translationkyrgyzstan.kg

Москва трамвайларына 119 жыл

17:42, 11 Июля 2018

Ишенбиде Москвада трамвайлардын парады болду, бир колонада бул транспорттун жаңы түрлөрү менен кошо мурдагы, эски моделдери өтүштү.

“Бүгүн шаардык транспорт үчүн чоң майрам – москва трамвайынын негизделишине – 119 жыл. Москвада көп жылдардан бери трамвай деградациядан акырындан чыгып келатат, бул жылдары ал өзүнүн өнүгүүсүнүн туу чокусуна чыгып турат. Бул абалда ал дагы көп жылдар болот деп үмүт кылабыз”, - деди журналисттерге Москва мэринин орун басары Максим Лискутов.

Парад Орусиянын борборунда бешинчи жолу болду. Бардыгы болуп парадга 17 вагон катышты. Алардын катарында сейрек кездешкен КТМ-1 жана КТП-1 ретровагондору, алар 1948-жылкы үлгү боюнча калыбына келтирилген. Аны менен катар шаардыктар 19-кылымдагы ат сүйрөгөн вагондорду, 1908-жылкы “Ф” вагонун жана 1930-жылдардагы вагондорду көрө алышты.

Абылай Саралаевдин фотобаяны

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине