translationkyrgyzstan.kg

БУУ БКБ кыргыз милициясына жардам берүүдө

17:44, 11 Июля 2018

Кыргызстанда БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жардамы менен милициядагы насаатчылык программасы кайрадан жанданды. Буга АКШнын Мамлекеттик департаментинин баңгизаттын эл аралык жүгүртүүсү менен күрөшүү боюнча бюросунун жана Кыргызстандын Аял-милиционерлердин ассоциациясынын колдоосу себепчи болду.

Программа 2017-жылдан бери иштеп келет, жакында анын катышуучулары өз ишин жыйынтыкташты. Жыйынтыктоочу конференцияга Президент жана Өкмөт аппараттарынын, Жогорку Кеңештин, министрликтердин жана мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык миссиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган 60тан ашык адам катышты.

күндө жаш кадрлардын өсүп өнүгүшүнө шарт түзүп, жакшы салттарды сактап калыш үчүн ички иштер органдарынын иш алып баруусунда насаатчылык институтун өнүктүрүшүбүз керек”, - деди КР Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов.

Республикасындагы БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Программалык Офисинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Вера Ткаченко өз сөзүндө, ар бир мамлекеттин коопсуздугу жана бейпилдиги үчүн укук коргоо органдары кесипкөй болушу керектигин, ал эми анын функционалдык туруктуулугу кадрдык мүмкүнчүлүктөрү менен аныктала тургандыгын айтты. “Ушуга байланыштуу БУУ БКБ Кыргызстандын ички иштер органдарындагы жаш кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуунун жолдорунун бири катары насаатчылык институтун өркүндөтүүгө көмөктөшүүдө”, - деди ал.

Программа – батыш консультанттарынын ойлоп чыгарганы эмес. Дээрлик милиция жаралгандан бери, ички иштер органдарынын иш алып баруусунда жаштар менен иштөө кеңири колдонулуп келген, өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде эле бул тажрыйба расмий түрдө ИИБдеги насаатчылык тууралуу жобо менен бекитилген.

Насаатчылар кол алдындагыларды тарбиялап, алардын кесиптик билимин жана тажрыйбасын кеңейтип, жаңы кызматка жана жамаатка бат көнүп иштеп кетишине жардам бериши керек. Бул ардактуу жана жоопкерчиликтүү милдетти кесибинде жана жашоодо чоң тажрыйбасы бар мыкты кызматкерлер гана аркалашат. Насаатчы болуу кыйын – шакиртке кесиптин сырларын гана айтып бербестен, ага бардык жактан өрнөк болушу зкерек.

БУУ БКБнын аял милиционерлердин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда иштеген 200дөн ашык кызматкер аялдар окутуулардан өтүштү. Алар кылмыш-жаза мыйзамчылыгы, кылмыш иштери жана алардын алдын алуу амалдары, анын катарында зомбулук экстремизминин жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча билим алышты. Бул окутуулардан өткөн 30 офицер насаатчы катары тандалып алынды. Алар эң тажрыйбалуу кызматкерлер болуп эсептелишет жана да Аял милиционерлер ассоциациясынын активдүү мүчөлөрүнөн болушат. Окуудан өткөн ар бир аял милиция кызматкерине иштеген жерлеринде атайын буйрук менен жаш кызматкерлерди жана КР ИИМ Академиясынын бүтүрүүчүлөрүн бекитишкен.

Стажировка убагында насаатчылар жаштарга кесиптин сырларын айтып беришип, алардын функционалдык милдеттерин туура жана так аткарышына, тартипти сакташына көз салышат, алар менен дайым такай байланышта болуп, ал-жайын сурап, үйлөрүнө барып, жашоо шарттары менен таанышып турушат.

“Ушуга окшош демилгелер полиция менен калктын ортосундагы байланышты бекемдеп гана тим болбостон, жергиликтүү бийликке гендердик зомбулукту болтурбоо үчүн каражатты максаттуу колдонгонго шарт түзөт”, - деп белгиледи өз сөзүндө АКШнын Кыргызстандагы элчилигиндеги Мамлекеттик департаменттин Наркотикалык заттардын эл аралык жүгүртүүсү менен күрөшүү жана укук коргоо иштери боюнча бөлүмүнүн (INL) директору Сандип Пол.

Конференция учурунда Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Программдык Офисинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Вера Ткаченкого КР ИИМдин жана Аял-милиционерлер ассоциациясынын “Даткайым” медалы тапшырылды.

Насаатчылык программасынын алкагында жер-жерлерде бардык обасттарда жана Бишкек, Ош шаарларында Аял-милиционерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен биргеликте иш-чаралар өткөрүлдү, алар милиция менен калктын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түздү. Бул иш-чаралар учурунда жаңы усулдар сыналды, мисалы жаштар менен квесттер, флеш-мобдор, театр-форумдар аркылуу иштөө жолдору. Жасалган иштер натыйжалуулугун көрсөттү. Программанын алкагында КР ички иштер органдарынын кызматкерлерине жеке баа берүү тартиби тууралуу нускамага толуктоолорду киргизүү маселеси иштелип чыгып, КР ИИМдин Насаатчылык тууралуу нускамасынын долбоору даярдалды.

БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы кыргыз милициясынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, аялдарды ишине кененирээк тартууга жана калктын ишенимин бекемдөөгө жардам берип келет.

Вячеслав Оселедконун фотобаяны

 
© Новые лица, 2014–2022
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине