translationkyrgyzstan.kg

Миллиондогон мусулмандар Меккеге ажылыкка барышты

01:12, 20 Августа 2018

Расмий булактарга таяна турган болсок, быйыл эки миллиондон ашык мусулман Меккеге ажылык сапарга чыгышкан. Былтыр алардын саны 2 млн. 352 миңди түзгөн, алардын 600 миңден ашыгы Сауд Арабиясынын жарандары болгон. Бир жарым миллион адам ыйык жерге аба аркылуу учуп барышкан. 80 миң адам жер транспорту менен, 16 миңи деңиз аркылуу сүзүп келишкен. Ажылык сапарга чыккандардын ден соолугуна 30 миң врач менен медайым көз салып турат. Адамдарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Меккедеги Аль-Харам мечитинин айланасында 9 миңге жакын ажааткана иштейт. 10 миңден ашык кызматкер башкы мечитти жана анын жанындагы жерлерди тазалап турат. Дүйнө жүзүндөгү эң чоң мечиттин 210 эшиги бар. Жогорку кабаттарына көптөгөн эсколаторлордун жардамы менен чыкса болот. Ажылыкка келгендер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Алмаз Исмановдун Жиддадан жиберилген тексти жана фотосүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине