2018-жылдын 25-мартында москвалыктар жана Орусия борбор калаасынын коноктору ВДНХнын (Бүткүл союздук элдик чарбанын жетишкиндиктери) павильонунда “Нооруз”ду белгилешти. Бул кар жааган март күнүндө кыргыздар, казактар, тажиктер, өзбектер, татарлар, чуваштар, башкырлар жана дагы башка улуттардын өкүлдөрү жаздын келген күнүн гала-концерт, улуттук кийимдердин дефилеси жана улуттук ашкананын фестивалы менен белгилешти.
Бул күнү эртеден кечке чейин жалпы шаардык “Нооруз” майрамынын коноктору үчүн улуттук аянтчалар иштеп жатты. Аяктан элдик кол өнөрчүлүк буюмдарды сатып алып, улуттук даамдан татып көрсө болот эле. Күтүлбөгөн майрамдык окуялардан улуттун жүзүн көрсөткөн улуттук кийимдердин көрсөтмөсү болду.
Абылай Саралаевдин фотобаяны