Чоң тазалообу?

16:51, 16 Марта 2018

Акыркы жумаларда өкмөттүн басма сөз кызматы таркаткан маалыматтар элди бир аз дендирөө абалга салды. Жогорку кызматтагылардын ушунчалык көп санда жумуштан кетирилишин, көп министрлер менен мекеме жетекчилерине катуу сөгүштөрдүн жарыяланышын көргөн эмес эле.

Бирок да “тазалоо” иштери былтыр жайында эле башталган болчу. 2017-жылдын 25-августунда Сапар Исаков КР Өкмөтүн жетектей баштагандан бери бир катар чоң кадр алмашуулар болду. 2017-жылдын 17-ноябрында вице-премьерлик кызматтан Дүйшөнбек Зилалиев бошотулду. Бул чоң кадрдык өзгөрүүлөрдүн биринчи жышааны эле. Ал эми 2018-жылдын 8-январында ЕАЭБ Бажы кодексинин Кыргызстанда колдонушун жөнгө сала турган документти даярдоодо кетирген калпыстыктары үчүн КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, КРдин ЕАЭБдеги өкүлү, КР өкмөтүнүн аппаратындагы ЕАЭБ иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси болуп иштеген Санжар Үмөталиев кызмат орундарынан бошотулду. Аны менен кошо КР өкмөтүнүн аппаратындагы ЕАЭБ иштери боюнча бөлүмдүн бардык кызматкерлери иш орундарынан кетирилди.

Жаздын башында дагы башкалар кызмат орундарынан кетириле баштады. 12-мартта ишиндеги кемчиликтери үчүн өкмөт аппаратынын жетекчилигинен (КР министри) Нурханбек Момуналиев бошотулду. Ушулу эле күнү анын орун басары, аппараттын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Эмилбек Бусурманкулов дагы кетирилди. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча жана “Миграция боюнча компетенттүү органдарды түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгууда кетирилген олуттуу кемчиликтери үчүн социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси Улан Маматканов жана укуктук экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси Максатбек Есеналиев кызмат орундарынан бошотулду. Бирок бул башталышы гана болчу.

Мартта Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмазбек Абдыкадыров менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов кызмат орундарынан бошотулганда эл көп таңгалбады.

Абдыкадыров анын Сооронбай Жээнбеков менен болгон кагылышуусунан кийин элге таанымал болгон. Ошондо так ага азыркы мамлекет башчы, анда премьер министр эл арасында бат тарап кеткен “Чык эшикке!” деген атактуу сөзүн айткан эле. Аткаминерде түштүктөгү жер титирөөдөн жана селдерден кийинки калыбына келтирүүчү иш-чаралар тууралуу толук маалыматтар болгон эмес. Ал премьердин суроооруна жооп бералбай калган. Эл арасындагы атак менен кошо ага катуу сөгүш жарыяланган болчу. Иш алып баруусун дагы текшеришкенде ал мурдагы катасынан эч бир сабак албаганы байкалган.

Нурбек Абасканов дагы журналисттердин сынына кабылган – ал өзүнүн жеке фирмасына лицензия берген. Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтык иликтөө жүргүзгөнгө атайын комиссия түзүлгөн болчу. “Анын жыйынтыгы менен Өкмөт башчы таанышып чыгып, Нурбек Абаскановду кызмат ордунан бошотуу чечими кабыл алынды”, - деп айтылат расмий билдирүүдө. Ал эми журналисттерге Сапар Исаков мындай деген: “Жемкорлук тууралуу арыздар түшүп жаткан мамлекеттик органдардын жыйынтыктуу иш алып баралбаган жетекчилерин кызмат орундарынан кетириш керек”.

Жакынкы күндөрү премьер-министр дагы бир буйругун чыгарды, аны бурмалап албаш үчүн ал буйрукту толугу менен келтирели:

“Аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу так эмес жана сапатсыз маалыматты бергендиги үчүн төмөнкү чечим кабыл алынды:

Төмөнкүлөргө сөгүш жарыялансын:

Самат Бөрүбаевге – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

Бактыбек Секимовго – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы;

Азамат Эркебаевге – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Илияз Ташбаевге – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкару боюнча фонддун статс-катчысы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун кызмат ордун киргизүү жөнүндөгү буйругун аткарбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге белгиленген тартипте сөгүш жарыяланды.

2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн төмөнкү чечим кабыл алынды:

Төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

Адылбек Касымалиевге – Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Төмөнкүлөргө катуу сөгүш жарыялансын:

Артем Новиковго – Кыргыз Республикасынын Экономика министрине;

Гүлмира Кудайбердиевага – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри;

Нурбек Мурашевге – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Уланбек Рыскуловго – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Абдыкалык Рустамовго – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Бактыбек Абдиевге – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

Аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын аткаруу жөнүндө так эмес жана сапатсыз маалымат бергендиги, 2017-жылкы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге катуу сөгүш жарыяланды”.

Дээрлик өкмөттүн бардыгы жазаланды. Бир гана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Ренат Түлөбердиев жаза алган жок.

“Мен аны коргобой элем, ал жакында эле келди. Ага дагы убакыт берели. Бирок анын орун басарына жаза берилиши зарыл. Чечимди даярдап койгула, дүйшөмбү күнү ага кол коём. Эгер июнга чейин абал оңолбосо, анда мен мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ар-бириңердин кызмат ордуңар тууралуу маселени караштырам. Таарынбагыла. Ачык айтып коёюн. Маселелердин бардыгын чечсе болот, бир гана иштеш керек. Ооба форс-мажор учурлар болушу мүмкүн, бирок мында ал байкалбайт”, - деди премьер.

“Таза коом” долбоорун ишке ашыруу боюнча жумуш топтун мүчөсү Бакыт Сатыбеков бул абалды журналисттерге мындайча түшүндүрүп берди: “Бардык башкарууда дем берип кызыктыруудан сырткары кайсы бир кемчиликтер үчүн жазалоо да каралат, бул башкаруудагы кадыресе көрүнүш. Чыдабай кетсе керек. Буга чейин ал кабинеттин мүчөлөру менен сылык-сыпаа, үнүн көтөрбөй сүйлөшүп, түшүндүрүүгө жакшы аракет кылган эле, жыйынтык болбогонунан соң жазалайын дегендир. Бизде бул жаатта абал чыны эле начар. Өкмөттүн кайсы бир планын же парламенттин тапшырмасын алып, анын аткарылышына назар салып көрсөңөр. Басымдуу бөлүгү белгиленген мөөнөткө аткарылбай жатканын дароо байкайсыңар. Биздин маморгандар “Жарым-жартылай аткарылды” же “Аткарылып жатат” деп жазганга каныгып алышкан. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, мындай иш алып барууну токтотуу зарыл да”, - деди адис.

Бардыгы болуп 2017-жылдын 25-августунан 2018-жылдын 13-мартына чейин премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен ар-түрдүу кызматтагы 53 аткаминер орундарынан бошотулган. Ушул эле убакытта 23 аткаминер дисциплинардык жаза алган. Мурда мындай болгон эмес. Эксперттик жамаат бул жолу кайчы пикирлерин билдирбей, бардыгы бир нукта айтып жатышат.

Саясат таануучу Айнура Арзыматова өкмөттөгү кадрдык жаңжал тууралуу пикирин айтып жатып, таңгала турган эч нерсе деле болбогонун билдирет: “Муну эчак эле кылыш керек болчу. Бул курулай сөз менен гана эмес, иш жүзүндө аткаминерлердин жоопкерчилиги өсүп, жемкорлук көрүнүштөр менен күрөш күчөп жатканын күбөлөйт. ЕАЭБге кирүүдө, жылуулук сезонунан өтүүдө чоң каталар байкалган. Мунун баары иштеги кемчиликтерден. Ойлонушкан эмес, тийштүү көңүл бурушкан эмес ж.б.д.у.с. Менимче, премьер-министрдин бул кадамы мамлекеттик кызматкерлерди тартипке келтирет. Андан сырткары да президенттин жемкорлук менен күрөшүү саясаты да таасир берип жатышы мүмкүн”.

Саясат таануучу Денис Бердаков бул айтылган пикир менен макул: “Бул премьер менен президенттин бир саясатты жүргүзө тургандыгын көрсөтөт. Министрлерге сөгүштөрдү бергенди Сапар Исаков эмес, Сооронбай Жээнбеков ушул кызматта отурганда баштаган. Бул эмнеси менен жакшы? Биринчи кезекте, чаян, щука жана ак куу тууралуу тамсил биз көнүп калгандай, бул учурда орундуу болбой калат. Башкача айтканда, премьер менен президент бир багытка тартып, жыла турган болушса – анда бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар”.

Адистердин көбү бул процесс өлкөгө жакшылык гана алып келээрин билдиришет. “Исаков эч кимди бөлүп албай, жалпы бардыгынан сурап жатат. Эгер премьер мындан да ары ушундай чараларды колдоно турган болсо, эч кимге аёо болбой тургандыгын бардыгы түшүнүшөт. Катуу сөгүштөр – бардык өкмөт мүчөлөрү жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн эскертүү экенин сезишет. Бул жактан алганда анын кадамдары туура. Көптөн бери биздин кыжырыбызды келтирген маселелерди ал четинен чечкенге киришти. Иштей албаган, жемкорлукка малынган, же талаптарга жооп бербеген аткаминерлерден арылыш керек”, - деди пресс-конференцияда коомдук ишмер Жыпар Жекшеев.

Көп адистердин пикиринде, бул башталышы гана. Жазында чоң кадрдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Эң негизгиси, “Кыргызстандагы министрлердин орун алмашы” көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелердин айлампасында каармандардын гана алмашуусу болбошу керек.

Даярдаган Светлана Бегунова

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине