«Дордой» СБКнын ишкерлер профсоюзунан Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков С.Ш. Ачык кайрылуу

14:30, 14 Мая 2019

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

“Дордой” СБКнын ишкерлери Сизге терең урмат көрсөтүп, бизнес жасоону жакшыртууга, жемкорлук менен күрөшүүгө, бийликтин демократиялык институттарын калыптандырууга жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө багытталган саясат жүргүзүп жаткандыгыңызды колдойт. Сиз жасап жаткан реформаларды биз, ишкерлер, колдоого алып, ТӨУС 2040 долбоорун ишке ашыруу үчүн салым кошууга даярбыз.

Урматтуу Президент мырза, Сизге кайрылганыбыздын себеби, бизди тышкы экономикалык шартта иштеген бизнес тынчсыздандырууда. Мында Казакстан менен Кыргыз Республикасынын бизнес субъектилеринин ортосунда адилетсиз атаандашуу жаралып отурат. Тактап айтканда, элдик керектелүүчү товарлардын бажы тарабынан тазаланып жаткандыгы убайымга салды. Казакстанда керек болсо мамлекеттик процедура биздегиден 2-3 эсе арзан. “Дордой” СБКнын ишкерлери казакстандык мобилдик номер аркылуу үстүбүздөгү айда эки ирет Алма-Ата шаарынын транспорттук компанияларына чалып чыгышкан (жазылып калган телефон сүйлөшүүлөр КРнын МБКсынан алынды) жана буйрутма бергендердин атынан КЭРден ташылып келинген жүктөрдүн баасына кызыгып көрүшкөн. Натыйжада мындай маалыматтарга ээ болушкан: Үрүмчү шаарынан Алма-Ата шаарына чейин анын баасы 1 кг үчүн 1,45 $дан 1,71 $га чейин болуп чыккан. Бул Кыргызстанга салыштырмалуу кыйла арзан. Биздин негизги аудитория Орто Азия жана Россия Федерациясы экендигин эске алсак, бул жагдай бизди атаандаштыкка ылайыксыз кылууда. Биз дүңүнөн сатып алуучу кардарларыбызды жана бизнесибизди жоготуп алуу коркунучуна кептелип, тобокелге баруудабыз.

Жогоруда саналып өткөн фактылардан улам сырткы экономикалык иштердеги субъектилер үчүн атаандаштыкка жөндөмсүз соода-экономикалык кырдаал жаралып отурат. Эске алуучу дагы бир жагдай, “Дордой” СБКга жүз миңдеген биздин жарандар жана ишкерлер инфраструктуралык жактан (кызмат көрсөтүү ж.б.) байланган, аталган базар жана биздин тигүүчүлөр мамлекеттин жардамы менен гана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыга келишти. Урматтуу, Сооронбай Шарипович, Сизден бул маселени чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма беришиңизди суранабыз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Жогоруда саналып өткөн базарларды, андагы жумуш орундарын сактап калуу өтө маанилүү. Себеби, үй-бүлөлөрдү багуу жана ошол эле учурда өлкө казынасын салыктар, чогултуулар аркылуу толуктоо ишке ашып жатат.

Кыргыз Республикасында бажы тарифтери коңшу Казакстандыкынан кымбат болбошу керек. Ошону менен катар сооданын, жеңил өнөр жайдын жана жалпы ишкерликтин өнүгүүсүнө жол ачылышы зарыл. Бул нерсе өз кезегинде экономиканын, аймактардын өнүгүүсүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкө казынасын толуктоого шарт түзөт.

Жаралган бул кырдаалдан улам ишкерлер өз бизнесин жоготуп алуудан кооптонуп турушат. Ал эми көпчүлүк ишкерлер насыя алып иштегендиктен, банк эсебине өздөрүнүн мүлкүн күрөөгө коюшат. Демек, бизнес жоголгон учурда автоматтык түрдө алар турак-жайынан же дагы башка жеке менчик мүлкүнөн айрылат. Бул коомдогу социалдык экономикалык чыңалууга алып келет.

Биз адилеттүү, ак ниет атаандашуу үчүнбүз!

Биз Евразиялык Экономикалык Комиссия тарабынан бажы постторун текшерүү жана мониторинг жүргүзүү мехазимдери ишке ашырылуусу үчүнбүз!

Биз Кыргыз Республикасындагы ишкерлер кыймылы мамлекеттик органдар тарабынан колдоого алынышы үчүнбүз!

Урматтуу Сооронбай Шарипович, биз Сиздин жардамыңызга үмүттөнөбүз, биздин атаандаштыкка жөндөмдүү болуубузга парламент жана өкмөт көмөктөшөт деп ишенебиз. Биз биргеликте жаңы жумуш орундарын түзүп, өлкө казынасын камсыздап жана ар бир жараныбыздын жашоо шартын жакшыра алабыз.

«Дордой» СБКнын ишкерлер профсоюзунан

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине