translationkyrgyzstan.kg

Араб жомогу

08:21, 23 Декабря 2014


Эгер дүйнөдө сыйкыр бар болсо, анда алар бир мамлекетте чогулган – Бириккен Араб Эмиратында.

Бул мамлекет  акыркы жыйырма жылда башынан өткөргөн экономикалык дүркүрөп өнүгүүсүн  жомоктон башка эч нерсе деп атай албайсың. Болгону 40 жыл мурда бул чөлдө биринчи чопо жолду салып,  өкмөт үйүнө биринчи электр зымын тартып киришкен эле. Бүгүн болсо БАЭ нын жашоочусунун электр  кубаттуулугун керектөө деңгээли европалык деңгээлден 4 эсе жогору. Кечээги эле жылаңайлак бедуиндердин балдары жана неберелери  "Тойота" фирмасынын  жолтандабастарында зуулдап жүрүшөт, көпчүлүгү өздөрүнө  «Бентли» да алууга мүмкүнчүлүгү бар.  Анан калса, бийлик  автомобилдердин чыккан жылы  2009-жылдан кеч  болбошун талап кылат. Бул жерде эң укмуштуу долбоорлор ишке ашырылган -  эң бийик 124 кабаттуу асман тиреген  «Бурдж Халифа» үйү жана жасалма Пальма аралы, ал пальма түрүндө салынган жана космостон көрүнүп турат. Бүткүл дүйнөнүн байлары бул жерде сатууга коюлган кыймылсыз мүлктү саналган сааттардын ичинде талап кетишет.
  Чет элдиктер бул ийгиликти өлкөдөгү мунайдын зор запасы менен түшүндүрүшөт. Ал эми жергиликтүү калк, алардын мекенинин гүлдөп өсүшү – бийликтин акылдуу башкаруусунан деп ишенишет. Ал эми биздин көз карашыбызда, бул рационалдуу менеджменттин натыйжасы, ал чыныгы мекенчилдик жана жогорку амбиция менен  көбөйтүлгөн. БАЭ – бул, бардыгы – товарлардан баштап адистердин тейлөөсүнө,жада калса туристтерди тейлөөгө  чейинки жогорку сапатта болгон өлкө.  

Абылай Саралаевдин фотобаяны

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине