Кайра эле ошол аңга түшмөй

12:18, 13 Декабря 2020

Кыргызстандыктар адилетсиз шайлоонун айынан үчүнчү жолу бийликти кулатышты. Кыргызстандагы шайлоолорду такай коштоп жүргөн добуштарды сатып алуу менен административдик басым бул жолкусунда дагы чечүүчү ролду ойношту. Бул саясий элита менен бийликтик топтор үчүн сабак болобу деген чоң суроо жаралат.

2020-жылдын 28-августундагы «Муну баардык партиялар кылат...» деген материалда биз коронавирустун айынан шайлоо процессинин токтотулушу добуштарды сатып алуу деген илгерки көйгөйдү ачыктады деп жазган элек. (http://www.nlkg.kg/ru/politics/elections-2020/vse-partii-delayut-eto Саясий партиялар элге жапырт негизде гуманитардык жардам таратып, аны менен бир катар серепчилердин көз карашында Кыргыз Республикасынын конституциясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо» жөнүндө жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамын бузушкан. Мындай мыйзам бузуулар шайлоо сайын байкалып, деги эле таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү идеясын күмөнгө салат.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өтүү үчүн 16 саясий партия ат салышкан, алардын ичинен, эксперттердин баамында, бешөө бийликчил партия болгон, ал эми калганы өзүн учурдагы режимге ар кандай деңгээлдеги оппозиция катары көрсөткөндөр болгон.

Шайлоо өнөктүгүнүн башынан эле байкоочулар, партия өкүлдөрү менен жөнөкөй жарандар массалык мыйзам бузууларды байкаган.

Форма №2 жана анын алынышы – маселе сатып алуу менен чечилеби?

Бул форма боюнча кандайдыр бир себептен улам катталган жеринде эмес жүргөн жаран ошол жерден добуш берүүгө мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу. Бирок жакшы ниет эң олуттуу мыйзам бузууга айланды.

4-октябрдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду катталган жеринен эмес, Форма №2 боюнча добуш берүүнү каалаган жарандардын саны кескин көбөйгөндүгүнө катуу кабатыр болгондугун билдирген.

КР БШКсынын 27-сентябрьга карата берген маалыматына ылайык, бул шайлоодо Форма №2 боюнча добуш берүүгө 496 239 адам же жалпы электораттын 14.08 пайызы билдирүү берген. Салыштыруу үчүн; 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Форма №2 боюнча добуш берүү үчүн 297 327 же шайлоочулардын 10.76 пайызы кайрылса, 2017-жылкы президенттик шайлоодо бул көрсөткүч 315 461 же 10.42 пайызды түзгөн.

«Форма №2 боюнча добуш берүү үчүн арыз менен кайрылган жарандардын кайсыдыр бир бөлүгүн чын эле объективдик себептерден улам жашоо дарегин алмаштырган жарандар түзөрүнө күмөн жок. Бирок эмне үчүн ушунча көп адам жашаган жерине эмес жака каттоого тургусу келгендиги түшүнүксүз бойдон калат. Азыркы учурда бул шайлоочунун изоляциясы, жеке демилгесине байланыштуубу же алар 0.7 пайыздык аймактык босогону өтүү үчүн жана/же партия ичиндеги «жумшак рейтинг» үчүн шайлоонун жыйынтыктарын манипуляциялоону каалаган партиялар же талапкерлер тарабынан сатылып алынгандыгы белгисиз»,- деп билдирет «Жалпы иш» КФ. Фонд бул маселени иликтөө өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган.

8-августтан 19-сентябрьга чейинки убакыт ичинде Бишкектин шайлоо тилкелерине шаардын айланасындагы айылдардан күнүгө ондогон, жүздөгөн адамдар ташылып келип жатты, алар эмне болуп жаткандыгын журналисттер менен байкоочуларга тың түшүндүрүп бере да алшкан эмес. Кээ бирлери ишенчектигине алдырып, аларга Форма№2 боюнча катталгандыгы үчүн жана шайлоодо белгилүү бир партия үчүн добуш бергендиги үчүн акча төлөп берүүнү убада кылышкандыгын айтып беришкен.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Марлен Маматалиев 2020-жылдын 18-октябрдагы активисттер менен болгон жолугушуусунда Форма№2 – таза коррупциялык схема экендигин айтып, Форма№2 боюнча эч ким өз ыктыяры менен добуш берберин билдирген. (18-октябрда болгон жолугуунун шилтемеси: https://www.facebook.com/watch/live/?v=1631311183708865&ref=externa)

Жыйынтыгында, шайлоочулар Форма№2 боюнча добуш берүү үчүн Бишкектеги шайлоо тилкелерине келип, натыйжасында алар толуп калган. Мыйзамда бир шайлоо тилкесинде шайлоочулардын саны 2500 адамдан ашпашы керек деген ченем бар. Шайлоого чейин эле, БШКнын ошол кездеги мүчөсү Атыр Абдрахматова аталган себептен улам шайлоо болбой калуу коркунучу бар деп билдирген.

Бул жапырт көрүнүшкө жада калса участкалык шайлоо комиссияларынын жетекчилерине каршы чыгуунун кереги жок болгон, анткени эгерде алар буйрукка баш ийбесе, жумуштан айдалышмак. Бир катар ММКлар (https://april.kg/ru/article/uvolen-direktor-sosh-60-eto-sdelano-po-politicheskim-motivam-schitayut-kollegi, https://kaktus.media/doc/419708_za_tri_dnia_do_novogo_ychebnogo_goda_yvolilsia_direktor_shkoly_bishkeka.html) ТШКнын төрагасы болгон борбор калаадагы №60-мектептин жетекчиси Малик Даиров менен болгон кырдаалды чагылдырган.

27-августта, окуу жылынын башталышына 3 күн калганда, директор жумуштан өз каалоосу менен кетүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу №60-мектептин мугалимдери Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине жолдогон расмий катында билдиришкен.

№60-мектептин мугалимдери айткан себеп кийинкиде болгон: жогору жакта турган органдардан  шайлоо тилкесине келген жарандардын баардыгын каттоого алуу керек деген буйрук келип түшкөн.

Мугалимдердин айтымында, натыйжасында, элди массалык түрдө каттоого алуу башталган, жарандар аймактардан дагы келип жатышкан. Күнүгө 50гө чейин жаранды каттоого алууга туура келген. Буга байланыштуу мектеп жетекчисинин үстүнөн даттануу болуп, ал жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.

«Канчага чейин саясий оюндарда мугалимдерди колдонууга болот»!-деп суроо узатышкан мугалимдер өзүнүн расмий катында.

Атыр Абдрахматова болуп жаткан көрүнүштөр менен анын байкоолору «административдик ресурс болуп жаткандыгы мүмкүн экендигин, шайлоочулар сатылып жаткандыгын жана жада калса шайлоо документтери фальсификацияланып жаткандыгынан кабар бергендигин» айтып чыккан.

Шайлоого бир нече күн калганда бир катар саясий партиялар Борбордук шайлоо комитети, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы менен Башкы прокуратурага кийинки билдирүү менен кайрылышкан: «БШКны 26 июлдан ушул күнгө чейин ар бир шайлоо тилкесиндеги шайлоочулардын жылышы боюнча маалыматтарды жарыялоону суранабыз.  Андан сырткары, БШКнын мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, коомдук уюмдардын мүчөлөрү жана саясий партиялардын мүчөлөрү менен биргеликте Форма№2 боюнча массалык каттоого алуу фактысын текшерүүнү суранабыз. Башкы прокуратура, УКМКны административдик ресурстун болушу мүмкүндүгүн, добуштардын сатылышын жана шайлоо документтеринин фальсификацияланышын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыктарын ачыктоону суранабыз».

Өз кезегинде БШК укук коргоо органдары менен прокуратура органдарына 64 мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдарын жөнөткөн. Бирок эч кандай чаралар кабыл алынган эмес.

Башка коомдук уюмдардай эле, «Жалпы иш» Коомдук фонду дагы шайлоонун улуттук мыйзам чыгаруу ченемдерине жана демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына төп келишине мониторинг жүргүзгөн. Өз ишинде фонд Кыргыз Республикасынын конституциясынын «КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын беренлерине жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарын өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жоболоруна таянган.

Мониторингдин жүрүшүндө «Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары БШК, БП жана ИИМге бир катар актыларды, арыздарды, кайрылууларды жана даттанууларды жолдогон.

(инфаграфикаларды көрүңүздөр).