translationkyrgyzstan.kg

Жүздө бет кап, жүрөктө ишеним менен өткөн Жума-намаз

23:05, 12 Июня 2020

Кыргызстанда 8-июнда эки айлык карантинден кийин мечиттер, храмдар жана чиркөөлөр ачылды. COVID-19 жашоонун баардык тармактарына, анын ичине руханий жагына дагы өз таасирин тийгизген.  Тарыхта биринчи жолу мусулмандардын Орозо Айты жана христиандардын Ыйык Пасхасы изоляция шарттарында өткөн.

Ачылуудан күн мурда мечиттер менен храмдарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, ал эми жарандар сыйынуу маалында физикалык аралыкты сактоосу үчүн атайын белгилер орноотулган.

Республикалык ыкчам штаб мечиттердин, храмдардын жана намазканалардын ишин жандандыруудан мурда ал жерлерде санитардык талаптар сөзсүз сакталышы керек экендигин билдирген.  Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Саламттык сактоо министрлигинин кеңештерине ылайык беш маалдык намаз жана сыйынуу учурунда талап кылынуучу эрежелерди иштеп чыккан. Муфтияттан белгилешкендей, бул эрежелерди ар бир адам сактоого милдеттүү.

· Беш маал намаз окууга же жума-намазга келген жарандардын баардыгы бет кап тагынуусу шарт;

· Мечиттердин айланасындагы аймакты дезинфекциялап, келген жарандардын дене табын текшерип туруу зарыл;

· Намаз учурунда сыйынып жаткан адамдардын ортосундагы аралык 1,5 метрди түзүүсү шарт;

· Кол алышууга жана кучакташууга тыюуу салынат;

· Даарат алынуучу бөлмөлөрдө санитардык талаптар аткарылып, физикалык аралык сакталышы керек;

· Балдар, карылар, ар кандай өнөкөт оорулары бар жана дене табы жогору адамдарга мечиттерге баруудан кармануу сунушталат;

· Мечиттерге баруудагы жаңы талаптарды түшүндүрүп берүү милдети имамдарга жүктөлгөн.

12-июнда карантин алынгандан кийинки алгачкы жума-намаз өттү.  Бишкектин борбордук мечитинин кире беришинде дезинфекциялоочу каражаттары коюлуп, келип жаткан жарандардын дене табы текшерилип жатты. Мечиттердин ичинде адамдар социалдык аралыкты сактап жатышты, алардын арасындагы аралык 1,5 метрди түздү.  Жалпысынан, карантинден кийинки алгачкы жума-намаз Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарынын аткарылышы менен тынч жагдайда өттү.

 

Бул чыгарылыш фоторепортаж «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш»  долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Жаны жуздор" уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине