translationkyrgyzstan.kg

Театр: «Манас» Пекинде

17:43, 11 Июля 2018

Операны Пекинде көрүү – бул керемет көрүнүш эмей эмне? “Тяньцао” Аткаруучу өнөрчүлүктүн Пекин борборундагы “Манастын” кытай тилиндеги коюлушуна журналисттердин тобу КР президенти Сооронбай Жээнбеков жетектеген расмий делегация менен кошо барып калды.

3 миң адамга эсептелген зал толтура – мына, көшөгө көтөрүлө баштады. Кытай көрүүчүлөрү, кыргыз студенттери, кытай окуучулары, расмий делегациянын мүчөлөрү – бардыгы дем катып, сценада болуп жаткан нерсени көрүп жатышты.

“Манас” эпосу боюнча операны КЭРдин Маданият жана туризм министрлиги менен Кытай борбордук опера институту 2 жыл даярдашкан. Сценарий кытай тилине филология илимдеринин доктору, профессор Адыл Жуматурду которгон Жусуп Мамайдын варианты боюнча жазылган.

Опера 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын май айына чейин Кытайдын ар-башка шаарларында, анын ичинде Пекинде да 9 жолу коюлган. Ага кытай мамлекеттик театрларынын 200дөн ашык артисти тартылган.

Операны коюуга кытай тарап өтө олутуу мамиле кылган. Мисалы, кыргыз элинин өзгөчөлүгүн, маданиятын жана тарыхын жакшы билип, сезиш үчүн эле кытай артисттери менен опера коюучулар бир нече жолу Кызыл-Суу Кыргыз автоном районуна келип кетишкен.

Жыйынтыгында жаралган опера тууралуу өзүнчө сөз кылыш керек. Салттуу кытай оюн коюусунан, италиялык классикалык операдан жана байыркы грек трагедиясынан турган аралашманы элестетип көрсөңөр. Элестеттиңерби? Эми буларга арткы экрандагы 3D декорацияны, жылма сценаны жана укмуш костюмдарды кошкула. Мына бардыгы болжолдуу түрдө ушундай эле.

Бизге кайгылуу бөлүгүн көрсөтүштү: чыккынчылык, Манастын өлүмү, Семетейдин балалык кези жана эс тартышы, анын Айчүрөккө үйлөнүшү, интригалар жана кейичтүү алдап кетүү. Кытай өнөрү эмоционалдуу. Манаска ынанасың. Балким ошондонбу, Сооронбай Жээнбеков протоколго карабай сценага чыгып, бул татаал ролду аткарган актерду кучагына алды.

Андан кийин биздин мамлекет башчыбыз көрүүчүлөрдүн алдында сөз сүйлөп, кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан бардык артисттерге, бул операны даярдагандардын бардыгына терең ыраазычылыгын билдирди.

“Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, “Манас” эпосу – бул байыркы кыргыз рухунун туу чокусу болуп эсептелет. Биз бүгүн бул операны сыймыктанып, кубанып көрдүк. “Манас” операсынын коюлушу – бул Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандын маданиятына сый-урмат көрсөткөнүнүн эң жогорку белгиси”, - деди Жээнбеков чын жүрөктөн. Басма сөз кызматы кийин сыр бөлүшкөндөй: бул сөзү – экспромт болгон. Бирок да, чын жүрөктөн сүйүнүп турганы ансыз да даана байкалып турду.

Жээнбеков КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин “Манас”эпосун дүйнөдөгү эң улуу эпостордун бири деп, ал тууралуу дайыма жылуу гана сөздөрдү айтаарын, Кытайдагы азчылыктагы улуттардын маданиятынын өнүгүүсүн колдоорун кошумчалады.

Президент артисттерди жана “Манас” операсын койгондорду Кыргызстанга гастролго чакырды. Андан кийин бейформал шартта кытай жана кыргыз жаштары менен баарлашты. Учурда Кыргызстандын президенти менен селфилер биз үчүн сырдуу кытай коомдук тармактарын кооздоп турат.

Даярдаган Светлана Бегунова

Фотобаян Султан Досалиевдики

Бишкек-Пекин-Бишкек

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине