Салтанат Аширова: «Мени музыка менен акчаны аралаштыргандары жийиркентет»

14:17, 23 Октября 2014

Шыңгыр үндүү, шаардык балладаларды жеткире  ырдаган ырчы, Салтанат Аширова биздин эстрадада өзгөчөлөнүп турат. Ырчы жалпы эл үчүн эмес, элита ырчысы...

Чынында, анын өзүнүн жашоодо да, искусстводо да  так позициясы бар. Ал өз талантын  окуучулары менен да бөлүшөт, вокалдан сабак берет, мунусу менен жаштарга өз жолун табууга жардам берет. Анын бардык нерсеге жеке көз карашы бар.

Чыгармачылык тууралуу

- Салтанат, сиздин чыгармачылыгыңыз афроамерикалык блюз аткаруучуларынын стилине окшошуп кетет. Бул жумшактык,  эркиндик каяктан?

- Бул менин жан дүйнөм. Мүмкүн, түпкү ата тегимде кара адамдар болгондур. Эмнегедир мени ушундай музыка тарта берет, анткени ал чыныгы, коммерциялык эмес. Чектелүү баалоочулар үчүн. Чыгармачылык мен үчүн – сүйүү сыяктуу, аны баары эле түшүнө беришпейт жана чындап сезе албайт. Өзүмдү клуб аткаруучусу деп атайт элем. Мени кээ бирлердин музыка менен акчаны аралаштыргандары жийиркентет.  

- Сиз чыныгы музыка деп атадыңыз. Муну кантип түшүнсө болот?

- Ар бир фолклордук, этникалык музыка чыныгы. Бирок, мен англисче ырдап жатканда, кандайдыр бир сезимдерди угуучуларга жеткирүү мага оңойураак. Үндүүлөрдү каалашыңча созсоң болот. Кыргыздын илгерки балладалары жагат, алар мага эмнегедир африкалык блюздарды эске салат. Блюздарды ырдоо үчүн, ичиңден күчтүү болушуң керек, бул сапат менде бар, ал кичинемден эч нерсеге тыюу салбай чоңойтушкан ата-энемдин тарбиясынан калыптанган. Ошондуктан, мен блюз ырдай алам. Мен «Эл эмне деп ойлойт?» деп, сарсанаа болбойм. Бул менин өзүмдү өзүм чагылдыруум. Мен жакшынакай көрүнөйүн деп эч качан бет кап кийбейм, мен дайыма стереотиптер менен күрөшүүгө аракет кылам.

- Аткаруучу искусстводо сиз үчүн ким эталон болуп саналат?

- Мага  Уитни Хьюстондун бүт чыгармалары жагат. Вокалист катары  Селин Дионду сыйлайм.   Мэрайи Кэринин үнүнүн ийкемдүүлүгү жагат. Лара Фабиан  абдан жеткиликтүү ырдайт. Азыркы ырчылар негизинен ошолорду туурашат. Биздин кимдерден таасир алгандыгыбыз абдан маанилүү. Мен рухий дем алышым керек болгондо, Стиви Уандерди угам.  Мюзиклдерди абдан жакшы көрөм. Бул менин жанрым.

-  Сиз мюзиклдерде чыгып, ырдадыңыз беле?

- Ооба, студенттик жылдарымда мен  «Вестсай  окуялары» спектаклине катышкам. Көп жыл мурун Консерваторияда бул  мюзиклди АКШнын элчилигинин күчү менен коюшту. Мен кастингден өтүп, чоң ийгилик менен, триумф менен Анитанын ролун ойноп, ырдагам. 

- Сиз өзүңүздү  Кыргызстандагы ийгиликтүү ырчы катары сезесизби? Сиз үчүн ийгилик деген эмне?

- Ар биринин ийгиликти баалоонун өз критерийлери бар. Менин жолум жакшы,  бирок ийгиликтүү эмесмин. Мен ийгиликтүү артист деп Мирбек Атабековду атамакмын. Ал көп жылдан бери ийгиликтин кайыгында келатат, ал жакшы ырларды жазат, ушунун баарын кантип иштеп чыгышты билет, элге кантип жагышты, кантип берүүнү билет. Мен ийгилиткүү долбоор деп Каныкейди атамакмын. Бул чыныгы продюсердин долбоору жана элге жагат. Эгер бул критерийлерден алып караганда, анда мен ийгиликтүү эмесмин, анткени бизде атаандаш  музыка жанры өнүккөн эмес. Ырчылар бир нече жанрды аралаштырып, аларын биздин аткаруучулардын чыгыш базарында сата беришет. Бирок, кандайдыр бир өз чийинин табуу, аны ар дайым кармап жүрүү – бизин шарттарда абдан кыйын. Мен соулду, латынамерикалык блюздарды жакшы көрөм.  Муну менен Кыргызстанда акча таба албайсың жана чыга албайсың. Ошондуктан, бизде  ушундай дилемма бар, өз идея жана стилиң үчүн күрөшүшүң керек, болбосо өзүңдү кысып, өз багытыңды өзгөртүп жашап кетишиң керек. Эгер сен өзүңө, өз стилиңе  чыккынчылык кыла баштасаң, анда өзүңдү жоготосуң. 

- Мен эки жыл мурда Ысык-Көлдө болгон  «Мейкин Азия»  эстрада фестивалында болгом. Сиз да катышып, бирок уткан эмессиз. Сизди  ушундай учурдар абдан капа кылабы?

- Чынымды айтсам, мен мындай сынактардан эч нерсе күтпөйм, анда баары алдын ала белгилүү. Анда баарын акча чечет. Ошондо, бул сынакка эки күн калганда, мени катышып бер деп сурана башташкан. Негизи эле бизде ушундай тенденция болуп калды, кандайдыр бир эл аралык фестивалдар же сынактарды өткөрө турган учур келгенде, же өзгөчө бир нерсени көргөзүү керек болгондо, мен тууралуу эстешет. Анан албетте, мени бекер ырдатууну каалашат.  Б.а. бул сынакка катышуу менин уюштуруучуларга  көрсөткөн колдоом, бул окуяга кандайдыр бир маани жана салмак кошуум болду. 

- Демек, сиз патриоттук сезимдерден катышып жаткан экенсиз да?

- Жок. менин патриоттуулугум – мындай сынактарга катышкандыгымда эмес, менин өлкөдөн кетпей, балдарды вокалга окутуп жатканымда. Бул менин өлкөмө маданияттан болсо да, кошкон салымым. Мен өзүмдү кыргыз элинин чыныгы кыздарынын катарына киргизбейм, анткени мен – жарым советтик – жарым кайра куруунун – жарым глобалисттик адаммын. Ошондуктан, мен кыргыз ырларын бул коомдун мүчөсү катары ырдай албайм. Мен бул коомду сырттан байкап турган адам катары ырдай алам – бул учурда абдан кылдат болуу керек. Эгер тайып кетсең, анда эл абдан ызаланып калат. Ошондуктан, эгер мен кыргыз тилинде ырдасам, мен негизинен сүйүү тууралуу ырдайм, бул мага түшүнүктүү жана жакын. Бирок, ал натыйжа берип жатабы? Бул көп учурда өзүн алдоочулук.

- Демек, сиз кыргыз тилинде ырдап жатканда канааттануу жок экен да.

- Мен, мунун элге канчалык керек экенин билишим керек. Шаардык жашоочуларга, менин чыгармачылыгымды сүйгөндөргө эмес, айылдарда жашап жаткан көпчүлүккө. Менин чыгармачылыгымда  ар дайым социалдык багыт бар. Ал менин угуучуларыма дайыма түшүнүктүү болушу керек. Менде, бардык эле кыргыздарда болгон сыяктуу, жакшырууга умтулуу бар, өзгөчө сени кимдир бирөөгө салышытыра баштаганда...

- Эгер сизди,  азыр  болбогон ырлары менен стадиондорго толо эл чогулткан таанымал болуп жаткан  ырчылар менен салыштырышсачы. ..

- Бул жолдошум экөөбүздүн бүтпөгөн талашыбыз. Мен өзүмдүн өзүмө жаккан ырымды ырдоого болгон укугумду талашам, ал эми жолдошум, эл уккусу келген, акчаны көп таба турган ырларды ырдашым керек дейт. Ооба, жашоо үчүн – куу болуу керек. Бирок, менде өз күйөрмандарыма жакын образ пайда болду. Эгер, мен аны да сатып кетсем, анда мен эл ичинен өз күйөрмандарымды таба албай калам, ошол эле убакта  мен өзүм жашап жаткан чөйрөдөгү сыйымды жоготом – бул музыканттардын, сынчылардын, мага ишенген менин досторумдун чөйрөсү. Бул татаал маселе. 

- Сиз өзүңүздү элита ырчысы катары сезесизби?

-  Менде  элитага суктанып, ага умтулуу жок. Мен элди элита жана жөнөкөй деп бөлбөйм. Джаз менен блюздан алыс жалпы көпчүлүк үчүн, кууш чөйрө үчүн да ырдагам. Башкысы, мен коротуп жаткан күч-кубаттын акыбети кайтса болду.

Зомбулук тууралуу

- Сизде так жарандык позиция барбы. Дегеле жарандык акцияларга катышып турасызбы? Ал сизге эмне берет?

- Мен  бардык акцияларга маңызын түшунүү менен катышам. Анткени, аялдарга болгон зомбулук – Кыргызстандагы эң чоң маселелердин бири деп эсептейм. Себеби, бизде бардык көйгөйлөр – анын ичинде зомбулук да, жашырылып кала берет. Биздин кыздар, аялдар бул туурасында айтуудан коркушат. Көп болсо алар апасына айтышат, апалары дагы кайра эле кыздарын күнөөлүү кылып чыга келишет. Аялдар өз көйгөйлөрүн чечүүдө жалгыз. Анын үстүнө, алар зордукчул, катаал күйөөлөрүнөн көз каранды. Бизде эркектер жакшы корголгон, ажырашканда болгон оокат жай анда калат. Ал эми аялдар балдары менен көчөдө калышат.  Ошондуктан, аялдар өздөрүнүн жырткыч күйөөлөрү менен жашоосуна мажбур болушат. Биздин эркектер, аны менен аял бактылуубу, деп эч убакта сурашпайт. Мен буга көзүмдү жумуп жашай албайм, ошондуктан болуп жаткан бардык каршылык акцияларына катышам.

- Бул көйгөйдү эмне мынча жүрөгүңүзгө жакын  аласыз?

- Мен өмүр бою психотерапевт болуп келем. Мектепте окуп жүргөндө эле, курбуларым келип, болгон арманын мага айтышчу. Мага ишенишчү, ошондуктан, мага ишенип айтылган сырларды мен эч кимге айтчу эмесмин. Бул абдан бааланчу, алар өздөрү жеңилдей түшчү. Ошондон бери мага баары ишенишет. Эч кимге айтпаган сырларын мага айтышат. Ошондуктан, жан дүйнөнү кыйнаган аялдардын өтө көп окуяларын билем. биздин коомдо зомбулук өтө көп, зомбулуктун ар кандай түрлөрү көп.

-Тагыраак айтканда кайсы чөйрөдө?

- Бир гана кыргыз эмес. Бирок, кыргыз тилдүү чөйрөдө кырдаал, аялдардын аялдарды сындагандыгы менен курчуйт. Кыздар бала кезинен эле өзүнө жакын адамдар, кошуналары, тааныштары тарабынан зомбулукка учурашат. Үрөй учат! Анан калса, эң кайгылуу окуяларга мурда үйүнөн эч жакка чыкпаган тартиптүү адамдар кабылат. Андай окуялар кечелерде болушу мүмкүн, өзүнүн курбулары эле ширесине арактан кошуп берип, андан кийин кызып калганда тагдырдын соккусунун алдында ташташат, мунун баары көңүл ачуу, тамаша үчүн... Андан кийин бардыгы алданган кызды күнөөлөшөт... 

- Бул көйгөйдү кантип чечсе болот деп ойлойсуз?

- Биз, чоңдор, окутуучуларбы, ата энелерди, журналисттерби, кошуналарбы, айрымасы жок, баарыбыз кыздарга мындай коркунуч туурасында айта жүрүшүбүз керек. Мындай учурларда өздөрүн кандай алып жүрүү керек экенин үйрөтүшүбүз керек. Балдар, өздөрүн кантип алып жүрүүнү, өздөрүн кантип коргоо керек экенин да билишпейт. Баары болгон кезде, бала өзүн өзү күнөөлөп калат. 

- Сиз ушул кырдаалга таасир эте аласызбы?

- Менде, аларды кырсыктан сактоо үчүн,  кыздар үчүн ырдап жүргөн ырым бар. Мен ага клип тартып жатам. Бирок, эң маанилүүсү, биздин кыздар бирин-бири колдогонду үйрөнүшү керек. Бири-бирин атаандаш катары эмес, курбу катары көрүшү керек. Жана татаал кырдаалдарда жардам бериши керек. Мен, бир уурдалып кеткен кыздын тагдырын угуп алып, жүрөгүм түшкөн. Аны күч менен башка үйгө алып келишкен, ал ыйлап. каршылык көргөзгөнүнө карабай, ага бир да аял болушкан эмес. Бул аялдарга,дагы бир курмандык келгени жагып жаткандай. Аны эч ким сактап калгысы келген жок. Алар: «Мен да ушундай өткөм. Мен да өз күйөөмө чыдап жүрөм, ал да мени ала качып келип, зордуктап салган. А эмне үчүн сен бактылуу болушуң керек?»- деп ойлонуп жаткандай. Мына ушул жаман. Аял башка жаш кызга бактылуу болууга мүмкүнчүлүк бергиси келбейт. Эмнегедир, биздин кыргыз аялдарда ушул катаалдык мүнөз бар.

-Анда сизди феминистка деп атаса болот турбайбы?

- Мага  «феминистка» деп атйканда, бардыгы тең коркунучтуу лесбиянкаларды элестетишет. Бирок, андай эмес. Кээде эркектер да феминист болушат. Анын мааниси, биздин коомдо  өтө бузулуп жаткан аялдардын укугу үчүн күрөшүүдө. Бул балдарды колдоо, алардын укугун колдоо сыяктуу эле. Биздин кыргыз коомунда – 5 жашар баланы киши катары көрүшпөйт. Эгер балага кичине кезинен, аны эч ким эмес катары таасир эте берсе, буга ал көнүп калат. Ал эми биздин коомдо, саясатта, мамлекетте бир нерсени өзгөртүү керек болгон күнү да – баары унчукпай карап турушат.

Жоопкерчилик туурасында

- Бизде коомдогу маданият көйгөйү бар. Сиз ырчы катары, жаран катары улуттун маданиятын көтөрүү жоопкерчилигин сезесизби?

- Албетте, ар бир артист муну сезиши керек. болбосо артист болуп, эл алдына чыгуунун мааниси жок. Мен ырдап жатканда бүт турган турпатым менен, өзүн-өзү көргөзүүдөн, түшүнүксүз болуп калуудан коркпош керек. Башкысы, жан дүйнөңдө бир нерсе болушу зарыл. Өспүрүм курактагы кыздар,  сулуубу же сулуу эмеспи,  ушуга сарсанаа болушат. Мен муну өз окуучу кыздарымдан  билем. Анан, алар үчүн мени үлгү кылуу позитивдүү. Мен аларга айтам: « Моделдерге, Барбинин образына теңелүүнүн кереги жок, өзүңөрдө жок кооз кийимдерге суктанбагыла. Алар силерге бакыт алып келбейт». Мен аларда индивидуалдуулукту өстүрүүгө аракет кылам. Анткени, ар бир адам өз алдынча кайталангыс жана башка мындай адам жок. Биздин жашообуздагы ар күнүбүз кайталангыс. Ошондуктан, азыр, ушул жерде көбүрөөк жакшы иштерди кылууга, жакындарыңды кубантууга аракет кылышың керек.

- Биздин өлкөдө таланттуу, интеллекттүү элдин баары өлкөнүн артында жүргөндөй.  Эмнеге мындай болуп жатат?

- Бул бардык жерде ушундай болуп келген. Музыканттар бар, о.э. шоу бизнестин өкүлдөрү бар. Ушул эки дүйнө жолугушканда, сонун нерселер жаралат. Бирок, негизинен алар өз-өзүнчө. Чоң шоу-бизнес – бул акча, алар бардыгынан акча жасашат. Ал эми музыканттар өз дүйнөсүндө жашашат, жаратышат, бирок сыртка чыгышпайт.

- Сиздин ырыңыз – чекене өнүмбү?

- Мен өзүмдү кантип мүнөздөөрүмдү  да билбейм, бирок, элдин жан дүйнөсүн ырым менен дарылоону  жакшы көрөм.  

- Шоу-бизнесбул акча, жылтырак, жасалма. Бирок, элге ошол көбүрөөк жагат, аны алар оңойураак кабыл алышат. Бизде, негизинен өзүн жана  өз образын көргөзгөндү жакшы көргөн бир ырчы кыз бар, ал абдан белгилүү жана бул чөйрөдө ийгиликтүү. Мунун феномени эмнеде?

- О, бул туура маркетингдин ачык мисалы, бул – пиар жүрүш, өзүн бере билүү, админстрациялоо, продюсерлөө. Аны бул ишмердүүлүгү  үчүн, чыдамкайлыгы үчүн, стресске туруктуулугу үчүн мактоо гана керек. Борбордо анын инсандыгы гана турат, бирок анын тереңдиги, мааниси, маңызы көрүнгөн жок. Бир гана тышкы келбети, образы бар. Ал актриса да, ырчы да эмес, жада калса дизайнер да эмес. Мен аны дизайнер деп атай албайм.

- Принцибинде, ага каршы болгон эч ким жок. Ал өсүп келе жаткан муунга кандайдыр бир үмүт жарата алабы?

- Албетте. Анын да  позитивдүү жагы бар, аны көргөн кыздар дароо аракет кылып башташат, чуркашып, йогага барышат, жаны тынбай иштеп башташат, ошондо аларда да кабриолети, узун буттары, өстүрүлгөн чачтары жана линзалары болот.

- Бирок, бул кандайдыр бир деңгээлде шылдыраган  боштук жана уятсыздык

- Менин оюмча, элдик киши жалпы элге кандайдыр бир позитивдүү, таасирленткен, образ жаратуучу идеяны алып келиши керек. Бул учурларда мен эч кандай идеяны көргөн жокмун, бир гана бүтпөгөн өзүн пиярлоо гана болуп жатат. Кооз, гламур жашоону көргөзмөгө алып чыгуу  балдардын психикасын жабырлантат. Мен, биздин жаштарыбыз өзүндө бул кооз жашоонун атрибуттарынын жок экендиги үчүн өздөрүн бактысыз сезишин каалабйм. Алар инсан катары калыптана эле кезинде, алар метериалдык туурасында азыраак ойлонушу керек, алар руханий нерселерден үлгү алышы керек. Ал эми бизде түшүнүктөр алмашып жатат. Элдик киши өсүп келе жаткан муунга катуу таасир берет. Бирок, мындай жашоону туу туткан кыздар, машиналар менен бриллианттар асмандан түшпөй тургандыгын да билиши керек. Бул – сатуу-сатып алуу. Өзүн сата билүү билгичтиги. 

- Мени бул учурда алдамчылык, тираджалып, көбөйтүлүп жаткан жалганчылык тынчсыздандырат. Бирок, көпчүлүгү иштин баары эмнеде экенин жакшы билишет, бирок, унчугушпайт. Калп көбөйүп жатат, адам өзү айыгып кеткен айыкпас оорусу туурасында жар салып жатат...

- Бул алдамчылык. Бул- чынында ооруп жаткандарга карата сыйлабастык. Бардык пиар жакшы, бардык пиар акталат деп айтышат, анткени сен туурасында айтышат. Бирок, бул убакта пиар бардык чектен чыгып кетет. Мүмкүн, ушундай өзүн пиар кылып жаткан адам бактысыз  жана жалгыз болсо керек, ал мүмкүн баарына жаккысы келип жаткандыр, мүмкүн бала чагында эч нерсеге жетише албай калгандыр? Мен билбейм. Биз баарыбыз ар түрдүүбүз, баарыбыз күн көрүүгө укуктуубуз, бирок, биз айлана чөйрөбүзгө зыян келтирбей жашашыбыз керек. 

 Кыргызстан тууралуу

- Сизге Кыргызстанда жашоо жагабы? Биздин өлкөдө эмнени өзгөртөт элеңиз?

- Мен биздин өлкөбүздү абдан сүйөм, биздин элди сүйөм. Ооба, бизде тагдырга нааразы адамдар өтө көп, бирок  мунун баары алар барчылыкта жашабай, эптеп күн көрүп жаткандыгына байланыштуу. Өтө бай адамдардын тобу бар, алар негизи бири-бирине тууган. А калган адамдардын баары эле эптеп тырмышып жатышат. Шаардыктар – бул өзүнчө тема. Алар эч нерсеге таң калбай калышкан, бардык өзгөрүүлөргө ийин куушурушат: «Эми, буга да көнөбүз!» Ал эми аймактарда таптакыр башка жашоо. Менин оюмча, өлкөнү туура эмес башкарып жатышкан үчүн, гастарбайтерлер өтө көп. Жигиттер менен  кыздар кетип жатышат, үй-бүлө курбай, балалуу болбой, анткени чоочун жерде иштеп жүрүшөт. Салттар бузулууда, үй бүлөлүк баалуулуктар талкаланууда. Мына ушундан улам, биздин улут майдаланып, жок болуп кетеби деп корком. Кыргызстандын башкы көйгөйү – мына ушунда.

Лейла Саралаева Фото: Абылай Саралаев

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине