MaxMara, Chanel, ошондой эле шарттуу Celine же Off-White. Бирок подиумдарда көрсөтүлгөндөр менен жашоодо колдонулчу нерселердин айрымасы абдан чоң.

-Сизде мезгил сайын жаңы коллекциялар болуп турабы?

- Биз ай сайын, же эки аптада бир жолу капсулалык коллекцияларды чыгарууну өздөштүрдүк. Капсулалар- бул кандайдыр бир образды жаратчу үч-төрт кийимден турган мини коллекциялар. Мисалы, «Уэльс ханзаадасы» деген темага чакмактан тигилген көп образдарды жаратуу үчүн  5-6 кийимден турган капсуланы жасайбыз.

Бул ассортименттин такай жаңыланып турушун камсыздайт- сиз бир айда бир жолу келсеңиз, ассортимент жаңырып калган болот. Азыр баардыгы ушундай «фаст фэшн» стилинде иш алып барышат- бүгүн ойлоп табышат, эртең чыгарып, сатыкка коюшат. Жада калса подиумдарда дагы тенденциялар тез-тез өзгөрүп турат- эгерде мурун чоң мода үйлөрү жылына болгону эки коллекция чыгарышса, эми болсо баардык өндүрүүчүлөр жылына алты же андан да көп коллукция чыгарышат.

-Коллекция тигиле турчу кездемелер дагы чоң мааниге ээ. Сиздер аларды кайдан аласыз?

- Биз түрк өндүрүүчүлөрү менен иштейбиз, жакшы, кымбат кездемелерди алганга аркет кылабыз. Түркия Кытай менен Кореяга караганда алда канча жакшы. Бул өлкө Европанын кийим чыгаруучуларын дагы материал менен камсыздайт, мында сапат менен баанын мыкты айкалышы бар жана тейлөө дагы жогорку деңгээлде. Бизге кызык болгон түстөр жана фактуралардын эң чоң тандоосу бар. Биз кытай, корей материалдарын дагы колдонобуз, бирок алардын сапатына тыкыр көзөмөл жүргүзөбүз.

-Сиздин жасалгалар үчүн колдонула турган материалдар кандай талаптарга жооп бериши керек?

-Коллекцияны тигерден мурда биз материалды сынайбыз- аны жууйбуз, үтүктөйбүз, кирип кетеби жокпу, карайбыз. Жана бир нече жерлери бар. Биринчиси, баа ар дайым сапатына дал келбейт. Буга ишенүү кыйын, бирок чындык ушундай. Кээде карап турсаң, материалдын баасы абдан кымбат, бирок анын сапаты начар, ал тез эле бырышып, же бүдүрлөр пайда болуп калышы мүмкүн. Кээде болот, баасы арзан, бирок сапаты жана түзүлүшү идеалдуу. Кездеме жүз пайыз табийгый болуп, бырышпай коюшу мүмкүн эмес. Эгерде ал андай болсо, демек бул жалган жана анын курамында сөзсүз полиэстр бар. Ошондуктан биз жайында коллекцияга табийгый кездемелерди алууга аракет кылабыз, бирок кардарларыбызды кийим бырышат деп эскертебиз.

-Акыркы убакта Zara же Mango сыяктуу атактуу бренддердин кийимдерин бир эле мезгилге кийе алчудай болосуң. Ал эми сиздин кийимдерди болсо жылдар бою кийип жүрө берсе болот. Анын сыры эмнеде?

- Ал дүкөндөр башынан эле демократиялык кийимге ыкталган, бир сезон кийдиң да, ыргыта берсең болот. Zaraга сапат үчүн келишпейт. Анан дагы, Fast Fashion тез эле алмашып турат, ага да жетишүү керек. Кээде Zaraда товарды тез чыгарууга ушунчалык шашышат, жада калса кээ бир моделдерди толугу менен тикпей калышат. Бул жалгыз эле бир буюмга тешелүү эмес, кээде бүтүндөй серия ошондой болуп калат. Алар сапатка эмес, санга көп көңүл бургандай. Ким канча чыгарып, канча сата алат дегендей.

Бул жерден кийинки ой чыгат- азыр дүйнө жүзүндө кайра өндүрүүнүн чоң көйгөү бар. Ал эми өзгөчө көйгөйдү полиэстрдан жасалган кийимдер тартуулайт. Бул материал, пластик баштыктары сыяктуу эле абдан көп убакытта жок болот, ал эми аны кайра иштетүү абдан кымбат. Ал эми жада калса аутлеттер албаган калдыктарды эмне кылуу керек? Жерге көмүүбү? Алар ошондой эле кылышса керек.

Ал эми биздин «Александра» маркабыз- бул классика менен сапат. Биздин моделдерди жылдар бою кийип, башка коллекциялардагы моделдер менен дагы айкалыштырса болот. Классикалык жакет бир жылдан кийин да, үч же беш жылдан кийин да актуалдуу бойдон калат. Бизде товарды тезирээк өткөрүп жибермей жок. Эл биздин моделдерди жылдап кийип жүргөндүгү бизге жагат. Ошондуктан биз сапатка күчүбүздү да, жан дүйнөбүздү да, каражатыбыз ды салып жатабыз. Ал эми сапаттуу товарды чыгаруу абдан оор, анткени анда роботтор эмес, кесипкөй адамдар эмгектенишет.

-Сиз кандай ойлойсуз, элдер ойлонбостон сапатсыз товарды колдонгон тенденцияны таштап, ар бир кардар өзүнө гана дал келген эксклюзивдүү, сапаттуу кийимди алган учур келеби?

- Жок деп ойлойм, анткени суроо-талап сунушту жаратат. Жана мында эч жамандык жок. Биз сапатты каалаганыбыз үчүн тандайбыз да. Биз жөн гана сапаттуу продукт чыгарабыз деп чечим кабыл алганбыз. Анын үстүнө биз чекене колдонуучулар менен иш алып барабыз. Алар товарды кайтарып, нааразычылыгын билдирип, социалдык тармактарда сын айтышы мүмкүн. Жана биз кемчиликти жоюп, буюмду алмаштырууга милдеттүүбүз.

-Биздин эң берилген кардарларыбыз 2019-жылы эмнени күтсө болот?

-Биз Ошто да түйүн ачууну пландап жатабыз. Эгерде бул жылы колубуздан келсе, укмуш болмок. Ал жерде суроо-талап бар, бирок биздин форматтагы сунуш жок. Колубуздан келет деп ишенем. Эгерде буюмдар тууралуу айтсам, бизде жазга карата өтө назик, кызгылт жана ак түстөгү гүлдүү принти бар элеганттуу коллекция чыгат. Бир нече мезгилден бери тренд болуп келе жаткан көйнөктөр да болот. Тилкелүү принттер болот. Ассортимент такай өзгөрүп турат, андыктан ар 2-3 жума сайын бизге келип туруңуздар демекчимин. Сиз ал жерден ар дайым жаңы нерселерди таап, кур кол кетпейсиз.

Анан дагы бизде Сүйүшкөндөр күнүнө карата эң романтикалуу сүйүү билдирүүсү аттуу акциялар жана «Жакшылык белек кыл» аттуу кайрымдуулук акциясы дагы уюштурулмакчы.

Маекти алып барган Лейла Саралаева

Вячеслав Оселедконун сүрөттөрү 

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине