translationkyrgyzstan.kg

RЕакция 3.0: Кыргыздар ойгонууда!

19:03, 29 Июня 2020


2020-жылдын 29-июнунда RЕакция жарандык кыймылы сөз эркиндигинин колдоо максатында үчүнчү тынчтык митингин өткөрдү. Бул жолкусунда буга Жогорку Кеңеш тарабынан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» аталышындагы эл кызыкчылыгына каршы келген мыйзам долбоорунун кабыл алынышы себеп болду. Эксперттер буга чейин аталган мыйзам долбоору- бул түздөн-түз цензуранын киргизилиши жана ага ылайык Маданият министрлигинин аткаминерлери гана кайсы маалымат жалган, кайсы чын экендигин чече тургандыгы тууралуу көп жолу билдиришкен. Жана бийликти кичине да болсо сындаган маалымат булактары жабылат. Добуш берүү жараяны дагы олуттуу мыйзам бузуулар менен өттү. Парламент залында түнкү саат 23.30да өткөн добуш берүүдө 30дай депутат болгон. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам долбоору 79 «макул» жана 10 «каршы» добушу менен кабыл алынган. Андан сырткары, мыйзам долбоорун коштогон иш-кагаздарында бир катар юридикалык жана экономикалык экспертизалар жок болгон. Митингге 1000ге жакын жаш кыргызстандык катышып, алар Кыргызстандын президентинен аталган эл кызыкчылыгна каршы мыйзамга кол койбоону талап кылышыты. Митинг кандай өткөндүгү тууралуу Игорь Коваленконун фотобаянынан көрүңүз. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине