Валерьянканын 400 тамчысы жана Кыргызстандын аткаминерлери

11:19, 2 Октября 2018

22-сентябрда Сеул-Алматы рейси менен учкан учактын бортундагы Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү минитринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова чын эле мас беле? Биздин өлкөбүздүн жогорку даражадагы аткаминерлеринин көбүнө тийиштүү бул суроонун айланасында бизде бир жагынан күлкүлүү, бир жагынан кейичтүү чоң чатак болду. Бул окуяга ал эмес мамлекетибиздин башчысы Сооронбай Жээнбековду аралаштырышты.

А бардыгына коомдук тармактар себепчи болду. Анткени бардыгы мындайча башталган эле – Түштүк Кореядагы командировкадан кайтып келаткан ЖК депутаты Аида Исмаилова Facebook тармагындагы баракчасында мындай деп жазган: “Жүргүнчүлөрдүн бирин – катуу мас абалындагы биздеги министрликтердин бириндеги жогорку даражалуу кызматкерди бир жарым саат чыгаралбай убара болушту. Жазбай эле коёюн дедим эле, бирок жиним жаман кайнап турат... Ушундай да болобу. Уят!”. Беш мүнөттөн кийин пресса бул чатак ошол кезде Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденовага байланыштуу экенин айтып чыкты. Ал Сеулда Эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттигинин (KOICA) чакыруусу менен 20 күндүк окууда болгон. Бул мекеменин дагы бир кызматкери аны менен кошо бул окууга катышкан. Экс-аткаминердин айтымында, ал окууну ийгиликтүү аяктап KOICA менен биргеликте бир долбоорду иштеп чыккан. Ошол эле кезде ал эмгек эргүүсүндө болгон, анткени министрлик мынчалык узак мөөнөттүк командировкага жибере албастыгын билдирген.

Эгер баарын билген Facebook маамыт болбогондо, биз Кореядагы кыргызстандык аткаминерге байланыштуу окуяны билбей да калмактырбыз. Бирок айтылган сөз – атылган ок. Бул тема журналисттердин кызыгуусун дароо жаратты. 15 мүнөт өтпөй жаңылык ленталарында “Мас кыргыз аткаминери учактын бортунда чатак чыгарды” деген аталыштагы жаңылыктар пайда болду.

Бул чатактын чоо-жайын азыр бардык кыргызстандык жакшы билет болушу керек. Бул окуя “Инчхон” аэропортунда Сеул-Алматы рейсине адамдар отургузулуп жатканда болгон. Жүргүнчүлөрдүн бири өзү басалган эмес, башында креслого, кийин пакетке кускан. Air Astana нын экипажы аялды рейстен түшүрүп салуу чечимин чыгарышат – учуу коопсуздугунун эрежелерине байланыштуу белгисиз симптомдору бар адамдар учактын бортунда болбошу керек экен.

Эмне кылып жатканын жакшы аңдабаган, чулдурап араң сүйлөгөн жүргүнчү аял, арак жытын бүт бизнес-салонго таркатып, дипломаттык паспортун ар-бери булгалап, “дипломаттык иммунитети” бар экенин айтып, борткызматкерлеринин айткандарына көнбөй жатты. Чыкпайм, учам деп туруп алат. Бирок компаниянын кызматкерлери айткандарынан кайтышпайт. Кийин Air Astana бул окуя боюнча өзүнүн расмий билдирүүсүн таратат: “Сеул – Алматы каттамындагы KC 910 рейсинин борткызматчылары учакты учууга даярдап жатып, бизнес-класстын жүргүнчүсү Зууракан Каденова суроолорго жооп бере албаганын, ал эми анын абалы учууга жарабай турганын байкашат. Учуунун коопсуздугун ойлоп, жана да жүргүнчүнүн абалы учуу учурунда начарлап кетишин эске алып, аны жерде калтырууну туура көрүшөт. Чыккан чатактын жыйынтыгында рейс 1 саат 47 мүнөткө кармалган. Зууракан Каденова эртеси КС 960 рейси менен учуп кеткен. Учурда чатактын чоо-жайын аныкташ үчүн ички териштирүү иштери жүргүзүлүүдө”.

Жыйынтыгында Зууракан Каденованы салондон коляскага отургузуп алып чыгышкан. Борттогу чыр-чатактын айынан рейс бир жарым сааттан көбүрөөк кармалган. Прессадагы биринчи жаңылыктар пайда болгонуна эки саат болгондо премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен аткаминер терс себептер боюнча кызматынан алынат. Бул нерсе окуя тууралуу уккан Сооронбай Жээнбеков премьер-министрге бул чыр-чатакты териштирүү тууралуу тапшырма берээри менен болгон.

Чыр чатактын себепчиси болгон аткаминердин аты-жөнүн прессага биринчилерден болуп Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан айткан. Анын айтымында, аткаминер мас болгон. Бирок да ал медициналык текшерүүдөн өтпөгөнүн белгилеген. Элчи аткаминер ичимдектерди каякта ичкенин да айтып берген, дипмиссиянын кызматкерлеринин билдирүүсүндө, ал рейсти күтүп отурган кезинде эле иче баштаган. Ошондой эле, элчинин журналисттерге айтканына ишенсек, президент аппаратынын бир кызматкери ага чалып, бул чыр-чатак тууралуу эч нерсе айтпашын буйруган.

Бир аздан кийин президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиеванын Facebook баракчасында мындай жазуу пайда болду: “Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басарына байланыштуу Сеулдагы чатак боюнча бизге ЖМКлардан көп сандагы телефон чалуу болгондуктан, биз ал Кыргыз Республикасынын Президентинин жакын тууганы ЭМЕС экенин расмий түрдө билдиребиз. Президенттин тапшырмасы боюнча Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактап жатат. Бул маалымат тактала турган болсо Премьер-министрге министрдин орун басарына карата тийиштүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди”. Ал убакта Каденова кызматтан алынган болчу. Толгонай Стамалиеванын токтоолугун, оор басырыңкы мүнөзүн, анын жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн билген киши катары ушуга окшош жазуунун пайда болушуна чоң себептер болгон деп ойлойм. Жөн эле жерден эл оозуна алынган аткаминер менен президенттин ортосундагы эч кандай туугандык жок экендигин айттырыш үчүн аны буга чейин жеткириш керек эле, аны жогоруда аталган маанидеги “кайрылуулар” менен таптакыр эле көмүп салган болушу керек. Аппараттан элчиликке телефон чалуусу боюнча да өз пикирин билдирди. “Ал күнү ага бизден эч ким чалган эмес”, - деди ал.

Элчи болсо чыр-чатактын болгонуна эки күн болгондо, 24-сентябрда Бишкекте пресс-конференция өткөрүп, элдин чоң кызыгуусун жараткан көп маалыматтарды айтып берди. Анын айтымында, анда ТИМдеги жемкорлук схемалар тууралуу далилдер бар, ал өзү да Малайзияда элчи болуп турганында ушул схеманын курмандыгы болгон имиш. Ал бардыгын айтып бериш үчүн өлкөнүн президенти менен жолуга албай жатканын, аппарат жана администрация ага жолтоо кылып, жолугушуу тууралуу анын кайрылууларына эч жооп бербей жаткандарын айтты. Мына эми бул чыр-чатакка байланыштуу мүмкүнчүлүктү колдонуп, элчи мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго ЖМК аркылуу кайрылаарын билдирди. Элчи мас абалындагы аткаминерге байланыштуу ага аппараттан телефон чалуу болгонун дагы бир жолу тастыктады.

Бир нече сааттан кийин ТИМдин расмий көз карашы жарыяланды. “Корея Республикасындагы КРдын Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Кылычбек Султан мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жана жүрүм-турумун жөнгө салган Кыргызстандын мыйзамдарындагы эрежелерди жана нормаларды, ошондой эле дипломаттык этиканын элементардуу нормаларын дагы бир жолу бузду. ТИМде элчинин өзү айрым мыйзам бузууларды кетиргендиги тууралуу маалымат бар. Эгер бул фактылар тактала турган болсо бул маалыматтар тийиштүү органдарга берилет. Ушул мыйзам бузуулар Кылычбек Султандын акыркы кездеги кадамдарга баруусун шартташы мүмкүн. Тийиштүү органдардын бул маалыматтарды бардык жагынан толук иликтеп чыгышына Министрлик бардык көмөгүн көрсөтмөкчү”. Дагы бир аз убакыттан кийин Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Корея Республикасындагы КРдын Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Кылычбек Султанды кызматынан бошотуу тууралуу сунушун президентке берген. Бул кабар боюнча Кылычбек Султан журналисттерге мындай деген оюн айткан: “Өзүң жиндисиң” дегендей эле жооп болду. Мени же жумуштан кетиришээрин, же сыйлык беришээрин билгем. Эми Президенттин жообун күтүп жатам”.

Президент азырынча унчуга элек. Кандай гана чечим чыгарбасын ал, бул чечим элде дагы көптөгөн талкууну жаратаары шексиз. Ошол эле кезде прессада бул окуя тууралуу Зууракан Каденованын өзүнүн версиясы пайда болду: “Кореяда мен диетаны кармап, 5 кг салмагымды таштаган элем. Эми дагы эки килограммды таштап койсо да болот деп тамашалап коёр элем. Сеулдагы акыркы күндөрү жүрөгүм ооруксуп жатты. Жолго чыгаардын алдында валерьянка ичип алгам. Кийин, аэропортто рейске катталуунун алдында корвалолдун калган бөлүгүн ичип алдым, анткени суюктук менен бортко киргизбейт эле. Идиште 40 тамчыдай бар болчу, мен болсо адатынча 30 тамчыдан гана кабыл алчумун. Анан да биз катталууга араң жетиштик, чуркап келдик. Андан кийин мен эки бөтөлкө кока-кола ичтим. Орундугума отуруп, курчанганымда мен өзүмдү жаман сезе баштадым. Туалетке барайын десем борткызматчы уруксат бербей койду, алар ачыла элек деди. Мага пакет алып келгенде, мен эки жолу кустум. Менимче, ач карын дарыны ичип алганым үчүн мага жаман болду. Мага учуп кеткенге уруксат берүүлөрүн гана сурангам. Менин ордума экипаждын мүчөлөрү менен биздин министрликтин кызматкери Гүлмира Мамырканова сүйлөшүп жатты. Мен өзүмдү аябай начар сезип, сүйлөшө албайт элем. Бирок андан кийин коляска менен келишип, мени учактан алып чыгышты. Аэропортто мага элчилигибизде иштеген кызматкер кыз келди. Ал менден ичимдик жыттанып жатат деди. Мен мас эмес экенимди, дары гана ичкенимди айттым. Алкоголду мен такыр эле ичпейм, орозо кармайм да. Мени кызматамыман бошоткондору – бул саясий чечим. Сеулдагы аэропортто өзүм тууралуу жаңылыкты окуганымда эле өзүм жумуштан кеткенге даяр болгом. Ордума кайтаргыла деп соттошпойм”.

Журналист катары аткаминер мас болгонун же болбогонун биз айта албайбыз – медэкспертиза жүргүзүлбөгөн, эми аны жасаганга да мүмкүн эмес. Ошондой эле элчи туура, же туура эмес деп да айта албайбыз. Анткени бизде элчи менен Зууракан Каденованын сөздөрүнөн, авиакомпаниянын расмий билдирүүсүнөн, президенттин басма сөз-катчысынын пикиринен жана ТИМдин расмий көз карашынан башка эч нерсе жок. Ошондуктан канчага алсак, ошончого сатып жатабыз дегендей болууда. Бирок бул окуя аягына дагы да чыгалек.

Азар “Манас” аэропортунда бир порция коньяк алгысы келгендер барменге “400 тамчы валерьянка тапчылатып коёсуңарбы” деп кайрылышат экен. Тамашөкөй элибиз бар, “Кыргызстандын аткаминерлери” деген шоуга кайсы бир “Смехопанорамга” караганда көбүрөөк кызыгуу менен көз салат. Бир гана түшүнүксүз жер бар. Жакында эле парламентарийлердин дээрлик бир добушу менен Сапар Исаковдун өкмөтү жоюлган болчу. Аны: “Жаштар өз милдеттерин жакшы аткара албай жатышат” деп түшүндүрүшкөн. Бирок ал кабинеттин министрлери жана орун басарлары жок дегенде мындай авиачатактарга катышпайт эле го. Жаңы, тажрыйбалуу жана улуурак өкмөт учурда эки гана нерсени жакшы жасап жатат: элдин терс пикирин жаратууну жана ИДПнын терс көрсөткүчтөрүнө жетүүнү. Эгер болгон тажрыйбасын жана акылын колдонуп так ушул нерселерге жетиш керек болсо – анда ал максатына жетиптир. А башка маселелер боюнча – азырынча жок.

Даярдаган Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине