translationkyrgyzstan.kg

Кыргыз энелеринин тынчтык маршы

21:40, 8 Октября 2020

8-октябрда Бишкек шаарында тынчтык жана туруктуулук үчүн үндөгөн айымдардын тынчтык маршы болуп өттү. Анын катышуучулары, бир нече ондогон аялдар митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда болгон кагылышуудан улам каза болгон 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбектин урматына ыза күтүү катары баштарына ак жоолуктарды салынган.  Алар маркумду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришти.

Андан соң айымдар борбордук Ала-Тоо аянтына барып, Жогорку Кеңештин имаратынын жаны менен Өкмөт үйүн айланышты.  Марштын жүрүшүндө айымдар митингдин катышуучуларын энелерине кулак салып, мыйзамдуулукту бузбоого чакырышты. Ошондой эле айымдар жарандардын коопсуздугун сактап жаткан ыктярчыларга жана элдик кошуундун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, батасын беришти.

«Биз балдарыбызды алар аянтта башка бирөөлөрдүн кызыкчылыктары үчүн курман болушу үчүн төрөгөн жокпуз.  Алар бойго жетип, элине, жерине татыктуу кызмат кылуусун каалайбыз. Суранабыз, жигиттер, үйлөрүңөргө барып, пайдалуу иштерди аткаргыла»,-деди энелердин бири.

«Ак жоолук» тынчтык маршы күнүгө саат 16.00дөн 17.00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинен тарта жерден баштап өтүп турат. Айымдар саясатчыларды тынчтыкка жана жаратмандыкка чакыруу максатында аялдарды, эже-карындаштарды, апаларды ак жоолук салынып келүүгө чакырат.

Бул чыгарылыш фоторепортаж «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш»  долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Жаны жуздор" уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине