translationkyrgyzstan.kg

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин өлүмү

22:13, 25 Июня 2020

2020-жылдын 25-июнунда Бишкекте парламент имаратынын алдында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы митниг өттү.

Мыйзам долбоордун демилгечиси, депутат Гүлшат Асылбаева интернеттеги контентти көзөмөлгө сала турган атайын органдаын түзүлүшүн талап кылууда. «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоору тармакта таралып жаткан чындыкка дал келбеген маалыматтан юридикалык жактар менен мамлекетти коргоп, жарандардын эркиндигин камсыздоону көздөйт. Анын белгилөөсүндө, мыйзам долбоору технологиялык ишканаларды өз колдонуучуларын терроризм, зордук-зомбулук, балдар  порнографиясынын жана дезинформациядан коргоого милдеттендирет. Ал эми жөнгө салуучу орган аталган мыйзам долбоорунун аткарылышын көзөмөлдөйт.

Бирок жакшы ниеттерге карабастан, медиаэксперттер аталган мыйзам долбоору оппозициялык ЖМКга, сайттарга жана блогерлерге каршы колдонулуп, бийликти сындаган ресурстардын жабылышына алып келерин айтышууда.

Күн мурун Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаеванын жеке баракчасына мыйзам долбоорду артка кайтаруу талабы менен массалык түрдө сын-пикирлерди жазышкан.

25-июндун түнүндө Жогорку Кеңештин депутаттары «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап чыгышты.

Коомчулуктун, кээ бир эл өкүлдөрүнүн, ошондой эле юристтер жана эксперттердин нааразычылыгына карабастан, добуштардын көпчүлүгү менен парламент мыйзамга оңдоолорду киргизүүнү колдоду.

79 депутат «макул», ал эми 10 депутат «каршы» добуш берген.

Буга чейин «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорун дискриминациялык деп таап, ал кабыл алынган күндө жарандардын конституциялык укуктарын коргобостон, тескеринче буза тургандыгын билдиришкен.

Муну менен, кыргыз парламентинин депутаттары кезектеги жолу элдин оюна түкүрүштү.

Вячеслав Оселедконун фотобаяны 

 Бул чыгарылыш фоторепортаж «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш»  долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Жаны жуздор" уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт
   
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине