Сапар Исаков: “Менин максатым – тез аранын ичинде экономиканы көтөрүү”

16:58, 30 Марта 2018

Сүрөттө: Премьер-министр Сапар Исаков жарандык активисттер менен ишембиликте

Кыргызстандыктардын көбү чыдамсыз, шашма жана эмоционалдуу калк келет. Күткөндү, сырттан жайбаракат байкап турганды, талдап иш кылганды көп жактыра бербейт. Мындайда “Кетсин” деген чакырык чыга турган болсо, ал чындыкка жетем деп бардыгын талкалап, уратып салышы мүмкүн.

Мына азыр да жаздын келиши менен, күн жылып, бак-дарактардагы бүчүрлөр ачылганы даяр болуп калганда, кайсы бир адамдар өкмөттү кетириш керек деп элди дүрбөтүүгө аракет кыла башташты. Биз премьер-министр Сапар Исаков менен биргеликте өкмөттүн кетишине себептер барбы, же жокпу, аныктап көрөлү дедик.

- Сапар Жумакадырович, акыркы убакытта сизди жана сиздин командаңызды катуу сындап жатышат. Сиз бул сындарды кандай кабыл алдыңыз?

- Мен ага түшүнүү менен мамиле кылганга аракеттенем. Сын болушу керек, ал адамды туура иштерди жасаганга түртмөлөйт. Ооба, ишиңдин бардыгы эле телегейи тегиз боло бербейт. Бирок байкасаңар, бүгүн сындап жаткандар болгон мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө колдонгого аракет кылып жатышат. Командамдын ар-бир кадамын микроскоп менен карап жатышкандай сезилет, мен үчүн бул чын эле эң күчтүү түрткү. Ачыгын айтайын: “Жаңы доор – кырк кадам” агрессивдүү ишке ашырылып жатат, кадамдап жылып жатабыз. Бизде так план бар. Кудай буюрса, мен берген бардык убадаларым ишке ашырылат, “Акылдуу шаар” да, башка долбоорлор да. Бүгүн биздин бюджетте эки ай аралыгында 3 млрд сом өлчөмүндө профицит пайда болду. Мындай нерсе мурда эч качан болгон эмес. Мындан ары да ушуга окшош жыйынтыктарды көрсөтүп турмакчыбыз. Санарипке өтүү бюджеттин киреше бөлүгүн өстүргөнгө эң чоң түрткү болот. Анын эсебинен биз “таза суу” долбоорун, ирригациялык, социалдык долбоорлорду ишке ашырабыз. Эгер мен жаңы эле премьер болцп дайындалганда менде кандайдыр бир кооптонуу, ишенбөөчүлүк бар болсо, азыр бул маанилүү долбоорлорду ишке ашырса болооруна, жакында анын пайдасын көрөөрүбүзгө бекем ишеним бар.

- Кайсы сын менен макулсуз?

- Айрым сындар менен, мисалы, бул же тигил министрдин начар иштеши боюнча. Мен бул сындар менен толук макулмун. Командамдагы министрлердин ишин жарым жылдай убакыт байкоого алдым. Аларга убакыт берген элем, эми талап кыла баштадым. Көбүнө сөгүш жарыяладым. Мындан ары сөгүш алгандарды эми кызматтан алам. Эми убакыт берилбейт. Жыйынтык болушу үчүн так жана катуу чараларды көрө баштайм. Менин максатым – тез аранын ичинде экономиканы көтөрүү.

- “Акылдуу шаар” долбоору жана “Хуавей” компаниясы менен келишимди бузгандыгыңыз боюнча сизди өзгөчө катуу сындап жатышат. Бул сын боюнча эмне дей аласыз?

- Биз “Хуавей” менен келишимди жөндөн жөн эле бузган жокпуз. Келишимдин негизинде биз техникалык-экономикалык негиздемени жана долбоорлук-сметалык документацияны түзө баштаганбыз. Командабыз алардын үстүндө иштеп жатып техникалык мүнөздөмөсү жана баалар саясаты бизге ылайык келбей тургандыгын баамдадык, келишимден чыгуунун туура көрдүк. Мен өз элиме душман эмесмин да, улуттук кызыкчылыгыбызга, экономикабызга жана элибиздин мүдөөсүнө туура келген гана чечимдерди кабыл алышым керек. Жыйытыгында, командабыз менен кеңешип, бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик.

- Башкача айтканда, кытайлыктардын шарты өтө катаал экен да?

- Кыргызстан үчүн пайдасы аз экен десек болот.

- Түшүнүктүү. Бишкек ЖЭБин жаңылоо да дароо эле эске келет. Ал боюнча да сизди катуу сынга алып жатышат. Жаңылоого тиешеңиз барбы? Анда жемкорлук нерселер байкалабы?

- ЖЭБди жаңылоого менин эч кандай тиешем жок. Бирок ЖЭБди жаңылоо зарыл деген саясий чечимди кабыл алууга катыштыгым болгондугуна сыймыктанам. Эгер ЖЭБде кырсык болгон учурда жаңы меш иштеп жатпаса, эмне болот эле? Борбор калаада накта коллапс болмок: бардык түтүктөр тоңуп калмак, а демек, бүт жылуулук трассаларын кайрадан казып чыгып, түтүктөрдү жылытып же алмаштырып, асфальтты бузуп талкалап, аны кайра төшөп чыкканга аргасыз болмокпуз. Бул өтө чоң чыгымдар, аны бир канча жылдык бюджетибиз да көтөрө албайт болчу. Бул коллапс өлкөбүздүн бүт экономикасына катуу залакасын тийгизмек. Муну да эске алышыбыз керек.

ЖЭБде кызматкерлеринин шалакылыгы болгон. Өзүм түзгөн комиссиянын жыйынтыктары менен таанышып чыктым. Азырынча эч бир чараларды көрө элекмин, жакында ага киришем. Эмне үчүн мен бүт жоопкерчиликти моюнга алганга даярмын? Премьер-министрлер кол шилтеп, “Мен буга жооп бербейм” деген заман артта калды. Азыр экономикага да, өлкөдөгү абалга да жоопкерчиликтүү болгон адам бар. Ал адам – премьер-министр. Ошондуктан мен жоопкерчиликти моюнга алганга даярмын. Биз азыр аякта бардыгын тартипке салып жатабыз. Менин буйругум боюнча ЖЭБдин ишине байланыштуу нускама даярдалып жатат. Ал жаңыча иштей баштайт. Эмки жылуулук сезону башталгыча биз насосторду, түтүктөрдү алмаштырып, ЖЭБди жылуулайбыз. “А” планы жана “Б” планы бар режимде иштей тургандай кылабыз.

- Аймактарды кантип өнүктүрөбүз?

- Биз учурда айыл чарба тармагын терең изилдеп жатабыз. Аны бүтөөрүбүз менен план боюнча иштерди баштайбыз. Негизги максатыбыз – өндүрүштү ирилете турган айыл чарба кооперативдерин ачуу керектиги тууралуу ойду элге жеткирүү, эл арасына сиңирүү. Ушул жол аркылуу гана биз майда чарбаларды бириктирип, аларды кирешелүү кыла алабыз. Бул жерде мамлекеттин милдети болуп тийиштүү шарттарды түзүп берүү саналат, алардын катарына инфратүзүмдү түзүү, сугат жерлерин көбөйтүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүбүз өз продукциясын чет мамлекеттерге алып чыга алышы үчүн жаңы лабораторияларды ачуу, түшүмдү узак мөөнөткө сактаганга чоң муздаткыч сактагычтарды куруу кирет. Ушуга окшош көп нерселер жасалат. Толугу менен тутумдук (системдик) өзгөрүүлөр болмоюнча, бул тармактагы абал оңолбойт.

- Сизди кызматтан кетирүү тууралуу чакырыктарга мамилеңиз кандай? Алардын артында ким турушу мүмкүн?

- Бул чакырыктардын артында белгилүү бир күчтөр турат, алар өз премьер-министрин койгусу келет. Бул саясий күрөш, ал бардык өлкөлөрдө бар, бизде да дайыма болуп келген. Күрөшүш керек. Кылган иштерибизди кыргызстандыктарга көрсөтүп күрөшөбүз. Бирок да жарым жылдын ичинде бардык тармакта пландаган нерсенин баарын жасаганга мүмкүн эмес, аны эске алышыбыз керек. Бирок, Кудай буюруп, менде дагы бир аз убакыт боло турган болсо, биз өлкөбүздө дагы көптөгөн жакшы өзгөртүүлөрдү жасаганга жетишмекпиз. Мен ага ишенем. Анткени биз туура жолго чыкканыбызды көрүп турам.

- Эл арасында айтылып жүргөн “ушак-айыңдарга” токтолбой коё албайм. Президент Жээнбеков менен пикир келишпестигиңер жокпу?

- Ортобузда эч кандай пикир келишпестиктер жок. Сооронбай Шарипович менен тыгыз иштешип, алдыбызга коюлган тапшырмаларды аткарганга аракет кылып жатабыз.

- Кыргызстандыктар өзүлөрү өлкөсүн тазартканга катышсын деген максатта “Таза жашоо” деген улуттук кампанияны баштадыңыз. Бирок эл негедир кыжырланып, каарданып, эч нерсеге ишенбей калгандай сезилет. Мындай эл менен таза жашоону курса болобу?

- Элдин бийликке ишеними пайда болгондо гана кыжырлану, кардануу өзүнөн-өзү эле жоголот. Бул өтө маанилүү нерсе. Менин максатым – биз чын жүрөктөн элдин камын ойлоп, анын кызыкчылыгында иштеп жатканыбызды элге көрсөтүү. Ага биз социалдык маселелерди чечкенде гана жете алабыз. Ал эми бул маселелерди чече башташ үчүн бюджетибиздеги абал жакшы жакка өзгөрүшү керек. Айлыктарды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды көтөрүшүбүз керек. Бирок алардын бардыгын жарым жылда жасаганга мүмкүн эмес. Башында экономикабызды оңошубуз керек. Башка өлкөлөрдө премьер-министр бери дегенде 3-4 жыл иштейт. Бардыгын акырындык менен, биринин артынан бирин жасайт. Мисалы, эмне үчүн мен МАИден баштадым? Анткени МАИ кызматкерлери адамдар менен түздөн-түз иштешет, алар мыйзам бузуп, туура эмес иш кылышса, ошого жараша эл бийликтин мамилеси тууралуу ой-бүтүмдөргө келишет. Бийлик өкүлдөрүнүн элге мамилеси өзгөргөндө гана эл өзү өзгөрө баштайт. Ошондуктан мен милицияны полиция кылып өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыктым, укук коргоо органдары элге жакыныраак болсун дейм. Бул узак мөөнөттү процесс, мына ошондо гана абал таптакыр башкача болуп өзгөрөт.

- Өзгөрүүлөр ачык-айкын байкалып көрүнүшү үчүн Кыргызстанда премьер-министр канча убакыт алмаштырылбай иштеши керек болот?

- Менин баамымда, мен бир жылдык ишим боюнча отчет беришим керек болот, ал сентябрга туура келет. Жасаган иштерим боюнча толук айтып бералам. Ошол эле кезде биз баштаган иштердин бардыгын ишке ашырыш үчүн дагы бир аз көбүрөөк убакыт берилсе сонун болот эле. Бирок бул дагы маанилүү эмес. Эң башкысы – жаңы премьер келгенде ал биздин команда баштап койгон программаларды улантып кетиши керек. Бул өлкөнүн туура өнүгүүсү үчүн эң зарыл нерсе. Менин милдетим – тутумду жөндөп, өлкөнүн экономикасынын өнүгүү жолуна салып коюу. Бардыгы жаңыча иштегенди үйрөнүшү керек. Эмдиги жылы биз бери дегенде Бишкек менен Ошто санариптик документколдонууга өтүшүбүз керек болот. 22-мартта биз үчүн маанилүү окуя болду – Дүйнөлүк банк санариптик трансформация боюнча Digital CASA деген долбоорубузду колдоп, аны ишке ашырууга 50 млн доллар бермей болду. Ар-бир айылга интернетти жеткиргенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал эми Интернетке салынган ар-бир 1 доллар 10 долларлык экономикалык эффект берээрин бардыгыбыз билебиз. Иштин натыйжалуулугун 10 эсе өстүрөт. Башкача атйканда биз туура багытта, туура кадамдарды жасап жатабыз. Кыргызстанда зор жакшы өзгөрүүлөр болот.

Маектешкен Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине