Зайнидин Курманов: «Бизди ийгиликтүү өлкө десе болот. Бирок ийгиликтерибиз майда жана таасирдүү эмес»

09:45, 3 Сентября 2018

Жыл сайын мамлекетибиздин Көз карандысыздык күнүнүн алдында гезитибиздин кабарчылары белгилүү саясий серепчи, эксперт,  талдоочу менен жолугуп, басып өткөн жолубуз тууралуу маек курганга аракет кылышат.

Бүгүнкү биздин маектешибиз - профессор, саясий серепчи, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Зайнидин Курманов.

- Кандай дейсиз, Кыргызстанды ийгиликтүү өлкө десе болобу?

- Журналисттер ушул суроону көп беришет. Мен ага дайыма бирдей жооп берем, ал эмес бул тууралуу да жазган элем. Бизди ийгиликтүү өлкө десек болот. Бирок ийгиликтерибиз майда жана таасирдүү эмес...

- Бирок сыймыктанаар нерселер да бар эмеспи. Мисалы, ошол эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Биз бул оюндарда дайыма алдыңкы орундардабыз го!

- Биздин оюндарга башкалар, мисалы, америкалыктар командаларын кантип курап, жиберээрин билесиңерби? Бул жердеги Тынчтык Корпусунундагы “спортсмендерден” алышат. Анан да бул балдар бизде бир нерсени утканы жетишип жатышпайбы. Бул, мындай айтканда, “олимпиадага окшоштурулган бир нерсе”, биз өзүбүздүн кыйын экенибизди көрсөткүбүз келет. Биздин кошуналарыбыз бардык жактан бизден алдыга оозуп кетишти, жок дегенде бул жактан кыйындыгыбызды көрсөтөлү дегендей. Ишенип койгула, дүйнөлүк аренада биз чүкө оюнунда гана ута алабыз. Эгер бул иш-чара, биздин оюндарыбыз, чынында эле эл аралык мааниге жете турган болсо, популярдуу болуп, накта кесипкөй спортсмендерди кызыктыра турган болсо, биздикилер алдыңкы орундарда болбой калат. Биз көнүп калган акыркы орунда болобуз. Ушуга байланыштуу мен азыр жакшы түшүнө албай турам, ДКОдо бизге эмне маанилүүрөөк, оюндарды таанытуубу же акча жасоо мүмкүнчүлүгүбү?

- Бирок да Борбордук Азияда жалгыз гана бизде башкаруунун парламенттик модели колдонулуп жатат да...

- Ооз учунда гана…

- Макул. Журналисттин эксперт менен талашканы жарабас, аргументтер - бул силердин кесиптик өнөрүңөр да. Эмне үчүн биз ушундай абалдабыз, кандай ойдосуз?

- Прибалттар башкаруунун парламенттик формасына өткүсү келди эле – өтүп кетишти! Эч кыйналбай эле! Молдовандар, грузиндер, эми мына – армяндар. Бир карасаң, бардыгыбыз эле авторитардык Советтер Союзунан чыкканбыз. Бир гана биз баарынан катуу кыйкырганыбыз менен, эч нерсе кыла албай келебиз! Эмнени туура эмес жасап жатабыз? Мен айтып берейин. Бизде бийлик шарттуу түрдө гана бөлүнөт, а чындыгында эч кандай бөлүнүү жок. Тең салмактуулук, чектөө деген нерселер жок бизде. Ошондуктан биз улам эле диктатурага ооп кетип жатабыз. Колубуздан келбейби? Жок. Тагыраак айтсак, өзүбүз каалабайбыз. “Бийликти бөлүштүрүү” бизде бийлик бутактарынын, борбор менен аймактардын, бийлик менен коомдун ортосунда болбой, министрликтер менен ведомстволордун ортосунда гана болууда. Ошондо да айрым түзүмдөрдүн (Президенттин аппараты, ИИМ, УКМК, прокуратура) мүмкүнчүлүктөрү кенен болсо, башкалардын, биринчи кезекте, жамааттык органдардыкы (ЖК, жергиликтүү кеңештер, элдин жыйындары, кварталдык комитеттер жана.б.д.у.с.) чектелген. Биздеги “Бийликти бөлүштүрүүдө” бийлик ар түрдүү класстардын кызыкчылыгын коргобостон, кайсы бир башкаруучу класстын, топтун гана кызыкчылыгын коргойт. Бөлүштүрүлбөгөн бийликти башка бирөөнө өткөрүп берүү өтө кыйын, мына ошону үчүн бийликти өткөрүп берүүдө бизде көп маселелер жаралат, жемкорлук үчүн, бийликти кыянаттык түрдө колдонгондугу үчүн отургузуп койбойбу деген суроолор эзип, ыңкылаптан, көтөрүлүштөн чочулоо болуп, мураскерден көңүл калуулар чыгат.

- Бирок да бизди курчап турган кошуналарыбызга караганда биздин эл демократияга жакыныраак эмеспи...

- Рим императорлору Римдин борборунда курдурган Колизей оюн зоок үчүн гана эмес, ал саясий мааниге да ээ болгонун билесиңерби? Ага элдин отургузулушуна көз салсак, Колизей – мындай алганда, Рим коомунун кичинекей күзгүсү экенин байкайбыз. Колизей рим башкаруучусунун эл менен такай жолугушуп, элдин мүдөөсүн, көңүлүн билип турган жер болгон. Жеңилген гладиоторго өмүр берейинби, же жокпу деп чечим чыгараардын алдында ал айланасындагы элге карап, эл андан кандай чечимди күтүп жатканына назар салчу. Рим башкаруучулуранын абалы дайыма туруксуз болгон. Анткени рим тургундары чоң күч боло турган, эгер императордун чечими аларга жакпай турган болсо, көтөрүлүп, чаң-тополоң салышчу. Элдин пикири императорлор үчүн маанилүү болгонун көрсөткөн бир кайгылуу мисал бар. Император Тит иудей ханышасы Берениканы жакшы көрүп калат, үйлөнөм деп аны Римге алып келет. Бирок Колизейде өткөн гладиаторлордун урушунда ал римдиктер чет элдик ханыша аларды башкарышына каршы экенин даана байкайт. Император үйлөнөйүн деген оюнан кайтып, ханышаны артка Иудеяга жөнөтөт. Ал ошентип өмүрүнүн аягына чейин жалгыз бой жашап өтөт.

Бизди башкаргандар да билсе жакшы болот эле, кыргыз кагандары жана хандары, бийлери жана манаптары дагы чечим чыгарып жатканда элдин маанайына көңүл буруп, жакында бизди башкаргандардын бири айткандай, “каалаганын айтып, жасай алган эмес”. Ал эми демократияга жетишибиз үчүн биз дагы көптөгөн жол жүрүшүбүз керек. Ага чейин биз экономикабызды оңдоп алышыбыз зарыл. 

- Биздин буга убактыбыз өтө эле аз болду да…

- Түштүк Корея дүйнөдөгү алдыңкы орундарга 30 жылдын ичинде чыкты. Сингапур – 20 жылдын аралыгында. Жапония феодалдык түзүм өкүм сүргөн өлкөдөн заманбап, экономикасы өнүккөн өлкөгө чейинки аралыкты өз убагында бир канча он жылдыктын аралыгында өтүп койду. Билесиңерби, 18-кылымдын соңунда жапондордун радикал-реформаторлору толугу менен христианчылыкка өтүп, элди англис тилинде сүйлөтүш керек деген демилгени көтөрүп чыгышкандыгын? Андай болбоду. Буддизмден синтоизмге өтүп (буддизм менен теңирчиликтин аралашмасы болгон жаңы дин), жапон тилин калтырышты.

Бүл күндө алардын урааны – “жапон руху - батыш билими”. Анын жыйынтыгын баарыбыз көрүп жатабыз! Эгер Африка алдыга оозуп чыга турган болсо, ураан “жапон руху - африка билими” болот. Марстан прогрессорлор учуп келе турган болсо - ураан “жапон руху - марс билими” болуп өзгөрөт. А биз болсо кайсы бир эски салттарыбызга, уруучулук жашоого жармашып алып, жамаатчылык, бир-бирибизге көмөктөшүү, уруу жоопкерчилиги, ар-намысы деген салттык нерселерди, негедир, унутта калтырдык. Соода кылганды, чайкоочулукту өзбектерден кыйын өздөштүрүп алдык. Уурдаганды да үйрөндүк, жемкорлук жолдорду бардыгынан мыкты ойлоп чыгарып калдык. Бирок да бизге дайыма убакыт негедир аз болот…

- Кыргыз эли айрым салттардан бат эле “арыла” койбойт окшойт...

- Араб кийимдерине атеисттер бат эле көнүшту го! Болгону 5-10 жыл ичинде. Айтып коёюн, бардыгы сунуштаганга жараша болот. Мына АКШдан бир мисал. АКШнын президенти Рузвельттин кризистен чыгуу программасы мыкты делген университеттерде эмгектенген окумуштуулардын акыл майынын үзүрү болгон. Өлкөнүн экономикасы бат урап, кризистен жай чыкты.

Америкалык поезд туңгуюкка учуп баратты, ал эми олигархтар бөлүшкүсү келбей жатты. Дымактары кризистен чыгууга жолтоо болуп жатты. Эл эмне кылаарын билбей турду. Өлкө жарандык согуштун алдында эле. Эбегейсиз зор өлчөмдөгү жумушсуздук элдин, үй-бүлөнүн, адамдын нарктуулугун бузуп жатты. Ушуга байланыштуу коомдук иштер программасы пайда болду, ал бардык жумушсуздарды жумуш орундары менен камсыз кылып, ири, стратегиялык объектилерди курууга багытталган болчу. Аба тиреген үйлөр, көпүрөлөр, бардык штаттарды бир-бири менен байланыштырган зымыраган жолдор так ошол жылдары курулган эле. Өлкө бир орунда турбай, алдыга жылышы үчүн Рузвельт бардык аракетин кылды. Улуу депрессия жылдарында Америка биринчи жолу өз тамырына, тарыхына кайрылды. Бул жылдары бир орунда турган жарабас экенин жакшы түшүнгөн бир муун пайда болду. Бир орунда турбай, бир нерсе кылыш керек. Кризистен чоң сабак алышты. Америка кризистен мурдагыдан да күчтүү болуп чыга келди.

- Бизде да ушундай болушу үчүн, эмне кылышыбыз керек?

- Американын тез өнүгө башташы бир генийге байланыштуу болгон. Ал өлкөнү туңгуюктан гана алып чыкпастан, ал президенттик кызматка Трампка окшош популисттер келгенде да иштей берген түзүмдү калтырып кетти. Биз генийди күтүп отура албайбыз. Анан да бизде жакында эле андай гений жаралган болчу - Чыңгыз Айтматовдун фигурасына калыс бааны биздин урпактар гана бере алышат болушу керек, биз аны жакшы түшүнө бербейбиз. Гений келет деп күтүп отура берүү – бул опурталдуу иш. “Жакшы жетекчини” күткөнүбуз жарабайт. Бизге иштеген түзүм керек. Менимче, көз карандысыздыктын бардык 30 жылын биз өзүбүздү совок, мурдагы ССРСтин калдыгы катары өткөрдүк. Же болбосо, өзүбүздү ата-энеси дачага кеткен өспүрүмгө окшоштурсак болот. Бул абалдан такыр чыга албай жатабыз. Грузиндер өзүлөрүн европалыктарга окшоштурушат, ЕБге (ЕС) киргенге умтулушууда. Түркмөндөр болсо азиялыктардай. Алардан европалык кадамдарды, адамдын укугун сактоону күтүүгө жарабайт… А биз болсо кенедей рыногубузду бөлүштүрүп бүтө албай жатабыз. Жаңы нерсе жаратылган жок да. Ким гана бийликке келбесин, ал биринчи кезекте башкалардын байлыгын тартып алуудан баштайт. Саясатчылардын бир-бири менен согушуусу токтомоюн, Кыргызстан алсыз бойдон кала берет! Улут катуу ооруп жатат! Учурдагы президентке өлкөнү караңгылыктан алып чыгууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

- Баса, сиз ага кандай баа бересиз?

- Ал мүнөзү боюнча – мамлекетчил. Ишкер эмес, мамлекетчил. Ал ССРС учурунда эле аткаминер болуп, карьеранын бардык баскычын басып өткөн адам. Анан да ал ууру эмес. Ал чыныдыгында эле жөнөкөй адам, Кыргызстандагы миң эң бай адамдын катарына да кирбейт. Аткаминер болуп иштеген жылдарда бир да жолу жемкорлукка шектелген эмес. Мени бир аз ойго салган нерсе – аткаминерлер эч качан эч жакка шашпайт. А президентибиздин убактысы аз – болгону 5 жыл 4 ай. 

- Ал эми премьер жана борбор калаанын жаңы мэри Суракматов тууралуу эмне айта аласыз? Акыркы адам тууралуу ЖМКлар жана да эксперттер анын курулуш бизнеси менен терең байланышы бар, а демек кызыкчылыктын кагылышуусу байкалууда деп жатышат…

- Суракматов – ооба, курулушчу. Бишкекке курулуш тармагын жакшы билген мэр-курулушчу керек. Анан да ал шаардык, болгондо да, бишкектик. Бишкекке эс тартып калганда келген айылдык жигит эмес. Шаар эмне экенин, анын көйгөйлөрүн жакшы билиш үчүн шаардык болуп төрөлүш керек. Балким, ал бир нерсе жасай алаттыр. 

- Бирок бул фигуралардын эл арасында адыр-баркы жок да…

- Эмне, бизде имиджи жакшы популярдуу саясатчылар барбы? Же силер, биздин мэр чырайы келишкен адам болсун дейсиңерби? Келгиле анда, Инстаграммда көп адам жазылган кайсы бир ырчыны шайлап алалы. Кандай дейсиңер, бул жакшы ойбу?

- Жаман да.... Бизди жакында эмне күтүп жатат деп ойлойсуз?

- Акыры убакта мен келечекке үмүт менен карай турган болдум. Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн тарыхында жакшы из калтырат деген үмүт бар. Бирок, мамлекеттик жашоодо ар түрдүү кыйынчылыктар, албетте, болбой койбойт.

Маектешкен Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине