translationkyrgyzstan.kg

86 кыргызстандык эмне үчүн курман болду?

22:20, 7 Апреля 2019

Сүрөттөргө көз чаптырып, бул жөнөкөй жарандардын кайгы-муунун көрүңүз. 9 жыл мурун алар жакындарынан айрылган эле. 86 кыргызстандык- уулдар, ага-инилер, аталар 2010-жылдын 7-апрелинде окко учураган.

Эмне үчүн? Бакиевдин кылмыштуу бийлигин түшүрүү үчүн. Кыргызстан өнүккөн, экономикалык жактан күчтүү өлкөгө айланышы үчүн. Биздин жарандар жүздөгөн миңдеген менен чет жакка жумуш издеп кетпеши үчүн.

Ал эми бүгүн колубузда эмне бар? Гүлдөгөн, экономикалык жактан эгемендүү Кыргызстанбы? Чынчыл жана адилеттүү бийликпи? Адамгерчиликтүү жана сабаттуу депутаттарбы? Биздин миграцияда жүргөн уулдарыбыз мазакталбай калдыбы? Жок, жок жана жок...

Бул кыргыздын уулдарынынын өлүмү бекер болгон жокпу?

Бул суроого баарыбыз жооп беришибиз керек. Эң биринчи кезекте ошол 86 баланын өмүрү жана 400 адамдын ден-соолугунун баасы менен бийликке келгендер.

Саясий оюндарга чөккөн биздин аткаминерлер ошол каза болгондор үчүн Кудай алдында кармаган жообу жөнүндө унутушту. (Эгерде алар Ага ишенишсе).

Ал эми бүгүн болсо, курман болгондордун жакындары кайгысы менен жалгыз бетме-бет кала беришти...

Вячеслав Оселедконун фото баяны

 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине