Велоыктыярчы Талант Акынбеков: «Өзүңдү көрсөтүш үчүн сөзсүз эле карантинди күтүп отуруунун кереги жок».

10:37, 19 Июня 2020

Коом жардамга муктаж, коргоосу жок, аярлуу адамдарга көмөк көрсөтүүгө даяр же даяр эмес экендигин кризистик кырдаалда билинет. Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу киргизилген карантин өлкөдө ыкчам мобилизацияланып, жардамга муктаж жарандарга жардам берүүгө даяр көңүл кош эмес атуулдар бар экендигин даана көрсөттү.

Кыргызстандын белгилүү «Кыргызфильм» киностудиясында киноооператор болуп эмгектенген Талант Акынбеков эки айлык карантин маалында күнүгө  велоспединде 30дан 50 чакырымга чейин жол жүрүп, кант диабети менен ооруган адамдарга инсулин ташып берип турган. Айта кетсек, ал бул ишин бүгүнкү күнгө чейин аткарып келет.  Эмне себептен адамдар өз иштерин таштап, башкаларга эч жаман ою жок жардам берүүгө даяр? Бул тууралуу Талант акынбеков менен болгон маекте.

-Талант, сиздин велоыктыярчы катары жардамыңыз керек болуп жаткандыгын кантип билдиңиз?

-Бул тууралуу Фейсбуктагы билдирүүдөн билдим. Биз велосипедчилер өз ара баарлашып турабыз, биздин өзүнчө тайпаларыбыз бар. Карантиндин алгачкы күнү эле оорулуулар үчүн инсулин жеткирүү үчүн эндокринологиялык борборуна ыктыярчылар керек болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү чыкты.  Алгачкы күнү 80дей адам чогулдук, алардын арасында жөн гана карантин учурунда шаар ичинде сейилдегиси келген жаштар менен өспүрүмдөр көп эле. Алардын бир бөлүгүн биз таратып, экинчи бөлүгүн жардам керек болуп калса деп резервде кармадык.  Негизги курамда веолисепедде жүргөн тажрыйбасы бар, жаш курагы 30дан улуу адамдар болчу. Кийинчерээк биз өзүбүздү велоыктыярчылар жана велотимурчулар деп атап алдык.

-Бул идея кимге таандык?

-Бул идея эндокринологиялык борбордун башкы дарыгери, мен сыйлаган Назгүл Советбековна Өмүракуновага таандык.  Ал өзүн тобокелге салып, биздин велоыктыярчыларды чогултуп, жардам суроого муктаж болгон. Негизинен кадимки күндөрү Панфилов көчөсү 199 дарегинде жайгашкан аталган борбордо 100-150 адам чогулат. Ал эми коронавирус маалында ал мынча көп адамдын чгулуусуна жол бере алган эмес.  Анын үстүнө карантин маалында борбор калаанын «алтын аянты» курчоого алынып, борбордун бейтаптары, негизинен орто деңгээлде жашага картаң адамдар аталган тилкеден сырткары калышкан. Көпчүлүгү жөө басып келип, аларга өмүр сүрүүгө керек болгон инсулинди алууга аракет кылышкан, бирок алар кайра кайтарылып жатышты.  Назгүл Советбековна бизди чакырып, эмнени, кантип, кандай аралыкта жасоо керектигин түшүндүрүп берди. Башында биз бейтаптардан биздин квитанцияларга кол коюп берүүсүн суранып жаттык, бирок кийинчерээк токтоттук, анткени тобокелчилик бар эле.

-Демек сиз эшикке коңгуроо чалып, дарыны колдон колго берип же аны эшиктин алдына калтырып кетип жаттыңызбы?

-Жок, бул дары-дармекта, ал картошканын мүшөгү эмес. Биз дарыны колдон колго берип, квитанцияны сүрөткө тартып алып, керектүү бейтап экендигин анын пенсионердик күбөлүгүнөн билип жаттык.  Мен биринчи тилке боюнча жүрүп жаттым, ал жер жеке сектор болгондуктан, бейтаптар дарбазасынан чыгып жатышты. Ал эми кичи райондорго дайындалган баллдар велосипеддерин эшикке калтырып, кабаттарга чыгып, эшик алдына чейин барып жатышты. Билесизби, кант диабети көздүн көрүүсүн начарлата турган дарт, ошондуктан биз кол коюууну дагы токтотуп, толугу менен ишенимдмк негизде иштеп жаттык.

Күн сайын 74 адам ташып жатты. Ыктыярчылардын жарымы инсулинди, ал эми велосипеддери 20 килограммга чейин жүк ташууга ылайыкташкандар гуманитардык жардам ташып жатышты.

-Сиз канча адамды инсулин менен камсыз кылып жаттыңыз?

-Бир жеткиргенде мен алты баштыкты алып жаттым, бул алты дарек дегенди түшүндүрөт. Карантин жаңы башталган учурда уулгайган адамдар эмне кылышты билбей катуу сарсанаа болуп жатышты, анын айынан алардын кантынын деңгээли көтөрүлүп жатты.  Бардыгы тынчсызданып, телефон чалып, дарыны ашыгы менен берүүнү сурап жатышты. Ар бир адамдын өлчөмү ар кандай, ошондуктан биринчи убакта бираз ажиотаж болуп, 7-8 баштыктан ташып жаттык. Балдар Кантка барып атышты, мен Военно-Антоновкага бардым. Бир учур болду, бир айым дарысы түгөнүп калып, Нарындан бери келиптир, бирок ал шаарга кире албай калып, аны Воронцовканын тургуну катары каттоого алууга аргасыз болдук.  Биз ага паспорту жана арыз алыш үчүн барганда анын акыркы инсулини калыптыр, жана ал карантиндин айынан дарысын ала албай каламбы деп катуу коркуп жатыптыр. Бирок биз кырдаалдан чыгуу табып, ал дарысын алды.

-Сиз бул жумушка чейин кант диабети же инсулин менен дарылануу тууралуу бир нерсе билчү белеңиз?

-Бул оор дарт экендигин билчүмүн.  Негизинен бул ооруга чалдыккан кошуналардан, тааныштардан уккам.  Бул оору менен жада калса бир жарым жаштагы ымыркай ооруй тургандыгын карантин учурунда билдим. Шок болдум. Бир дарекке инсулин жеткирип барсам, эшикти чоң ата ачты. Билдирүүдө аял кишинин аты эле. Мен «чоң апага дары алып келдик» десем, ал дары анын небересине керек экендигин айтты.  Көрсө ал 16 жаштагы кыз үчүн экен. Мен шок болдум. Ал үй-бүлө «Дордой» жакта турушчу, орто деңгээлден төмөн тургандыктан, унаасы жок, өткөрмө кагазын ала албай, шаарга чыга албай жатыптыр.

-Ал күндөрү шаар ичинде жүрүү оор болуп жатты. Сиздин өткөрмө кагаздарыңызды текшерип жатыштыбы?

-Карантин учурунда мен ал кагазды эки жолу гана көрсөттүм, бизге Саламаттык сактоо министрлиги менен Эндокринологиялык борборлун өткөрмө кагаздары берилген. Анда мен ыктыярчы экендигим, эмне салып бара жатканым, чыга турчу жана келе турчу маалым, жеке маалыматтарым жазылуу болчу. Мени эки жолу токтотушту, биринчисинде, комендент велосипед менен жүргөндөрдүн унаасы алынат деп айтмакчы болгондо бизге чындап эле улоого чыгышты. Бирок биз жөн гана сейилдеп жүрбөстөн, ыктыярчы экенибиз жана жумуш аткарып жаткандыгыбыз көрүнүп турган. Кийинчерээк бизде «Велотимурчулар» деген жазуусу бар кийимдерибиз пайда болду.

Карантин учурунда велосипед менен жүргөн керемет болду деп айта алам. Көчөөлөр ээн болгондуктан, биз каалаган жолдор менен жүрө алдык, ошондуктан эң кыска жолдорду таап жаттык. Жүрүүдөн ыракат алдык.

-Ал эми биздин шаар велосипедчендер үчүн ачыкты?

-Жалпысынан, ачык. Биз дагы жол кыймылынын катышуучулары экендигибизди түшүнбөгөн айдоочу жаман. Жолдор калыбына келтирилди, бирок веложолдор унутта калды, ал эми алар үчүн казынадан акча бөлүштүрүү керек.  Бирок шаар жаңы эмес болгондуктан, курулуш иштери жүрүп жатканда веложолдор планга кирген эмес.  Ал эми азыр велосипеддер популярдуу болуп жаткандыгына байланыштуу, аны кайра карап чыгып, аларга ылайыкташкан жолдорду курууну убадалап жатышат. Азыр шаарда жаштар да, балдар да көп велосипед менен жүрөт. Кээ бир жол тилкелерине атайын белгилерди орнотуп, жолчолорду жасап коюуга болмок, бирок алар баары бир бир жылдан көп убакытка чыдабайт.

-Унаалар дагы аларды тебелеп токтоп алышат...

-Ооба, бир нече жыл мурда Токтогул көчөсүнө веложол салынган, бирок аны эч ким карабайт. Айдоочулар унаасын койгонго жер таппай, ошол жолдун үстүнө барып токтошот. Албетте, эдиреңдеген велоспедчендер да бар, алар, негизинен жаштар, бирок жол кыймылынын эрежелерин сактап жүрүп, кысымда калгандар дагы жок эмес.

-Сиз велоыктыярчынын ишин улантуудасызбы?

-Албетте. Төшөктөн тура албаган, көздөрү азиз, буту-колу жок чоң ата, чоң апалар бар.  Бул кырдаалды көрүп, биз велоыктыярчылардын негизги курамын калтырууну чечтик, каалоочулар жаңы тизмеге кирип, катоодон өттү. Бизге күн сайын тайпаларга даректер келип турат, жана бошой калгандар барып жеткирип турушат.  Биз эмнени гана жеткирген жокпуз, дары-дармектерди, тесттердин кубаттагычтарын, тесттердин өзүн, баардыгын алып жаттык.  Бир чоң атанын эшигине кулпу тагып бердик, башка бирөөсүнүн муздаткычын жылдырып бердик, жана башка көптөгөн нерселер.

-Сиз бул тажрыйба аркылуу өзүңүз үчүн жаңы ачылыш жасай алдыңызбы?

-Велоыктыярчы тажрыйбасы биринчи жолу болду. Кыргызстанда жетишпеген жана колунда жок үй-бүлөлөр көп экендигин көрдүм. Ар кандай окуялар болот экен, алардын ар бири өз тамгасын калтырат. Муну мурун байкабасам дагы, карантин учурунда даана көрдүм.

-Ал эми элдер сиздин жардамыңызга кандай реакцияда болуп жатышты?

-Алар абдан ыраазы болуп жатышты. Колундагы акыркы нерсесин берүүгө даяр болуп жатышты. Бир чоң апа ыктыярчылардын бирине ыраазычылык катары ашкабак бериптир. Ал ал ашкабак менен велосипедине отура албай калып, жолдогу кичинекей дүкөнгө жеткиче жаан алдында 1,5 чакырым жолду жөө басып өтүптүр. Ал апа берерге эч нерсеси жок экен, бирок биз эч нерсе албайбыз дегенибизге макул болбоптур. Кээ бирлери ыраазычылык үчүн акча берүүгө аракет кылып жатышты. Биз ташуу кызматы эмес, ыктыярчы экенбизди жана акча албаарыбызды айтып жаттык. Ал адамдардын ыраазычылык толгон жүздөрүн, чын жүрөгүнөн чыккан сөздөрүн укканда, жан дүйнөң ээрийт.

-Сиздин өзүнчө чоң апаңыз пайда болгондугун уктум?

-Мен анын сүйүктүү баласымын. Бир жолу Людмила Борисовна менин телефон номеримди жоготуп алып, катуу сарсанаа болуп жатыптыр. Мени табыш үчүн Эндокринологиялык борборго чалыптыр. Алар бизге ишенип, күтөт да. Биз достоштук. Уулгайган адамдар үчүн жөн гана тамаша айтып берип, же «Кутман таныңыз менен!» деген билдирүү жазып жөнөтсөң алар бактылуу болуп калышат. Анткени алар жыл бою үйдө отурушуат да. Мунун баарын көрүп, башка жашоолорго күбө болгондон соң көпчүлүгү ыктыярчылык ишмердүүлүктү улантууну чечишти. Биз алар үчүн жоопкерчиликтүү экенибизди сездик.

-Сизде биздин бийликке же жарандарыбызга бере турчу кеңешиңиз барбы?

-Адамдардын баардыгы боорукер. Жана биз пандемия, карантинге карабастан ошондой бойдон калышыбыз керек. Карантин учурунда баардык көйгөйлөр чыгып, биз эмнени туура, эмнени туура эмес кылып жаткандыгыбыз көрүндү. Бирок бизге мунун баарынын кереги барбы? Биз боорукер экенибизди билебиз, өзүбүздү көрсөтө аларыбызды билебиз, жана ал үчүн сөзсүз эле ушундай кыйынчылыктар болушу зарыл эмес.  Жана өзүбүздү көрсөтүш үчүн карантинди эле карап отура бербешибиз керек, биз каалаган учурда жакындарыбызга, каошуналарыбызга жардам бере алабыз.  Жана биз мындай учурларды алдын ала таба билгенибиз жакшы. Өкмөт менен мамлекеттик органдары тууралуу бир эле нерсени айта алам- туура эмес чечимдер көп болгон.  Биз бул кырдаалда канча деген адамдарга жардам бердик, бирок мунун баарын өкмөттүк деңнээлде чечүүгө болот эле. Адам боорукер экендигин далилдеш үчүн ал сөзсүз эле дагы бир ушундай кырдаалга туш болушу керек эмесда.  Эгерде кээ бир маселелер бираз эртерээк чечилип, кандайдыр бир чектөөлөр менен чаралар киргизилсе, кыйынчылыктар аз болот эле. Бийликтин туура эмес чечимдеринен картаңдар менен оорулуулар эң көп жабыркады.  Биринчи күндөрү өтө оор болду, биз канча деген капалык менен аргасыздыкты көрдүк, көзгө жаш айланат. Ошондуктан ар бир нерсени акыл менен жүрөктү угуп жасоо керек.

Лейла Саралаева

Вячеслав Оселедконун сүрөттөрү

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине