translationkyrgyzstan.kg

Толкунда жылгаяктоочулар

18:51, 19 Августа 2014

Биздин элдин шайырдыгы жана табышкерчилиги чексиз! Көгүлтүр Ысык-Көлгө бара албагандар өзүн сынап көрүүнүн жана көлдө сүзүү сезонун өткөрүп жибербөөнүн жаңы ыкмасын табышты.

Алгач Ала-Арча суу сактагычында, андан соң Сүйүү паркындагы көлмөдө спорттун жаңы кызыгуучу, вейкбординг түрүнүн ышкыбоздору шыктарын көрсөтүштү.

Вейкбординг – бул суу лыжалык слалом, акробатика жана секирүү элементтерин камтыган спорттун экстрим түрү. Спорттун бул түрү вейкборд-кайык жана аркан вейкбординг болуп экиге бөлүнөт. Кайык вейкбордингде, спортчу катуу толкун жана трамплиндердин жардамы менен арканды кармап алып, кайыктын артында ар түрдүү көнүгүүлөрдү аткарат. Аркан вейбордингде спортчунун суудагы кыймылы кайыктын алмаштыруучу механизациялаштырылган аркан-сүйрөөчү шайман менен аракетке келет.

Жаш спортчу-экстримдер Ала-Арча суу сактагычында сүзүүчү өзгөчө шаймандардын жардамы менен тамашалуу жарыштарды уюштурушту. Бирөөлөр чарада сүзсө, бирөө машиненин капкагында, ал эми дагы башкасы чоң тактай аянтчаларын куруп алып сүзүшүп, коньяк, карта менен жашоо жыргалычылыгына батышты.

Сүрөттө: Ала-Арча суу сактагычындагы вейкбординг боюнча таймашуулар.

Фотобаян: Вячеслава Оселедко. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине