Курмандык чалуу майрамы – Курман Айт жакындаган сайын өлкөбүздөгү мал базарларда малдын сатылышы бир канча эсе өсө түшөт.
Мусулмандар курмандыкка чалына турган малдын семизирээгин тандашат. Эттин үчтөн бир бөлүгүн өзүлөрүнө калтырып, калганын жоро-жолдошторунун жана колунда жоктордун арасында таркатышат.
Сиздерге Вячеслав Оселедконун фотобаянын сунуштайбыз. Сүрөттө курмандыкка чалына турган малдын сатып алынышы тартылган. Ал эми малбазарга жакын жерде жашаган балдар озүнчо бир бизнес уюштура алышкан – алар малды сатып алуучунун автоунаасына чейин жеткирип беришет.