translationkyrgyzstan.kg

Кыргыз коммунисттери жаз жана эмгек майрамын белгилешти

17:42, 11 Июля 2018

Кыргызстандын коммунисттик партиясы 1-май майрамына карата Лениндин эстелигинин жанында митинг өткөрүштү.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да 1-майда эл аралык майрамды – Эмгек күнүн (Жаз жана Эмгек Майрамы) белгилешет, бул майрам башында Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү деп аталчу. 1886-жылдын 1-майында америкалык жумушчулар 8 сааттык жумуш күндү талап кылып иш таштоого чыгышкан. Иш таштоого жана демонстрацияга чыккандарды полиция ырайымсыздык менен баскан. 1889-жылы июль айында II Интернационалдын Париж конгресси Чикагодо иш таштоого чыккан жумушчуларды эскерүү максатында жыл сайын 1-майда демонстрацияларды уюштуруп туруу чечимин чыгарат. Биринчи жолу Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү 1890-жылы Австро-Венгрияда, Бельгияда, Германияда, Данияда, Испанияда, Италияда, АКШда, Норвегияда, Францияда, Швецияда жана дагы бир катар өлкөлөрдө белгиленген болчу.

Көпкө чейин Биринчи май революциянын, таптык күрөштүн символу болуп, “саясий өңүттөгү” майрам болуп эсептелчү, демонстрацияга чыккандар саясий ишмерлердин, өндүрүштүн алдыңкыларынын сүрөттөрүн, ураандар менен чакырыктар жазылган транспаранттарды, айыл чарбанын бул же тигил тармагындагы, илимдеги жана маданияттагы жетишкендиктерди көрсөткөн плакаттар менен диаграммаларды көтөрүп алып чыгышат эле. Бирок бара-бара майрамдын бул өңүтү унутула баштады. Бүгүн бул майрам дүйнөнүн 142 өлкөсүндө белгиленип келет.

Кыргыз коммунисттери Биринчи май майрамын кантип белгилегенин Вячеслав Оселедконун фотобаянынан көрө аласыздар.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине