Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: «Мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун...»

15:28, 19 Января 2015

Ар түрдүү саясий ызы-чууга көп аралашкан, анын ичинде көңүл чордонунда болуп келген «Көпүрө чатагынын» башкы каарманы, Ош калаасынын мурдагы шаар жетекчиси Мелис Мырзакматовдун ордуна көпчүлүк коалициясынан көрсөтүлгөн талапкер Айтмамат Кадырбаевдин экинчи борбор аталган Ошко мэр болуп шайланганына 1 жыл болоюн деп калыптыр. Ал мезгилден тартып, ушул күнгө чейин шаарда топтологон көптөгөн көйгөйлөр кандай жүрүп жаткандыгын билүү үчүн атайы экинчи борборубузга сапар тартып, мурда айрымдар айтып жүрүшкөндөй: «Мырзакматов кетээри менен шаардагы жашоо токтоп калдыбы же жокбу?» ,- деген суроого жооп издедик.

- Айтмамат Тентибаевич, сиз иштеген 11 айда Ош шаары кандай өзгөрдү? Кандай позитивдүү өзгөрүүлөр болду?

- Ош шаарынын мэри болуп шайланган алгачкы күндөн тартып эле шаардыктардын жашоо деңгээлин көтөрүү, калаанын көйгөйлүү, көп жылдан бери топтолуп келген проблемаларын чечүүгө багыт алдык. Системалык коррупция менен күрөшүү максатында жоопкерчиликти сезүү менен айкындуулук, мыйзамдуулук принциптерин алдыма максат кылып койгонмун жана мэриянын аппарат кызматкерлеринен, мэриянын структуралык түзүмдөрүнүн жетекчилеринен ушул принциптердин негизинде иш жүргүзүүнү талап кылып келем.  Биринчи күндөн баштап эле шаардын 13 аймактык кеңештеринде  калаа тургундары менен жолугушууларды өткөрүп, алардын муктаждыктары менен таанышып чыктым.

Дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жана коопсуздуктар шаардын экономикасына өзүнүн терс таасирин тийгизип жаткандыгына жана 2014-жылдын 15-апрелинен 31-декабрына чейин Өзбек Республикасы тарабынан шаарыбызга газ берүү токтотулгандыгына карабастан, үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен өнөр-жай, кызмат көрсөтүү, курулуш, инвестиция тартуу чөйрөлөрүндө жана башка негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүбүздөгү өсүштөргө жетиштик. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 2014-жылдын ичинде салыктык жана салык эмес кирешелердин планы (атайын каражаттарды кошпогондо) 716,8 млн.сомду түзүп,  2013-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 113,1 млн. сомго көп салыктар жана жыйымдар жыйналды. Ошондой эле мэриянын көмөгү менен Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу спорттун 7 түрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаттары өткөрүлдү.

- Шаарга кандай жаңыланууларды киргизе алдыңыз? Эмнелер курулду?

- Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири каржылоо маселеси. Бирок, мен бир нерсени белгилеп кетким келет, къп акча тапкан байыбайт, ошол тапкан байлыгын сарамжалдуу пайдаланган байыйт. Бул маселеде биз чечкиндүү кадам жасадык. Муниципалдык мүлктү тактоо максатында атайын комиссия түзүп, шаардын муниципалдык менчигин эсепке алып, анын реестри түзүлдү. 2014-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн курулуш иштерине  тендерлер  ачык  айкын, коомчулуктун катышуусунда өткөрүлүп, жарыяланган тендерлердин жалпы сметалык баасы 66 млн. сомду түзсө, тендердик баасы 59,3 млн.сомду түзүп,  натыйжада 6,7 млн.сом акча каражаты үнөмдөлдү. Өткөн жылда биз жетишкен ийгиликтердин дагы бири Жапалак айылындагы 120 орундуу балдар бакчасынын курулушу, ошондой эле шаардагы  240 орундуу  №33 С.Алымкулов атындагы орто мектебининин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.  Андан сырткары кошумча каржылоо принциби менен АРИС, Евразия фонду жана башка уюмдар менен балдар аянтчалары, скверлер, фельдшердик-акушердик пункт жана башка обьекттер курулуп, пайдаланууга берилди.

- Мурунку мэрден кандай проблемалар калган эле? Аларды кантип чечтиңиз?

- Бизге «белек» катары калган А.Навои көчөсүндөгү жабылган, талкаланган көчөнү, бузулган эски көпүрөнү айтсак болот. Ал курулушту кайрадан мыйзам талаасына алып келүү эң оор маселе болуп калды. Анткени, курулуштун тендерлери олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан  курулуштуаны убактылуу токтотууга туура келди. Мындан тышкары, бюджет тартыш болуп турганда мындай кымбат көпүрөнү куруу тууралуу чечим кабыл алуунун өзү туура эмес эле. Ошондуктан биз көпүрөнүн бир нече альтернативдүү вариантын карап көрдүк жана эң эффективдүүсүн тандап алдык. Натыйжада, көпүрөнү курулушунун экинчи этабы  мурдагы 597,0 млн. сомдун ордуна  284,0 млн. сомго курулуп жатат. Ойлоп көрүңүз, бир эле көпүрөнүн курулушунан биз 313,0 млн. сомду үнөмдөп жатабыз. Андан сырткары мурда көпүрөнүн долбоорун даярдоого эле 31,0 млн. сом чыгымдалса, биз аны 3,0 млн. сомго бүтүрдүк. Буюрса, ушул жылдын октябрь айында көпүрөнү куруп бүткөрөбүз жана калаа тургундарына тартуулайбыз. Эң негизги башкысы, каржы маселесин чечүүдө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин көмөгү чоң болгонун белгилеп кетким келет. Президентибиздин кийлигишүүсү менен Орусия Федерациясынын грантынын эсебинен көпүрөнүн курулушуна республикалык бюджеттен 669,0 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

- Айрым адамдар Мырзакматовдун убагында иреттүүлүк бар эле деген ойду айтышууда. Мындай сын айткандарга кандай жооп берээр элеңиз?

- Мен андай сын айткандарга аткарылган иштер менен жооп берээр элем.  Мэр болуп иштеп жаткан 1 жыл ичинде биз негизинен шаарды көрктөндүрүү, тазалык, базарларды иретке келтирүү багытында иш алып бардык. Борбордук базарды иретке келтирүү максатында атайын комиссия түзүлүп,  ал жерде жайланышкан 226 обьект текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында 45 обьектинин мамлекеттик актылары жок болуп чыкты, 154 объектин чек аралары аныкталып, схемага түшүрүлдү. 250 м2. муниципалдык аянттардын мыйзамсыз пайдаланылып жаткандыгы аныкталып, борбордук базар дирекциясынын карамагына өткөрүлүп берилди. Кара-Суу жана Ж. Раимбеков көчөлөрүнүн эки четиндеги тротуарларды мыйзамсыз соода жүргүзүп жаткан сатуучуларды борбордук базардын ичине жайгаштыруу боюнча иш чаралар  жүргүзүлүп, 1000 ден ашуун прилавкалар бузулуп, 300 дөн ашуун соода түйүндөрү  базардын ичине жайгаштырылды. Айта берсек, мына  ушуга окшогон мисалдар көп.

- Ош шаарында социалдык-саясий абал кандай?  Абалды туруктуу десек болобу?

- Шаар бийлиги тарабынан шаар тургундарынын муктаждыктарын өз учурунда чечүүгө аракеттер жасалып жаткандыктан учурда шаарыбызда коомдук-саясий кырдаал туруктуу десем болот. Биз бул туруктуулукка шаардыктардын проблемаларын кырааты менен чечүүнүн негизинде жетишип жатабыз. Алдын ала чараларды көрүп, жаратылыш газынын токтотулгандыгына байланыштуу шаардын кышка даярдыгын да 2014-жылдын апрель айында эле баштаганбыз. «Жол чырак»  жана «Тегене»  жоопкерчилиги  чектелген коомдору менен жетишилген макулдашууга ылайык калкты буюртмаларынын негизинде арзан көмүр түшүрүлүп берилиши сыяктуу ыкчамдуу чараларды көрдүк. Мына ушул сыяктуу аракеттердин жыйынтыгы буюруса жаман эмес.

- Ош шаары эмнеси менен даңазалуу?  Эмне үчүн туристтер жана кыргызстандыктар ушул шаарга келиши керек?

- Ош шаары өзүнүн 3 кылымдан ашуун тарыхы, географиялык абалы, мээлүүн климаты, таза абасы, Ак-Буурадай тунук дарыясы, Сулайман-Тоодой ыйык тоосу,  бай базары, көп улуттуу, ынтымактуу, күжүрмөн эли менен даңазалуу десем жаңылышпаймын. Айтылуу Манас эпосунда  Айкөл Манас Ошпур баатырга ушул аймакты жердеп, шаар курууга тапшырма берген экен. Биздин шаардын кооздугун атактуу Бабур ырга кошуп, «Ош - Фергана өрөөнүнүн бермети» - деп бекеринен  айтпаса керек. Баардыгыбыз жакшы билген «Улуу жибек жолу» ушул биздин шаарыбыз аркылуу өткөн. Ош аймагында атактуу, даңктуу Курманжан Датка төрөлгөн. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгыз Айтматовдун балалык чагы Ошто өткөн. Учурдан пайдаланып барын биздин Ошко эс алып кетүүгө чакырам.

Суроо узаткан: Аида Тастанова 

Фото: Жылдыз Бекбаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине