Светлана Керимкулова: “Бактылуу балалыкты кайрууга болбойт, бирок аны тартууласа болот”

17:38, 13 Февраля 2018

Борбор калаадагы №67 мектеп Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы жана алтын медалдарды алгандардын саны боюнча дайыма алдыңкы муниципалдык мектептердин катарында жүрөт. Бул жерде окуу абройлуу болуп саналат, шаардын ар-кайсы жерлеринде жашаган ата-энелер балдарын бул мектепке орноштурууга аракет кылып келишет.

Учурдагы билим берүү тармагынын маселелери жана келечеги тууралуу бул гимназиянын директору Светлана Керимкулова менен маектешүүнү туура көрдүк.

- Светлана Мусаевна, учурдагы жашообузда билим берүүнүн орду өзгөрдүбү? Өлкөгө билимдүү адамдар керекпи?

- Билим – ар-бир адамдын келечегинин бекем пайдубалы болуп эсептелет. Биздин балдар терең билим алып, өз жөндөмдөрүн көрсөтө алышына бардык аракеттерди кылып келебиз. Так бүгүнкү окуучулар эртеңки күнүбүз, келечегибиз кандай болоорун аныкташат эмеспи.

- Биздин балдар кандай өзгөрүштү?

- Мурда балдар аздан болсо да китеп окушат эле. Көп нерсеге кызыгышат болчу. Мугалимдерди да угушат эле. Азыр болсо балдардын көңүлүн бир нерсеге бурдуруш өтө оор болуп калды. Бул, бир четинен, мугалимди кесипти татаалдантты. Бирок да кызыктуураак дагы болуп калды...

- Эмне үчүн алар ушундай болуп калышты, аларга эмне жетпей жатат?

- Аларга ата-энесинин мээрими жетпей жатат. Анткени ата-энелери же балага дагы кошумча сабактарды үйүп салып, өзүлөрү балдары менен сабак окушпайт, же балдары менен такыр эле байырлашпайт. Азыр ушундай заман болуп калды, көбү акча табыш үчүн же алыска, чет жерге кеткенге аргасыз, же мекенинде баш көтөрбөй иштешет. Бул нерсе балдарга катуу таасир тийгизүүдө. Балдарга ата-энелеринин мээрими жетпей калды, муну клиникалык көрүнүш десек болот.

- Ооба, ошондой болуп калды. Бирок биз чоң киши болсок да ата-энебиздин сүйүүсүнө зар болгонубуздан алтын балалык чагыбызга кайткыбыз келеттир...

- Билесизби, бактылуу балалыкты кайрууга болбойт, бирок аны балдарыбызга тартууласак болот. Же окуучуларыбызга. Бул – биздеги педагогдордун негизги максаты. Анан да, сөзсүз, ата-энелердин. Бактыны акчага сатып алалбайсың, көбүбүз ушул нерсени унутуп калгандайбыз.

- Кандай дейсиз, заманбап мектептин билим берүүдөн сырткары дагы кандай милдеттери бар?

- Өтө көп. Алардын бардыгын азыр эле жеңил санап бүтө албайсың. Өзүңөр байкап көрүңүздөр: окуучулардын маалыматтык маданиятын калыптандыруу жана алардын чыгармачылык шыктарын арттырууга бардык шарттарды түзүп берүү, ар-бир окуучунун инсан катары ар-тараптуу жана бардык жагы төп келгендей өсүшүн камсыздоо, Кыргызстан жаранынын инсандык социалдашуусун калыптоо – мектептин милдеттери болуп эсептелет.

Учурдагы адамга эң зарыл нерсе – коомго да, өзүнө да гуманисттик көз караштагы, жаңы демократиялык коомдо жашай алган, жашоого жөндөмдүү адамды тарбиялап өстүрүү дагы – биздин милдет. Мугалимдерге, ал эми алардын дээрлик бардыгы аялдар болуп эсептелет, элибиздин интеллектуалдык, руханий жана чыгармачылык потенциалын калыбына келтирүү боюнча чоң жүк жүктөлгөн.

Дүйнөгө чыгармачыл мамиле кылган, аны өзгөртүп, жаңы жашоону куралган эркин жарандарды тарбиялап өстүрүү жүгүн коом так бизге ишенип тапшырды. Жашоо коопсуздугунун негиздерин түшүндүрүү, сергек жашоого умтулуусун калыптандыруу да – мектептин милдеттеринен. Бул милдеттерибиздин айрымдары гана.

- Жеке сизди баарынан көп түйшөлткөн кайсы маселе?

- Окуучуларыбыздын коопсуздугу! Жеке коопсуздугу, анткени азыркы заманыбыз катаал эмеспи. Криминагендик абал курч. Бирок баарынан катуу менин тынчымды алган нерсе – транспорттук коопсуздукка байланыштуу абал. Биздеги жол агымын көрүп алып, кээде аны такыр көрбөсөм болот эле деп ойлоп кетесиң. Ал эми балдарыбыздын көбү мектепке өзүлөрү келип, мектептен үйлөрүнө өзүлөрү барышат. Ар-бир жол кырсыгын мен өзүмдүн трагедиямдай кабыл алам. Бул тим эле азап.

- А сиздер өз окуучуларыңарды жол коопсуздугуна үйрөтөсүңөрбү?

- Сөзсүз, үйрөтөбүз. Бул маселеге өзгөчө көңүл бурабыз. Бирок кеп балдардын ата-энесине карап үйрөнүп жаткандарында болуп жатпайбы. А шаарыбыздын жолдорунда эмне болуп жатат? Кээде жаш эне колуна бир баласын көтөрүп алып, экинчисин колунан ээрчитип алып жолду туура эмес жерден өтүп жатканын көрүп калабыз. Ушул учурда балдар эмнеге үйрөнөт? Өз коопсуздугун да, башканын коопсуздугун да тобокелдикке салганды. Бул жол коопсуздугу эрежелеринен сырткары жаткан чоң маселе.

- Менин билишиме караганда, сиздин мектепте бир топ бардар ата-энелердин балдары окушат...

- Жок, бизде ар-түрдүү коомдук катмарлардагылардын балдары окушат. Ар-башка балдар.

- Айтсаңыз, сиздин мектепте коомдук катмарлануу катуу байкалабы?

- Таптакыр андай эмес. Бул жакшы жаңылык. Жана да мен белгилеп кетким келет, азыркы коомубуздун балалык оорусу – “капчыгы менен мелдешүү”, байлыгы менен мактануу – бара-бара, бир-эки муундан кийин жоголот. Азыркы балдар ата-энелеринин байлыгына карашпайт, досту күтүүдө ага көңүл бурушпайт, жакыр үй-бүлөдөгү балдарды басынтышпайт.

- Досторун кантип тандашат алар?

- Кызыкчылыктары боюнча. Азыркы балдар эпчилирээк десек болот. Жалтыраган, кымбат баалуу нерселер менен эч кимди бүгүн таңгалтыра албайсың. Бүгүн алдыңкы орунда адамдын жөндөмү жана таланты. Балдар балдар бойдон калышты, бирок ата-энелеринин байлыгы менен мактанбай калышты. Кеминде, мурдагы муундагыларга салыштырмалуу өтө сейрек.

- Азыркы учурда эң абройлуу жана акчалуу деп эсептелбеген мугалимдик кесипке таланттуу жаш балдар келүүдөбү?

- Бул чоң маселе. Тилекке каршы, бул күндөрү биздин кесипке жарабаган көп адамдар мугалимдик билим алышууда. Алар жогорку билимдүү деген атка конуш үчүн гана эптеп-септеп диплом алып, кийин башка тармакта иштеп, акчаны чабабыз деген ойдо. Бирок ага бардыгы эле жете бербейт. Ошондо алар айласыздан мектепке келишет, кесиби боюнча. Бир жерде иштеш керек да. Жашырбай эле айтайын, бул чоң маселе.

- Эмне кылыш керек?

- Мугалимдик кесип алгысы келгендерге тандоону катуулатыш керек. Ал биздин келечегибиз да!

- Бирок көптөн үмүттөндүргөн жаш кадрлар дагы бар да?

- Сөзсүз, бар!

- Өзүн бүт толугу менен балдарга арнаган кыргызстандык мугалимдерге эмне айтат элеңиз?

- Урматтуу мугалимдер! Демилгелүү, чыгармачыл, өз кесибине берилген сиздерге окшош адамдар бар үчүн, биздин өлкөдөгү эң жакшы салттык нерселер сакталып калууда. Сиздер өзүңөрдүн бардык бай тажрыйбаңарды балдар бардык заманбап стандарттарга туура келген билимди алышына арнап жатасыңар. Ал эми бүгүнкү күндө жакшы билим – адамда өз күчүнө ишенимдин болушун шарттайт, келечегин ийгиликтүү курууга, карьерасын жасоого өбөлгө түзөт. Ошондуктан, мен ар-бир мугалимге чыгармачыл окуучуларды, ар-бир билим берүүчү жайга – өнүгүүнү каалап кетким келет.

- А ата-энелергечи?

- Ох… Урматтуу ата-энелер, силерге акылмандыкты жана чыдамкайлыкты каалайм. Балдарыңар өз жеңиштери менен сиздерди кубантып гана турсун! Алардан мээримиңерди аябагыла. Дайым ушундай болсун.

Маектешкен Светлана Бегунова

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине