Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгын кыргызстандыктар чоң шаттыкта белгилешти. 50 миң кыргызстандыктар өлкөбүздүн 14 шаарларында жана айылдарында өткөн “Өлбөс полктун” жүрүшүнө катышты. Уулдары, неберелери жана чөбөрөлөрү Улуу Ата мекендик согушка катышкан аталарынын, чоң аталарынын, бабаларынын сүрөттөрүн көтөрүп басышты. Кыргызстандыктар мүшкүл согуш жылдарын эскеришип, ал мезгилдеги ырларды ырдап, өлкөбүздүн асманы дайым ачык жана тынчтыкта болушун тилешти.
Вячеслав Оселедконун фотобаяны