Марат Амираев: «Мен Кыргызстандагы орус театрын сактап калгым келет»

11:54, 8 Ноября 2014

Бүгүн биздин белгилүү актерубуз  Марат Амираев Дон Жуандын образы менен төп келет, ал Борзу Абдуразаковдун Дон Жуан аттуу спектаклинде анын ролун  мыкты ачып бере алган. Анын эмгек жолунда театрда жана кинодогу ондогон мыкты, ийгиликтүү жаратылган ролдор жатат, анын ичинде орусиялыктар да бар. Бирок, азыр ал кыялында өзүнө башка ролду – Орус драма театрынын директорулугунун ролун тууралап жатат. Жок, ага азырынча эч ким сунуштай элек. Бирок, театрдын азыркы директорунун канааттандыраарлык эмес иши, аргасыз,  андан көрө ушул ишти мен жакшы жасамак белем – деген ойго түртөт. Бул эмне, амбициябы, же жан дүйнөнүн жан далбасыбы? – биздин интервью ушул жөнүндө. 

- Марат, сиз өзүңүздүн актердук карьераңызга ыраазысызбы?

-  Даттансам күнөө болот го. Чет жерде иштеген көптөгөн артисттердей эле, менин да жолум жакшы болду. Мен ар кандай ролдорду ойной алам. Мен өзүмдүн ийгилигим деп, «Борис  Годуновдогу»  Гришка Отрепьевдин ролун айта алам, бул роль үчүн мыкты артист катары сыйлык алгам. Дагы бир ийгилигим, Борзунун Дон Жуаны. Бул спектаклге биз бир ай  даярдандык.  Бул абдан татаал процесс болду. Башында душман болчубуз. Биз, артисттер, аны асып салууга даяр элек. Андан кийин анын бутуна жыгылып, сыйынууга даяр болдук. Бул ролго мен кан-жаным, маңдай терим менен жетиштим. Көп кубат кетти.   Бирок, бардык спектаклдерди биз мыкты ойнодук. Искусство мына ушундай болуш керек, ага баш отуң менен берилбесең  болбойт.  Театр да ушунусу менен тартат. Анткени,  театр, бул баарынан мурда, АКТЕР жана КӨРҮҮЧҮ. Бул эки компоненттин ортосундагы энергетиканы өз ара алмашуу.  

- Кыргыз чөйрөсүндө актерчулук кесиби популярдуу болуп саналбайт. Ушул кесипти тандап алган учурда, үй-бүлөңүз кандай кабыл алды?

- Мен мединститутту таштап салганда, албетте, ата-энем абдан капаланышты, туугандарым: жакшы кишилердин баласы театрга кетиптир деп, сары санаа болушту. Алар үчүн бул олуттуу эмес эле, бирок, алгачкы натыйжалар пайда болуп, театрда, кинодо, Орусиялык кинолордо жакшы ролдорум жарала баштаганда, мен алар үчүн «жакшы бала» боло баштадым. Бул менин маңдайыма жазылган  тагдырым эле. 

- Сиз өзүңүз актер болушуңуз керек экенин кантип түшүндүңүз?

- Мен кичинекей кезимде, коноктордун алдында чын дилим менен чыгып ырдачумун. Менин чоң апам «Октябрдын 40 жылдыгы» фабрикасынын директору болчу, биздикине мейманга министрлер менен партиялык жетекчилер келчү. Мен столго чыгып алып, аларга ырдап берчүмүн, ыр айтчумун. Алар мени көтөрүп алышып, таттуулардан берип, аябай жакшы көрүшчү, ошондо артист болгон жакшы экендигин түшүнгөм.

-  Ал эми сиз үчүн артист болууга умтулууңузда жол көрсөткөн жылдыз эмне болду?

- Абдан  ак ниет болгум келет. Ал эми сахнада гана ак ниет боло алаарыңды жакшы түшүнөм. Жашообузда биз бет каптарды кийип, ырым жырымдар, стереотиптерге жашынабыз. Качан ачылган кезде, жан дүйнөбүздү мазактап басып кетишет. Ал эми сахна болушунча ачык жана эркин боло алчу  жалгыз жер. Көрүүчүлөр да ушуну күтүшөт. Режиссер мына ушуну күтөт. Пьесаны жазып жатып, драматург да ушуну күткөн.

Андан кийин театрда иштеген адамда кандайдыр бир жиндилик кыял болушу керек. Бул – башка дүйнө. Сиз жумуштан келесиз, үйдүн күнүмдүк түйшүгүнө чөмүлөсүз,  ал эми спектаклге билет сатып алып, залга киргенде, сиз Бишкекте, Кыргызстанда экениңизди түшүнөсүз. Бирок, спектакль башталганда, 17-кылымга чөмүлөсүз, алардын күнүмдүк  көйгөйлөрүнө кошо жан тарта баштайсыз. Андан кийин өзүңүз сахнада жүргөндөй, бардыгын сиз башыңыздан өткөрүп жаткандай сезим болот. Бирок, бул иллюзия, сиз мурдагыдай эле залда отурасыз. Бул учуу, бул фантазия, эгер актер өзү бул иллюзияга ишенбесе, болмок эмес. Эгер кичине жиндилик болбосо, спектакль жакшы болбой калат. 

- Ал эми  театралдык искусство   Кыргызстанда дагы эле тирүүбү?

- Албетте! Театр түзүлгөн күндөн баштап, анын өлө турган күнүн күтө башташат. Аны жерге көмүшөт жана кылым сайын көмүшөт. Театр жандуу музыка сыяктуу, бүт дүйнөдө жана дайыма актуалдуу болгон жана боло берет. Мурда жазылып алган музыканы  угуу башка да, концертке келип уккан таптакыр башка. Канааттануу көбүрөөк. Артисттин оюну да ушундай. Сен чыныгы турмушту,  нукура сезимдерди сезесиң. Кино, телевидение жана интернет дайыма театрды өлүм, жок болуу менен коркутуп келишкен. Бирок, ал өлгөн жок. Анткени, жандуу китептер, газеталар, журналдар жана театр актуалдуу бойдон кала берет.

- Кыргызстанга театр эмне үчүн керек?

- Деги эле искусство эмне үчүн керек? – сурасам болобу. Адам – сүрөтчү, акын, актер  искусствону кантип жаратат? Ал  болгон сезимдерди, көз карашты, мамилелерди өз жүрөгү аркылуу өткөрөт жана аны сүрөт, ыр, оюн аркылуу кайра элге жеткирет. Театрдын милдети – бул дүйнөнү чагылдыруу. Биз кайсы гана нерсени албайлы,  эгер анда жаңычылдыктын үлүшү жок болсо, бул эч кимге тийишпейт, бул жөн гана анын  кооздугу болуп калат. Биз ошол эле материаларды: сүйүүнү, чыкккынчылыкты, достукту, бийликти изилдейбиз – мунун баары миңдеген жыл мурдагы  Байыркы гректердин театрынан бери элге кызык болуп келет.  Анын маанилүүлүгү – бүгүнкү күн туурасында айтуу. Башкысы – диалог болушу керек, кээде көрүүчү унчукпастан келип, сезимдердин кылдарын уккусу келет. Биздин кылым учкул, маалыматка бай, биз корпоративдүү, кесиптештерибиз менен гана, иш боюнча  сүйлөшөбүз. Бул чоң шаарлардын өзгөчөлүгү. Башка адамдар менен азыраак. Биздин мына ушул бөлүнүп жатканыбыз жаман. Менин досум – касапчы. Биз, Кыргызстандын эли баарыбыз бириксек жакшы болмок, деп сүйлөшүп калдык. Ал мындай дейт: «Мара, бул чындыкка жатпайт. Жада калса эт саткандар да, өзүнүн жердештеринин гана эттерин алышат. Ал жакка чоочундарды кое беришпейт. Биз бири-бирибиз менен дээрлик сүйлөшпөйбүз». Көрсө, ушундай кичинекей коомдо да биздикилер жана чоочундар деген түшүнүк бар экен. Бирок, баарыбыз кыргызбыз го. Мына ушул  жагдайды кайсы бир кандык же падышанын үй-бүлөсүнө алып барып, мунун натыйжаларын көргөзө ойноп бериш керек. Актерлордун сезимдеринен адамдар өздөрүн көрөт, бир нерсени түшүнөт. Мына ошондо бул суроого дагы бир тастыктоочу жооп өзүнөн өзү жаралат- ТЕАТР КЕРЕК. 

 Бүгүнкү көрүүчү ким? Жаштар барбы?

Көрүүчүлөр ар кандай. Студенттерди кубалап келишет. Анан, Дордойдон сатуучулар атайылап келишет. Алар татынакай кийинип алышып, эс алганы келишет. Ал эми окутуучулар өтө аз келишет. Мүмкүн, спектаклдер ыңгайсыз убакта болуп жаткандыр. Мүмкүн башка себеби бардыр...

Театрдын кризиси тууралуу

-Орус драмтеатрынын азыркы абалын кандай баалайсыз? Азыр башынан ренессанс өткөрүп жатат десе болобу, же бул туурасында айтуу азыр эртерээкпи?

- Театр тирүү организм, ал жаралат, өлөт. Арт-менеджерлер айткандай, бул цикл 15 жылда бир кайталанат. Азыр орус драм театрында кырдаал оор, анткени бардык  бөлүмдөрдө көйгөйлөр толтура. Актердук цехте- жаңыдан чыгып келе жаткан актерлор аз. Жыгач устакана, бутафордук цех киши ыйлагыдай абалда, алар жабылган. Жакшы декорация жасаганга мүмкүн эмес...

- Сиздин техникалык жагын айтып жаткандыгыңыз мени таң калтырып жатат. Мен чыгармачыл пландагы көйгөйлөрдү угам го деп ойлогом...

- Кафеде столдо отуруп, укмуштуудай бир спектакль ойлоп таап, аны оюңдан жакшылап ойноп чыксаң болот.  Бирок, сахнага чыкканда, көптөгөн нерселерден – үндөн, костюмдардан, жасалгадан көз каранды экендигиңди түшүнөсүң. Ошондуктан, театрдын бардык бөлүктөрү маанилүү, ар бир тетиги спектаклде чагылдырылып турат. Ошондуктан, жалгыз чыгармачылык тууралуу айтуу аздык кылат.

- А режиссерлорчу? Спектаклдерди ошолор коюшат да.

- Бизге кудай өзү тартуу кылып, Тажикстандын белгилүү режиссеру   Борзу Абдуразаков келди. Ал эң мыкты спектакль «Дон Жуанды» койду, көрүүчүлөр жакшы келишти. Ал  «Записки сумасшедшего” спектаклин укмуштуудай ийгилик менен койду.  Бирок, ал кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдөн улам, өз мекенине кетип калды. Мындай  адисти кармап калбоонун өзү кылмыш.

- Сиз муну үчүн театрдык азыркы директору Александр Кулинскийди күнөөлөп жатасызбы?

- Мен аны, режиссерду кармап калуу үчүн тиешелүү аракеттерди көрбөгөндүгү үчүн күнөөлөйм. Албетте, ал аракет кылдым деп айтат, бирок болбогон кеп.  Бул адамдын театрды башкарууга күчү жетпей жаткандыгын моюнга алуу керек. Мен муну бетине эле айттым. Ал, оңой эле арыз жазып, жумуштан кетип калаарын айтты. 

- Демек, аны бул кызматта эч нерсе кармабайт экен да?

- Ушундай го. Бул кызматта театрды сүйгөн адам керек, аны жөн гана түшүнбөй, театрга жан дили менен берилиши керек. 

- Татьяна Доронина кандай?

- Эмне үчүн болбосун? Чынын айтканда, анын архаикалык болгонуна карабай, Москвада  Татьяна Доронинага толтура зал келчү. Анан да, Москвада көрүүчү көп, ыраазы болгон көрүүчү көп.

- А бизде көрүүчү көппү?

- Статистиканы биле албайм, бирок көрүүчүлөрдүн саны кескин кыскарды. Анткени спектаклдердин саны азайды. Бир бөлүгүн Воробьев алып кетти, өзү койгон спектаклдерди. Проюсердин укугунда алып кетти. Мен анын кандайча болгонун, эмне үчүн экенин да  билбейм. Бирок, факт факт бойдон калат. Биз жаңы спектаклдерди койбой калдык. Жалгыз гана  «Дон Жуанды» койдук

- Мени, көрүүчү катары натыйжа кызыктырат. Мен, театрдын активдүүлүгү азайып калганын байкадым. Ооба,  Воробьевдун учурунда театр кайнап турчу, бирок, уятсыздык пайда болгон эле.  Кулинский театрга кичине маданий агымды киргизүүгө аракет кылып жаткандай. Бирок. ошол эле учурда, Воробьевдун тушундагыдай  ар кандай кафелерге ижарага берип, театрдын фойесинде колбаса сатуу уланууда. Эмне үчүн?

- Ижара бар, ал азайган жок. Театрда мурдагыдай эле ар кайсы адамдар жүрөт, аларды биз билбейбиз, алар бөлмөлөрдү ижарага алып алышып, өз ишмердүүлүүктөрүн жүргүзүп жатышат. Театр, искусствонун сарайы катары, жок болду! Бул жерде май токоч сатса да болот. Ал эми ижарадан түшкөн акчалар кайда кетип жатат, белгисиз. Мен бул акчаларды көргөнүм жок. Бизде дайыма акча жетишсиз, биз жаңы жакшы спектаклдерди кое албай жатабыз. Андай болсо, ижарага берүүнүн  эмне зарылдыгы бар? Ошондуктан,  Александр Кулинский  театрдын профессионал директору эмес деп, ачык айта алам. Аны алмаштыруу керек.

Кызмат тууралуу

- А сиз актер, режиссер, театрды сүйгөн адам катары,  өзүңүзгө жоопкерчилик алып, бул театрды башкара алат белеңиз?

- Ооба! Мен биздин жетекчиликке мени жакшылап кароону сунуш кылып жатам. Мен өзүмө жоопкерчилик алууга даярмын. Менде актердук, режиссердук жана админстрацияда иштөө  тажрыйбасы бар.  Мунун абдан чоң жоопкерчилик экенин түшүнөм, бул абдан чоң мекеме, жамаат чоң, кыйын. Мен  көрүүчүнү кайтаруу, актерлорду ишке кызыктыруунун үч жылдык  программасын сунуш кылмакмын. Менин театрдын өнүгүшүнө өздүк концепциям бар. 

- Биз,  Кулинский башкаруучу партиялардын бири,  «Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү экенин билебиз. А сиз кайсы партияга карайсыз?

-Маданият партиясына. (Жылмаят) Чынында, мен эч бир партияга таандык эмесмин. Мүмкүн, менин кесиптештерим өз партиясын түзүп, биригип чыгышса,  ошондо маданияттын кызыкчылыгы үчүн күрөшө турган күч болмок. Мен бул театрды жакшы көрөм, ошондуктан, анда татыктуу адамдар иштешин каалайм, бул театрдын артисттери татыктуу  жашаса, аларды башка жарандар  сыйлашса жана баалашса дейм, артисттерибиз алар туурасында камкордук көрүп жаткандыгын билишсе. Мисалга, биздин бир артистибиз   Нина Чернышова бутун сындырып алып, эки айдан бери үйүндө жатат. жетекчилик ага чалган жок, үйүнө барып, акыбалын сураган жок. Мындай болушу мүмкүн эмес деп ойлойм. Биз артисттербиз, чыгармачыл адамдар бала сыяктуу. Бизге ар дайым көңүл буруп туруу керек. Бүгүн ал жок...

- Мага сиздин өзүңүзгө ишенгендигиңиз жана бул жүктү өз мойнуңузга алууга  болгон каалооңуз абдан жакты. Бирок, сизди өз амбицияңыз үчүн,  бардык эле кыргыздарга окшоп, жетекчи болгусу келип жатат деп күнөөлөп чыгышсачы?

 - Мен дайыма ушундан  четтеп келгем, мага актер катары ойногонум эле жетиштүү болчу. Бирок, мени өз театрым үчүн, өз шаарым үчүн, өзүмдүн актер-кесиптештерим үчүн эмне кыла алам деген суроо түйшөлтүп келет. Улам убакыт өткөн сайын  кубаттын баары кандайдыр бир күрөштөргө кетип, мен Кулинскийдин ордун талашып жаткандай, башкарма болуп, курсак өстүрүп, кычыраган джипке мингим келип жаткандай таасир боло баштады. Бирок, мен  муну өзүм чоң болуп, же портфель алайын деп кылып жаткан жокмун. Мен өзүмдү профессионал катары сезген тармакта маанилүү бир нерсе кылгым келет. Болгону ошо.

- Админстрацияга баргандан кийин, өзүңүздү актер катары жоготуп албайсызбы?

- Актерлор театрды башкарган көп жакшы мисалдар бар. Мисалы, Николай Губенко, Олег Табаков, Константин Райкин, Андреев. Мүмкүн, режиссура сыяктуу кесип менен кош айтышышым мүмкүндүр,  бирок мен Борзу сыяктуу, эл сүйгөн жана элди сүйүп, сыйлаган режиссерлорду тартмакмын. Борзу сөзгө да,  сезимдерге да абдан ынтаалык менен мамиле кылат. Ал биздин элди сезип турат жана бардык суроолорго жооп берүүгө аракет кылат. Анын даярдатууларында  чымын учса угулгудай жымжырттык  өкүм сүрүп турат.  Негизи, артисттер чурулдашып, бир нерселерди талкуулаганды жакшы көрүшөт. Бирок, ал биздин көңүлүбүздү Мольердин  жашоосуна ушунчалык бургандыктан, биз баш отубуз менен ошол доорго сүңгүп кирип кеттик, анын ошол жашоодо кантип жашап, Людовиктин жанында кантип күн көрүп, баш көтөрүп чыкканын терең түшүндүк. Мен  «Дон Жуан» спектакли туурасында айтып жатам, анда Дон Жуандын образы  Людовиктен алынган, ал эми өз образын  Мольер   Сгонорелдин  образы менен берген. Ал бул спектаклде, динсизге кызмат кылган кандай болоорун сүрөттөгөн. Спектаклде да биз олуттуу гана маселелерди талкуулачубуз. 

-Ооба, спектакль абдан заманбап жана актуалдуу болуптур.

- Анткени бул түбөлүк суроолор – кимге кызмат кылуу керек, эмнеге? Бул дайыма актуалдуу. Бизде да ушул болуп жатат. Кулинский – Людовик сыяктуу...(Күлөт).  Ооба,  Александр бир нерселерди жасагысы келди, режиссерлорду тартты, бирок бул ишин аягына чейин жеткирген жок. Анын үстүнө, ижараларга карабай, айлыгыбыз азайгандан-азайууда. Орто эсеп менен артист 5 миң сом алат. Чыныгы режиссер келгенде, акчага да ыраазы болосуң. Өзүңө бул суроолорго жооп бересиң: «Мен эмнеге жашап жатам жана эмне үчүн актермун?» Мен, Борзунун даярдаткан мезгилиндегидей тынчтык Пазинин тушунда да болгонун айткым келет. Ал эми Борзунун кеткени – бул кылмыш.

Түбөлүк тууралуу

- Сиз өлкөдөгү маданияттын абалын жалпы кандай баалайсыз?

-  20 жылдан бери биринчи жолу маданият министрлигине искусствонун адамын коюшту.  Алтынбек Максүтов - актер, режиссер, карапачы, продюсер, жана жакшы жигит. Бүгүн  «жакшы жигит» болуу да кесип, анткени дүйнөдө жакшы адамдар азайып баратат. Ал актердук, музыка дүйнөсүнүн бардык үмүттөрүн билет. Ал өз колу менен чопо чоорлорду жасайт, биздин каада салтыбызды улап жатат. Биздин маданиятыбыз мына ушунда, анын тамыры көп жылдан бери жоголуп кеткен, кайсы бир жерден үзүлүп,  ыргытылып кеткен.  «Кош бол Гүлсары» чыгармасы эсиңердеби, анда  Гүлсары үчүнчү жолу  кожоюнуна кайтып келет, ал анын тушамышын чечип, ыйлайт. Анткени алар темирден болгон. Анан, анын бала кезиндеги кыргыз усталары улуттук оюулар менен кандай сонун тушамыштарды жасагандыгын эстейт. Андан кийин, кандай гана ээрлер, камчылар, кыргыз кыздарынын укмуштуудай кооз жасалгаларын эстейт.  Ошондо Чынгыз Айтматов  мындай суроо берет: «Мунун баары кайда кетти? Биздин маданиятыбыз кайда калды?»  Маданият – бул дүйнөнү кабыл алуу. Биз көчмөн калк болгон кезде, биз табигаттын мыйзамына баш ийчүбүз. Көрүнгөн жерди булгаганга, жайыттарды көрүнгөндөй кылып тебелөөгө болчу эмес. Анткени, кийинки жылы мал ачка калат да. Эми  биз шаарда жашап калдык. Анан маданият маселеси уйпаланып, биз советтикпизби, же америкалыктарды туурап жатабызбы, түшүнүксүз болуп калды. Ал эми америкалык маданияттын таасири абдан зор болуп жатат. Ошондуктан, биз кайсы маданиятка таандыкпыз,  ушуну тандоо алдында турабыз. Жана биз кайсыны тандап алабыз, мына ушул маселе бүгүн абдан актуалдуу. 

- А сиз өзүңүз үчүн  ушул суроого жооп таптыңызбы?

- Ооба, мен көчмөнмүн. Менин оюмча, биздин тукумубуздун маңдайына  кандай жазылса, ошондой жашоо керек деп эсептейм. Мени үчүн Теңирчилик – шырдактарыбызда түшүрүлгөн  оюу,  өзүнүн сакралдык белгиси бар. Ал жакта сүйүүнүн сегиз умтулуусу бар – өзүңдү сүйүү, үй-бүлөңдү, өз улутуңду, жер жүзүндөгү бардык улуттарды,  өз жериңди, жашап жана өсүп жаткандын баарын, өлгөндөрдүн арбагын жана космосту сүйүү.

Сиз билесизби, ушул суроонун баарын мен да өзүмө берем да, жооп издейм. Ушул суроолор эмне үчүн келип чыкты деп ойлойсуз ?

- Орто куракка келгенде, сен кимсиң, кайдан чыктың, жашоодон эмнени каалайсың, ушуларды түшүнө баштайсың. Сен эч жакка шашпайсың, өз ички дүйнөңдү уга баштайсың.

- Сиз маданияттын сакталып калышына өз жоопкерчилигиңизди сезесизби

- Албетте. Мен муну сахнада ойноп жатканда билем. Театрды сактап калуудагы менин умтулуум ушунда. Мени ушул жерде күндөп-түндөп жүрүшүм керек экенин түшүнөм. Болгону, жагдайды өз колума алуучу убакыт келди. Мен, орус болбосом да  Кыргызстандагы орус театрын сактап калгым келет. Мен ушул маданияттын алып жүрүүчүсүмүн. 

- Адам катары, актер катары эмне туурасында кыялданасыз?

- Адам катары, туугандарым дени сак болсо деп ойлойм. Адам ооурп калганда. турмушуң башка багытка бурулат. Актер катары, жакшы режиссер, жакшы ролдор тууралуу кыялданам. Бир окуя болгон эле, биз Нарын тоолору туурасында фильм тарттык, Сыйкырчынын ролун белгилүү актер Акылбек Абдыкалыков ойноду. Бизге бир киши келди, ал айылдык мектепте завуч болуп иштейт экен, анан өзүнө конокко чакырды. Биз аныкына келдик, ал дасторкон  жайып, студент кезинде, үч ай Ошто айыл-чарба жумуштарында жүргөнүн айтты. Ошондо жума сайын Акылбек Абдыкалыков ойногон театрга барып турчу экен. Анын ролдору аны киши кылганын  айтты. Мен да, биздин ойногон ролдорубуздан улам, өзү үчүн жаңы, жаратуучу нерсесин тапса дейм.

- Сиздин карьера Москвада ийгиликтүү башталган эле. Эмне үчүн Кыргызстанга кайтып келдиңиз?

- Ооба, мен Москвада жакшы орношком, өз ордумду таап калгам, мага спектаклдерде, кинолордо  жакшы ролдорду  бере башташкан. Бирок,бир окуя болуп өттү. Кечтердин биринде досторумдукуна конокко барып калдым, ошол жактан жаш Че Гевара тууралуу «Мотоциклист күндөлүгү» фильмин көрүп калдык. Анда мотоцикл айдаган жаш  студент  Түштүк Америкага барат. Фильмдин аягында укмуштуудай курулушу бар, коммуникациялары жана ойлонулуп,  жакшы жасалган, бирок ээн калган шаарды кыдырып жүрүп, «Бул кандайча болуп кетти»- деп суроо салат. Менин да жан дүйнөмдө патриоттук сезим ойгонуп кетти. Мен, баары жакшы болуп,  Москвада жыргап жүрөм, ал эми Кыргызстандагы маданият акырындап өчө баштаганы үчүн уялдым. Ошол замат буюмдарымды чогулттум да, Кыргызстанга келдим. Мен иштейм, иштей берем.  20 жылдан кийин кайсы бир жигит, менин ишимдин аркасында адам болгом  деп айткыча иштейм. 

Суроо берген: Лейла Саралаева, Фото: Абылай Саралаев 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине