“Гвардия” тарыхый чабышуу жана тарыхый реконструкция клубунун оюндары көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты.
Кары дебей, жаш дебей бардык адамдар рыцарлардын соот-шаймандарын көргөндө толкунданып кетишет. Байыркы замандан бери кылычтардын бир-бирине чабылышы, эки куралчан адамдын тиреши аял, эркектин канын кызытып келет! Бул күндөрү дагы. Орто кылымдык бугурттар (рыцарлардын найза сайышы, котормочудан), кылыч жана алебардалар менен чабышуу –бишкектиктер ушул кызыктуу оюндардын бардыгын көрө алышты.
Клубдун катышуучулары коноктор үчүн чабышуу оюндарынан сырткары XIV-XV кылымдаардагы кыргыз жоокерлеринин, европалык рыцарлардын курал-жарактарынын, соот-шаймандарынын көргөзмөсүн да уюштурушту. Байыркы найзаларды, кылычтарды, ай балталарды жана дагы көптөгөн башка нерселерди көрүш үчүн алыс баруунун кереги жок эле, көргөзмө оюн-чабыштар болгон жерде уюштурулду. Бардыгына жакты.
Вячеслава Оселедконун фоторепортажы