translationkyrgyzstan.kg

Карантинден кийинки жашоонун ойгонуусу

10:19, 27 Мая 2020

25-майдан тарта Бишкекте карантиндик режим бошоңдотулуп, коомдук транспорт жүрүп, аны менен бирге соода борборлору, дүкөндөр, ресторандар жана кафелер ишке кирди.

Мэриянын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө шаардын тургундарына 1 миңге жакын маршруттук такси, 116 автобус жана 110 троллейбус тейлөө көрсөтүп жатат.  Коомдук унаанын айдоочулары сөзсүз түрдө беткап менен иш алып барышууда, ал эми унаанын кире беришинде бет капсыз кирүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу жазуу илинип турат. Буга карабастан, бул шартты дагы, социадык аралыктын талаптарын дагы аткаргандар көп эмес. Эл өз иштери менен алек болуп, шашып жүрөт.

Ал эми соода борборлорунда иш алда канча жакшы. Ал жерлердин коопсуздук кызматкерлери менен соодагерлери имараттын ичинде жүргөн элдин баардыгында коопсуздук каражаттары болушуна дыкат көз салууда. Жада калса манекендерге бет каптар кийгизилген. Муну менен соодагерлер адамдардын көңүлүн гана бурбастан, аларды санитардык талаптарды аткарууга чакырышууда.

Бул тууралуу Вячеслав Оселедконун сүрөт баянында кененирээк көрүңүз.

Карантинден кийинки алгачкы үч күн ичинде эл өзүн-өзү сактоо чаралары тууралуу такыр унутуп, Бишкек шаарын толтурду.  Балдар менен өспүрүмдөр үйлөрдүн короолорунда ойноп, ал эми чоңдор эмгек ишмердүүлүгү менен машыгууларга чыкты. Бирок өзүбүздү таштоого али эрте- 27-майга карата коронавирусту жугузган 52 адам аныкталса, алардын өлкө боюнча жалпы саны 1520 адамды түздү. Алардын ичинде медицина кызматкерлерине жаңы жуккан учурдан 12 болсо, алардын жалпы саны 299 адамды түздү.

Жүргүнчүлөр коопсуздук чараларын карманып, төмөнкү талаптарды аткарышы керектиги тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет:

- Коомдук транспортто бет кап кийип жүрүңүз (эгерде аны кийүүдө жана чечүүдө эрежени сактаса, алар натыйжалуу);

- Толтура эмес транспортко отуруңуз;

- Айдоочу кийинки унааны күтүп турууңузду суранса, ага түшүнүү менен мамиле кылыңыз;

- Транспорттко кирүүнүн алдында жүргүнчүлөр арасындагы 1-1,5 метр аралыкты сактаңыз;

- Колдоруңузду троллейбустун же автобустун кире беришинде орнотулган антисептик менен тазалаңыз;

- Жүргүнчүлүк отургучка отурганда башка жүргүнчүлөр менен физикалык аралыкты сактаңыз;

- Жол кирени байланышсыз төлөм аркылуу (Тулпар карта системасы) жүргүзүңүз, ал жок болсо жаныңызга болушунча майда акча алып жүрүңүз, төлөмдү калдыксыз төлөө үчүн. 

 

Бул чыгарылыш фоторепортаж «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш»  долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Жаны жуздор" уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине