Чынгыз Айдарбеков: «Биз улуттук кызыкчылыктарды алдыга коюп, гумандуу сырткы саясатты жүргүзөбүз»

09:40, 14 Февраля 2019

Жаңы тышкы иштер министри ээлеген кызматына карабастан коомдук эмес адам. Андан маек алуу кыйын ишке турду. Башкы дипломат журналисттер менен жоолугушууга макулдугун бербей, суроолордун жарымына гана жазуу түрүндө жооп берди. Бирок министрликтин адистери тарабынан даярдалган супсак жана кыска жооптордун ичинен жаш министр тарабынан жүргүзүлүп жаткан сырткы саясаттын сөлөкөтүн бираз да болсо көрө алдык.

-Сиз Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин тарыхында эң жаш министр болдуңуз. Бул кызматты сизге сунуштап жатышканда кандайдыр бир шектенүүлөр болдубу?

-Жоопкерчилик чоң. Албетте, шектенүүлөр болгон.

-Сиз көп векторлуу дипломатиянын тарапташысызбы? Же биздин өлкө ЕАЭБдин интеграциялык кубулуштарын катуу карманабы?

- Кыргызстан жалгыз эле Еразия экономикалык биримдигинин мүчөсү эмес. Албетте, ЕАЭБдин алкагындагы интеграция маанилүү экономикалык багыт болуп эсептелет. Бирок республика ОБСЕ, КМШ, ЖККУ, ОЭБ, ССТГ жана башка көптөгөн аймактык уюмдары менен дагы активдүү иштешет.

Эл аралык деңгээлдеги маселелерди натыйжалуу аткаруу кезектүү жана таразаланган иш алып баруудан көз каранды. Биз улуттук кызыкчылыктарды алдыга коюп, ойлонулган сырткы саясатты жүргүзөбүз.  Жана биздин  шериктештерибизди кызматташууда «чыгаруу» принциби биздин өлкөнүн кызыкчылыктарына дал келбейт.

-Биздин өлкө менен АКШнын ортосундагы мамилеси бир топ сууй түштү деген ой менен макулсузбу?

-Кыргызстандын АКШ менен өз ара кызматташуусу тышкы саясаттын маанилүү багыттарынын бири. Биздин мамлекеттер көптөгөн багыттарда шериктеш болуп келет.

Мамлекеттер ортосундагы мамилелерде чечүүгө туура келген көптөгөн кырдаалдар болуп калат. Акыркы бир нече жылдарда Кошмо Штаттары менен эки тараптык мамилелеринин төмөндөө тенденциясы байкалган. Көпчүлүк учурда бул «Манас» аба майданындагы транзиттик жүк ташуулар борборунун жайгашуусунун мөөнөтү аяктаганына жана кызматташуу тууралуу эки тараптык келишимдин денонсацияланышына байлагыштуу болгон. Бирок биздин өз ара мамилелерибиздеги принципиалдык позициялар өзгөрбөстөн калды. Менин оюмча АКШ менен болгон мамилелер баардык багыттар боюнча өнүгүшү керек. Жана бир макулдаштыктын жоктугу андан аркы мамилелердин өнүгүшүнө тоскоолдук болбошу керек.

Былтыркы жылдын сентябрында Кыргызстанга АКШнын жаңы элчиси Дональд Лу келди. Биз маек курдук. Саясий деңгээлдеги эки тараптык мамилелерди бекемдөө боюнча кээ бир бир келишимдер бекитилди.  Декабрьдын ортосунда Бишкекте АКШдан келген Америка Кошмо Штаттарынын улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы Ак Үйдүн Борбор  Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Э. Руденшоль жетектеген делегация келип кеткен. Кызматташууну жандандыруу керек экендигине эки тарап тең макулдугун билдирген. Бул үчүн жаңы макулдашуулар иштелип чыгат.

АКШ менен Кыргызстан демократия боюнча шериктештер экендигин белгилеп кетким келет. Биздин өлкөлөрдүн өз ара кызматташуусу демократиянын жалпы принциптеринде жана эркиндигинде негизделип келген. Биз мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенебиз.

-Сиз Евро Биримдигинин өлкөлөрү менен мамиле курууну кандай пландаштырып жатасыз?

-Кыргызстан менен ЕБдин ортосундагы мамилелер өнүгүп жатат. Сиз билгендей, 2018-жылдын апрелинде президент Сооронбай Жээнбеков Брюсселге иш сапары менен барган. Ал жерден ЕБдин негизги институттарынын лидерлери менен маселелердин кең формалары боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Жана башкысы, Кыргызстан менен ЕБдин ортосундагы кеңейтилген кызматташуу жана шериктештик боюнча келишим жетилген. Ал боюнча сүйлөшүү процесси 2019-жылдын жайына чейин аякташы керек.

-Акыркы убакта ММК булактары менен социалдык тармактарда элчилик кызматтарга туура эмес адамдар дайындалганы, алар бул иш менен алектенбеши керектиги тууралуу көп маалыматтар пайда болууда. Сиз чет элдеги  биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүбүздүн ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

-Элчи жарандардын жана өлкөнүн жалпы кызыкчылыктарын коргойт. Жана бул чоң жоопкерчиликтүү кызматка компитенттүү эмес адам дайындалбашы керек. Азыр бизде элчилерди дайындоо боюнча так процедуралар аныкталган. Бул процессте президент, парламент жана премьер-министр катышат. Элчинин кызматына талапкерлер үчүн коюлган талаптар да белгилүү. Талапкер керектүү дипломатиялык жана коомдук-экономикалык тажрыйбалуу, жок дегенде бир чет тилин билген,  өзүнүн жеке сапаттары, кесиптик билими жана ден-соолугунун абалына жараша ага коюлган жоопкерчиликти аткара алышы керек.

Биздин чет элдик мекемелерибиздин кызматкерлерине тиешелүү. Белгилүү болгондой, алар узак мөөнөттүү чет элдик командировкага жөнөтүлөөрдө Тышкы иштер министрлигинде жок дегенде эки жыл эмгектенишет. Ошондуктан биздин өлкөнүн кызыкчылыктарын компитенттүү жана жетиштүү деңгээлде даярдалган кызматкерлер коргоп келет. Биз мындан ары да кызматкерлерди чет элдик мекемелерге жөнөтүү тартибин жакшыртып, мамлекеттин өкүлчүлүктөрүнүн ишин жана координациясын күчөтөбүз.

-Азыр чет элде Кыргызстандн дип өкүлчүлүктөрү жетиштүүбү?

-Азыркы учурда биздин өлкөнүн 27 элчилиги, 2 такай өкүлчүлүгү, 7 консулдук агенттиктери, элчиликтердин бөлүмдөрү, визалык түйүндөрү, канцеляриялары жана вице-консулчулуктары бар.

-Сиз элчиликтер менен консулчулуктардын санын көбөйтүү керек деп эсептейсизби? Же балким, кыскартуу керекпи?

-Министрлик күн сайын чет элдик мекемелердин натыйжалуулугу, бүтүндүгү тууралуу ар кандай варианттарды карап, талкуулап келет. Тиешелүү эсептөөлөрдөн кийин министрлик өз сунуштарын бийликтин талкууга керек болгон тиешелүү бутактарына киргизет деп ойлойм.

Александр КУЛИНСКИЙ

Маалымдама

Чынгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкекте туулган.

Билими

·   1988- Кыргызстан эл аралык университетинин ДжСМ факультетин «эл аралык мамилелер» багыты боюнча аяктаган (бакалавр);

·   2001-жылы «эл аралык укук» кесиби боюнча магистр даражасын алган.

Эмгек ишмердүүлүгү

·   1998-  КР Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүнүн башкы башкармалыгынын атташеси;

·   2001-2003- КР ТИМ КМШ башкы башкармалыгынын үчүнчү жана экинчи катчысы;

·   2003-2005-  КР ТИМ КМШ башкы башкармалыгынын биринчи катчысы;

·   2005-2008-  КР Өзбекстандагы биринчи катчысы, КР Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу аманатталганы;

·   2008-  КР ТИМ КМШ көп тараптык кызматташуу Департаментинин жетекчиси;

·   2008-2010-  Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинин  кеңешчиси;

·   2011-  КР президентинин тышкы саясат жана протокол бөлүмүнүн эксперти;

·   2011-  КР президентинин аппаратынын тышкы саясат жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

·   2012- 2016-  Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси;

·   2016-2018-  Кыргызстандын Жапониядагы элчиси.

2018-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын III даражасындагы кеңешчиси. Адамдын коопсуздугу жана тынчтыкка каршы кылмыштар, эл аралык жана кылмыш укугу боюнча 10дон ашуун илимий макалалардын автору.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине